Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Ош: депутаттарды кооптонткон баракчалар


Ош шаарынан бир көрүнүш, 10-декабрь, 2013.
Ош шаарынан бир көрүнүш, 10-декабрь, 2013.

Ошто мэр шайлоо алдында өзбек тектүү депутаттардын сүрөттөрүн жана алардын дайын-даректери жазылган баракчаларды белгисиз адамдар көчөлөргө илип кетип жатышат.

Бул ишти милиция текшерүүгө алды. Бирок адистер бул мэр шайлоонун алдындагы азчылык улут өкүлдөрүнөн чыккан депутаттарга карата психологиялык басым экенин жоромолдошууда.

Депутаттардын дайын-дареги кимге керек?

Ош шаардык кеңешинде КСДП партиясынан депутат болуп отурган Шафкат Кенжебаев бул баракчаларды тараткандардын максаты эч түшүнүксүз болуп жатканын билдирүүдө. Анын айтымында, кагаздарда шаардык кеңештеги өзбек тектүү депутаттардын бардыгынын сүрөттөрү жана үй даректери жазылган:

- Мага алгач шайлоочуларым телефон чалып айтышты. “Сиздин сүрөтүңүз, үй-даректериңиз жазылган баракчаларды таратып жүрөт” дешти. Барып бирөөнү көрсөм чын эле ошондой экен. Бир эле мен эмес, шаардык кеңештеги башка өзбек депутаттарынын да сүрөттөрү бар экен. Алар мэриядагы тактайчада тартылган сүрөттөрдөн тартылып алынганы көрүнүп турат. Анан ксерокөчүрмөдөн чыгарылыптыр. Бардык депутаттардын сүрөттөрүнүн артында алардын үйлөрүнүн даректери да жазылган экен. Меники да жашаган жериме чейин көрсөтүлүптүр. Мен мындан коркуп, чочулаган жокмун, бирок баары бир бул нерсе неге жасалганы мага караңгы болуп турат.

Баракчалар шаардын бир катар райондорунда таратылган. Кээ бир жерлерде аны колмо-кол берип, айрым жерлерге жабыштырып кетишкени айтылууда.
Менин жашаган жеримди, менин сүрөтүмдү таркатып атышса мен кантип кабатыр болбойм. Чынын айтканда мен коркуп турам.
Аманулло Иминов

Шаардык кеңеште 8 өзбек тектүү депутат болсо баракчада алардын баарынын дайын-дареги жазылган. Бирок алар ар кимиси ар башка фракцияда.

“Улуттар биримдиги” фракциясынын депутаты Аманулло Иминов бул окуя өзбек тектүү депутаттарды кооптонтуп атканын айтууда:

- Эмне үчүн бул сүрөттөрдү, даректерди таркатып атышат? Мен такыр түшүнбөдүм. Бул нерсе шайлоого байланыштуубу, же бир биздин жеке иштерибизге байланыштуубу - белгисиз бойдон калып жатат. Менин жашаган жеримди, менин сүрөтүмдү таркатып атышса мен кантип кабатыр болбойм. Чынын айтканда мен коркуп турам. Муну бир нерсеге байланыштырып, мындай себептен болуп атат деп айткандан да корком, аны жашырыштын не кереги бар. Мен эле эмес дайын-дареги таркап кеткен депутаттардын баары эле кыжаалат. Ошону үчүн укук коргоо органдары бул маселени дыкат текшерип көрүшсө жакшы болот эле.

Бирок учурда баракчалардын баарын күч органдары алып салышты. Ишти милиция иликтөөгө алды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков буларга токтолду:

- Чапталган баракчаларды биз далил буюм катары алып салдык. Биз бул баракчаларды таратууну депутаттарга карата шайлоо алдындагы психологиялык басым жасоо катары кабыл алып, азыр аны иликтеп жатабыз. Оперативдик топ баарын тактап жатат. Эми бул ар кандай болушу мүмкүн. Муну сөзсүз түрдө эле атаандаш тараптар жасабашы мүмкүн. Балким муну алардын сырткаркы эле бир үчүнчү жак уюштуруп аткандыр.


Атаандаштардын амалыбы?


Ал эми жергиликтүү серепчи Төлөгөн Келдибаев бул инцидент азчылык улут өкүлдөрүнөн чыккан депутаттарга карата ачык эле коркутуу экенин белгилөөдө:

- Бул шайлоонун алдында уюшулуп жаткан саясий оюндардын бир чети эле. Балким жүздөн биридир. Табигый түрдө алганда деле муну эки атаандаштын бирөөсү уюштурду деп кабылдасак болот. Бирок аны билдирбөө үчүн өзбек тектүү депутаттардын баарын фракциясына, партиясына карабай жазып коюшкан. Анткени шек санабоо үчүн. А аны таркатуунун максаты болсо ошол депутаттарды “биздин адамды шайлагыла, шайлабасаңар башкача сүйлөшөбүз, биз силердин жашаган жайыңарды билебиз” деген коркутуу болуп атат. А кимди шайлагыла деп аткандарын өзбек тектүү депутаттар өздөрү билишет. Ансыз деле азыр депутаттар арасында, фракциялар ичинде бири-бирин өз тарабына тартып кетүү аракеттери жең ичинен жүрүп жатат. Бири-бирине касам ичип, бири-биринен ант алып атышкандары да жашыруун эмес.
Азыр баягы соодалашмай, кызмат бермей, акча сунуштамай процесси бүтүп, эң акыркы чара – коркутуу чарасы калды.
Төлөгөн Келдибаев

Келдибаевдин пикиринче, муну ким уюштурса да терсби, оңбу баары бир шайлоо алдында кандайдыр бир реакция жаратты:

- Эгерде дагы ушинтип өзбек депутаттарынын сүрөттөрүн чыгарып, даректерин таркатып, коркута беришсе булар телефондорун өчүрүп, шайлоого жакын "жоголуп" кетиши да мүмкүн. Жоголуп кетти дегенде, өздөрү, же үй-бүлөсүн алып качып кетиши мүмкүн. Болбосо “ме, сага” деп мандаттарын тапшырып салышат. Себеби алар талапкерлерди кайсынысын шайласа да анын арты баары бир жакшылык алып келбешин билип атышат. Азыр баягы соодалашмай, кызмат бермей, акча сунуштамай процесси бүтүп, эң акыркы чара – коркутуу чарасы калды. Эми анысы бир “жемишин” берет. Бирок дагы айтам, муну кайсы тарап жасап жатканы мага белгисиз.

Шаар мэрин шайлоонун алдында ар кандай саясий оюндар орун алаары буга чейин эле айтылып келген. Шайлоо учурунда да ар кандай акциялар өткөрүлөөрү белгилүү болуп калды. Муну Ош шаар мэринин милдетин аткаруучу Алымжан Байгазаков мэриянын аппараттык жыйынында тастыктады:

- 15-январдагы чоң саясий иш-чара – Ош шаарынын мэрин шайлоо орчундуураак болушу мүмкүн. Бизге түшкөн маалыматтарга таянсак, эл тынчтык митингине чыгышы ыктымал. Бирок эч кандай ызы-чууга алдырбайт, жөн гана пикир айтуу үчүн чогулат деген маалыматтарды күч органдары тарабынан да, башка жактардан да алдык. Ошентсе да шаардын коопсуздугун карап, тополоң кылдырбай, аларды тынч узатып коюу биздин милдет.

Ош шаарынын мэрин шайлоо 15-январга белгиленген. Ага талапкер катары Мелис Мырзакматов жана Айтмамат Кадырбаев катталган. Аларды шаардык кеңештин депутаттары шайлайт.

Ош шаардык кеңешинде 45 депутат бар. Анын 23ү көпчүлүк коалицияга, тагыраагы “Ата Мекен”, КСДП, “Республика”, “Адилеттүү Кыргызстан” жана “Замандаш” фракцияларына караштуу. Ал эми оппозициялык блокто 22 депутаты менен “Улуттар биримдиги” жана КЭДП (НДПК) фракциялары бар.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG