Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

Ооздуксуз бачабаздык


Быйылкы тогуз айдын ичинде 116 жашына жете элек бала зордукталды. Анын 67си - 10 жашка чыга элек балдар.

Кыргызстанда педофилия же болбосо бачабаздык окуялары боюнча Башкы прокуратуранын маалыматы уккан адамдын үрөйүн учурбай койбосо керек.

Маселен, 2010-жылы бала зордуктоо боюнча 75 факт, 2011-жылы – 80, ал эми быйылкы тогуз айдын ичинде 116га жеткен. Балдар укугун коргогон бейөкмөт уюмдар билинбей калган окуялар да аз эмес экенин белгилөөдө.

Башкы прокуратуранын Балдар укугун коргоону көзөмөлдөө бөлүм башчысы Нина Устинованын айтымында, бул сандар Ички иштер, Социалдык коргоо, Билим берүү, Саламаттыкты сактоо министрликтердин жана жергиликтүү бийликтердин балдарды коргоо иши төмөн болуп жатканын көрсөтөт.

- Бул жылы балдарга карата 116 зордуктоо фактысы катталды. Анын 67си 10 жашка чыга элек балдарга карата болду. Эмне үчүн быйыл биз муну өзгөчө белгилеп жатабыз? Анткени буга чейин бул сан кыйла аз болчу. Негизи эле педофилия боюнча зордуктоолордун көбөйүшү бизди кооптондуруп жатат. Биз мыйзамдарды аткаруу боюнча мамлекеттик органдарда текшерүүнү жүргүзгөндө, алар жакшы иштебей жатканын байкадык. Ошол үчүн бул сандар өсүп атат.

Кыздардан тышкары балдар да бачабаздардын курмандыктары болуп жатканын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү белгилешти.

ИИМдин Жашына жете элек балдардын иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Мүзүрбек Картаңов балдарды зордуктаган кылмышкерлердин көбү чоочун адамдар экенин, бирок алардын арасында туугандары, кошуналары жана ата-энелердин достору да бар экенин белгиледи.

- Биз тараптан чара көрүлүп жатат. Балдардын жыныстык эркиндигине каршы кылмышка барган кишилердин жоопкерчилигин күчөтүү боюнча жакында эле министрлик менен мыйзам долбоору каралып, азыр Жогорку Кеңештин кароосунда турат. Балдарга мектеп администрациялары менен бирге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Балдарга кеңеш катары китепче жибергенбиз, ал жерде "жалгыз жүрбө, чоочун киши менен сүйлөшпө, лифтке жалгыз түшпө, эгер бирөө кокустан чакырып жатса, жаныңдагылардан жардам сура" деп жазылган. Ошолорду таркатып бергенбиз.

Картаңов СССР убагында жана эгемендиктин башында бул көрүнүш сейрек болгонун кошумчалай кетти.

Балдардын укугун коргоп келаткан бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү статистиканын өсүшүнүн себебин бир четинен тартип коргоо органдарынын ачыктыгы жана ишинин эффективдүүлүгү менен, экинчиси, калк арасындагы билимдин төмөндүгү менен байланыштырат.

Сөз Балдар укугун коргоо боюнча бейөкмөттөр ассоциациясынын юристи Мирлан Медетовдо.

- Мындай кылмыш иштер кээ бир учурда жабылып да калат, анткени жабыр тарткан баланын ата-энеси менен зордуктагандын тарабы сүйлөшүп алат, акча берип. Педофилия шаарларда жогору, анткени ал жерде эл көп, бирок айылдарда деле бар. Чоң-чоң шаарларда кылмыштар тергелип, ачылып жатканын белгилей кетишибиз керек. Анткени айылдарда бирин бири тааныйт, милиция кызматкерлери зордуктаган кишинин тарабында туруп, карабай коюушу мүмкүн. Андан сырткары айылдарда ата-эне "балам зордукталды" деп арыз жазгандан уялып, "эл эмне деп айтат, баламды чоңойгондо шылдыңдайт" деп, мындай фактылар жашыруун калууда.

Башкы прокуратуранын демилгеси менен жашы жете элек балдардын көйгөйлөрү мамлекеттик, бейөкмөт жана эл аралык уюмдар менен бирге форумда талкууланды. Жогорку Кеңеште бачабаздарды кастрациялоо же бычуу боюнча радикалдык сунуштар айтылууда.

2012-жылы жашы жете элек балдарга карата 951 кылмыш катталса, анын 116ы бачабаздык фактысы. 116 окуянын 67исинде он жашка чейинки жеткинчектер болгон. Баарыбыз ойлоно турган сан эмеспи, туурабы?
XS
SM
MD
LG