Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Мырзакматов: Качкан да, кууган да шайлоого барат


Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматов “Азаттыкка” эксклюзивдүү маек куруп, Бакиевдер менен биргеликте Ошто башаламандык уюштурууга камынууда деген каңырыш кептерди четке какты.

"Азаттык": Ош шаардык кеңештин акыркы отурумунда коалициялык көпчүлүк өзгөрүп, сиз лидерлик кылган “Улуттар биримдиги” партиясы азчылыкта калды. Муну менен Мелис Мырзакматовдун кайрадан мэр болууга мүмкүнчүлүгү төмөндөдү деп жаткандар да бар. Сиз өзүңүз кайрадан мэр болууга мүмкүнчүлүгүм бар деп ойлойсузбу?

Мырзакматов: Биринчи кезекте бүт Кыргызстандын элин жаңы жылы менен куттуктап, тынчтык, токчулук каалап кетмекчимин. Экинчиден, мен ал шайлоого жаран катары катышууга укугум бар. Кимдин канча мүмкүнчүлүгү барын пешене билет. Качкан да, кууган да кудай дегендей шайлоого барабыз.

“Азаттык”: Айрым массалык маалымат каражаттары 8-декабрда Бакиевдерден акча алганыңыз, массалык башаламандык даярдап жатканыңыз тууралуу жазышты. Буга жоопту өз оозуңуздан уксак?

Мырзакматов: Эми билесиз да, мындан бир канча күн мурда дагы “Юпигейт” деген спектаклди коюшкан. Бул ошонун уландысы деп ойлойм. Тескерисинче, бул жактагы карапайым калк ошол Бакиевдердин желдеттери менен күрөшүп жатат.

Кыргызстандын коомчулугу Ошко келип, кечээ Жаныш Бакиевге кызмат кылган адамдар бүгүн Атамбаевге кантип кызмат кылып атканын, аларга каршы карапайым элдин күрөш жүрүп жатканын көрүп кетишсе болот эле. Эми мамлекетти түндүктү түштүккө каршы коюп башкарууга болбойт. Булар “бөлүп алып, башкара бер” деген эзелки философия менен жашап атышат окшойт. Мен айтаар элем, бизге бириктирип анан башкарган жетишпей атат. Жалган маалыматты болсо өкмөтчүл маалымат каражаттары таркатууда.

“Азаттык”: Мырзакматов китебин чыгарыш үчүн бюджеттен 500 миң сом бөлдүрүп алыптыр деп да жазып чыгышпадыбы.

Мырзакматов: “Жеке каражатыма чыгардым деди эле” деп жазып чыгышпадыбы. Бул туура эмес. Китептин кыргызчасы шаардык кеңештин депутаттары аркылуу бөлүнгөн акчага чыккан. Орусча жана англисче варианты үчүн жеке каражатымды жумшагам.

Экинчиден, ал жеке Мырзакматовдун китеби эмес, июнь коогалаңын чагылдырган ошол убактагы жападан жалгыз чыгарма болгон. Китепти дүйнөнүн бардык китепканаларына койдурганга аракет кылып жатабыз. Эмне дегенде ал кыргыз журтчулугун таш дооруна такап, геноцид кылды деп жазып аткандарга каршы Кыргызстандын намысын коргогон китеп.

“Азаттык”: Мелис мырза, мэрликтен кеткенден бери бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзүп көрдүңүзбү? Мисалы, жакында эле өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Ошко барды, балким сиз менен жолуккандыр?

Мырзакматов: Өкмөт башчынын Ошко эмне себептен келип кеткенин мен билбейм. Негизи эле азыркы бийликте диалог жок. Мисалы, жарым жылдан бери нааразылык көргөзүп аткан саруулуктарга же өкмөт башчы, же анын орун басарлары, же жогорку даражадагы бир чиновник барып ал-акыбалын сураганга жараган жок. Күчкө таянып, мыйзам бузуу менен өз максаттарына жетүүнү пландап алышкан экен. Элдин пикирин укпаган мамлекетте жакшылык болбойт.

“Азаттык”: Шаардык кеңеште сизге добуш берилбесин билип, ага кворум болтурбай шаардык кеңешти таратып жиберүү ыктымал деген божомолдор айтылып жатпайбы...

Мырзакматов: Депутат деген жаш бала эмес. Ар бир депутаттын өз көз карашы бар. Эгер ушундай зордукчул саясат уланып, коркутуп-үркүтүү боло берсе, ал жагын биздин саясий партиянын кеңеши чечет.

“Азаттык”: Шаардык кеңеш жаңы коалиция түзүлгөндөн кийин мэриянын ишин канааттандыраарлык эмес деп тапты. Чын эле сиз иштеп атканда кемчиликтер көп болгонбу?

Мырзакматов: Бул тек гана сокурлук. Мэриянын тогуз айлык ишин 10 мүнөттө жокко чыгарып койгон туура эмес. Экинчиден, "кайсы пункттар боюнча нааразысыңар?",- десе бири дагы айта албай койду. Жөн гана жогору жактан буйрук болгону көрүнүп турат, ошону гана аткарышты.

“Азаттык”: Шайлоодо утулуп калсаңыз элди көчөгө чыгарасызбы же күрөштүн башка жолун тандайсызбы?

Мырзакматов: Мен эч качан элди көчөгө чыгарган эмесмин. Эл өзү чыгып келген. Азыркы бийликтен айырмаланып акча таратып же башка нерсе кылган эмесмин. Менин талапкерлерим, менин партиялаштарым өздөрү чыгып, нааразылык пикирлерин айтып келген.

Биз парламентардык, демократиялуу өлкөбүз деп айтып келебиз. Конституцияда "ар бир жаран тынч митингге чыгып, өзүнүн ой-пикирин билдирүүгө укуктуу" деп жазылып турат. Бийлик боз үйлөрдү сындырып, атты башка чаптырып, келген элди таратып жатат. Бакиев убагында өздөрү бийликке кантип келди эле? Аны тез эле эсинен чыгарып коюшту. Митингдер мыйзамдуу көрүнүш, эмнегедир бийлик элди ошол мыйзамдуу укугунан ажыраткысы келип атат.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG