Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:37

Ошто чагымчыл аракеттер тергеле баштады


Аянттагы митингге келген атчандар, Ош, 15-январь, 2014
Аянттагы митингге келген атчандар, Ош, 15-январь, 2014

Ош шаарынын мэрлигине талапкер Мелис Мырзакматовду колдоо митинги учурунда милиция кызматкерлерине зомбулук көрсөтүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Ошондой эле бейбаштык фактысынын негизинде митинг учурунда мамлекет башчысы Атамбаевдин сүрөтүн өрттөгөн жаранга карата кылмыш иши ачылды.

ШИИБ: Он алты милиция кызматкери жабыркады

15-январда Ош шаарынын мэрин шайлоо учурунда талапкер Мырзакматовду колдоп аянтка келгендердин арасында чагымчыл аракеттерге барган топ байкалган. Алардын айрымдары Мырзакматовдун мэрликке өтпөй калышына байланыштуу тартип сактоо органдарына карата күч колдонгон фактылар катталган. Анын натыйжасында, шаардын борбордук аянтында коомдук тартипти көзөмөлдөп турган милициянын 16 кызматкери жабыркаган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков учурда бул иш боюнча кылмыш иши ачылганын билдирди:

- Азыр бардыгы такталып жатат. Кечээ алты милиция кызматкери жабыркады деди эле бүгүн жабыркагандардын саны он алты адам экени белгилүү болду. Экөөнүн абалы оор. Аларды сүйрөп барып ур-тепкиге алышкан экен. Жараат алгандардын бири 3-шаардык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы, полковник Кудушев. Экинчиси - Кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Таалай Нурбаев. Бул фактылар боюнча милиция кызматкерине зомбулук көрсөтүү жана бейбаштык беренелери боюнча иш козголду.

Сүрөттөн “өч алган” полковник

Ошол эле учурда нааразылык митинги учурунда президент Атамбаевдин портрети өрттөлгөн. Мамлекет башчысынын портретин Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы, полковник Абдылда Капаров өрттөп, муну менен ал президенттин кызматтан кетишин талап кыларын билдирген. 2005-2010-жылдагы элдик толкундоолор учурунда мурдагы президенттер Акаев менен Бакиевдин сүрөттөрүн өрттөгөн Абдылда Капаров коомчулукка ыңкылапчы катары таанымал.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев аталган факт боюнча бейбашчылык беренесинин негизинде иш иликтенип жатканын айтты:

- Жалпысынан мына ошол бейбаштык беренесинин негизинде иш ачылды. Анын алкагында жанагы видеотасмага түшүп, интернетке жарыяланган материалдар бар. Прокуратура материалдарды иликтеп чыккандан кийин кылмыш иштери өз-өзүнчө беренелер боюнча бөлүнүшү мүмкүн.

“Улуттар биримдиги”: Чагымчыл топтун партияга тиешеси жок

Митинг учурунда Ош шаарынын мэрлигине талапкер Мырзакматов өзүнүн жактоочуларын чагымга алдырбоого, башаламандыкка жол бербөөгө үндөгөн болчу. Ошол эле кезде анын талапкерлигин мэрликке көрсөткөн “Улуттар биримдиги” партиясы шаардын борбордук аянтында милицияга таш аткан топтун аларга тиешеси жоктугу боюнча билдирүү тараткан.

Мелис Мырзакматов митинг учурунда
Мелис Мырзакматов митинг учурунда
“Улуттар биримдиги” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Рустам Мырзаматов бул боюнча:

- Биздин партиянын жана биздин партияны жактоочулардын аталган ишке эч кандай тиешеси жок. Кылмыш иши козголгон болсо, мына ошого катышы бар адамдар мыйзамдын чегинде жазасын алууга тийиш,- деп билдирди.

Ош шаарына жаңы мэр шайланган соң мэрияда иштеген “Улуттар биримдиги” партиясынын мүчөлөрү бүгүн кызматтарынан өз ыктыяры менен кетүү боюнча арыз бергени белгилүү болду. 15-январда Ош шаарынын мэрин шайлоого карата утулган талапкер Мырзакматовдун жактоочулары нааразылык акциясына чыгып, милицияга бир аз каршылык көрсөтүү аракеттеринен кийин тарап кетишкен болчу.

Оштогу митинг

Оштогу мэр шайлоо
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:01:52 0:00

XS
SM
MD
LG