Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:25

Ош шаардык кеңеши жаңы төрага шайлады


Улан Примов төрагалыкка шайлангандан кийин. Ош, 8-январь, 2014.
Улан Примов төрагалыкка шайлангандан кийин. Ош, 8-январь, 2014.

Ошто “Республика” фракциясынын депутаты Улан Примов шаардык кеңештин төрагалыгына шайланды.

Сессияга “Улуттар биримдиги” жана КЭДП фракцияларынын депутаттары келген жок. Алар мунун себебин да ачык билдиришпеди. Байкоочулар бул аракеттер шаарга жаңы бийлик алып келүүнүн алгачкы кадамдары экенин белгилеп жатышат.

Шаардык кеңештин кезексиз сессиясына учурда оппозицияда калган “Улуттар биримдиги” жана КЭДП фракцияларынан бир да депутат катышкан жок. Бирок регламентте 23 адам катышса “кворум болот” деп саналгандыктан, депутаттар сессияда сунушталган Улан Примовдун талапкерлигин бир добуштан колдошту.

Депутаттардын ичинен түзүлгөн шайлоо комиссиясынын өкүлү Жапар Ормонов добуш берүүнүн жыйынтыгын мындайча таныштырды:

- Ош шаардык кеңешинин төрагасын шайлоого даярдалган бюллетендердин саны 45, анын ичинен шайлоого катышкан депутаттардын саны 23, депутаттарга таратылган бюллетендердин саны 23, урнадан чыккан бюллетендердин саны 23. Улан Бердибаевичке макул деп берген депутаттардын саны 23, каршы жок, калыс жок. Эсептөөлөрдүн жыйынтыгында, Примов Улан Бердибаевич Ош шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды деп эсептелсин.

“Акыйкат жана ынтымак” коалициясы тарабынан сунушталып, төрага болуп шайланган Улан Примов шаардык кеңештин эки жолку чакырылышында депутат болгон. Ош коомчулугуна жеке ишкер катары белгилүү. “Ош пирим” аттуу фирмасы аркылуу ал негизинен көмүр бизнеси менен алектенет.

Жаңы кызматка ал жаңы план-сунуштар менен келгенин айтты:

- Биздин эң негизги максатыбыз келе жаткан, 15-январга белгиленген Ош шаар башчысын шайлоону тынч, мыйзам чегинде өткөрүү. Андан кийин шаарыбыздын өсүп-өнүгүшүнө, мындан аркы жашоосуна жаңы дем, жаңы импульс беребиз деген көпчүлүк коалициянын жакшы демилгеси, программасы, күч-аракеттери бар. Биз ошонун үстүндө иштейбиз.

Шаардык кеңештин кезексиз сессиясына келбей койгон “Улуттар биримдиги” жана КЭДП депутаттары сессияга кечигип калышканын айрым маалымат каражаттары аркылуу билдиришти. Бирок ошентсе да бул кадамынын себебин ачык айтышкан жок. Бирок алар жаңы төрага шайлоо мыйзамсыз өттү деген пикирди карманууда.

“Улуттар биримдиги” партиясынын лидери Мелис Мырзакматов мэрлик шайлоо үчүн тил сынагын тапшыргандан кийин мындай деди:

- Ош шаардык кеңешинин регламентинде “шаардык кеңештин төрагасы кезексиз жыйында эмес, кезектеги отурумда гана шайланышы керек” деп так көрсөтүлгөн. Булар бүгүн кезексиз жыйында төраганы шайлап коюшту. Башкача айтканда, бул мыйзам бузуу болуп саналат.

Шаардык кеңештин мурдагы төрагасы Таалай Сабиров жаңы жыл алдында өкмөттүн алдындагы архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин төрага орун басары болуп дайындалган. Ал “Улуттар биримдиги” партиясында болчу.

Төрагалыкты тапшыра электе Сабиров “Азаттыкка” мындай деген эле:

- Шайлоодо кимге ким добуш берет ал Кудайдан. Шайлоо кандай болоору азырынча белгисиз. Шайлоодо мен жөнөкөй шайлоочу катары гана катышам. Башкаларга жооп бербейм, бирок мен өзүм кимге добуш берээримди жакшы билем. Биздин “Улуттар биримдиги” партиясы сөз жок Мелис Мырзакматовду алып чыгабыз.

Бирок Таалайбек Сабиров башка кызматка которулушу менен мандатын тапшырып берди. Анын ордуна ошол эле партиянын тизмесиндеги кийинки адам келээри белгилүү. Ошентсе да Сабировду “Улуттар биримдигин” сатып кетти” деп айыптагандар арбын.

Ага карабай Мырзакматов журналисттерге мындай деди:

- Таалайбек Сабировдун аталган кызматка барышы “Улуттар биримдиги” партиясынын саясий кеңешинде каралган. Партия анын бул кызматка барышына каршы болгон жок, тескерисинче колдоо көргөздү.

Канткен менен шаардык кеңештин төрагасын алмаштыруу мэрди шайлоодо чоң мааниге ээ болчудай.

Жергиликтүү серепчи Төлөгөн Келдибаев бул жерде соодалашуу болду деп эсептейт:

- Таалайбек Сабиров борбордук бийлик менен соодалашууга барды. “Улуттар биримдиги” партиясынын мүчөлүгүнөн чыгып, мандатынан, шаардык кеңештин төрагалыгынан баш тартканы үчүн буга ушул чоң кызматты беришти. Мындайча айтканда, ал ызы-чуусуз эле жаңы төрага шайлаганга ыңгай жаратып берди. Бир чети Сабиров ал кызматка барбай койсо, баарынан куржалак калаарын түшүндү. А азыркы көпчүлүк коалиция болсо, шаардык кеңештин төрагасын алууга кызыкдар эле. Алар бир эле ал жерди эмес, мэрди дагы, жада калса мэрдин катчысын, кароолчусун, керек болсо шоопуруна чейин алмаштырганга кызыкдар. А шаардык кеңештин төрагасы кызматы бул эртең мэрди шайлоодо өтө чоң роль ойноп берет.

Ош шаарынын мэрин шайлоо 15-январга белгиленген. Ага талапкер катары азчылык коалиция Мелис Мырзакматовду, көпчүлүк коалиция Айтмамат Кадырбаевди сунуштады.

Ош шаардык кеңешинде 45 депутат бар. Анын 23ү көпчүлүк коалицияга, тагыраагы “Ата Мекен”, КСДП, “Республика”, “Адилеттүү Кыргызстан” жана “Замандаш” фракцияларына тиешелүү. Ал эми оппозициялык блокто “Улуттар биримдиги” жана КЭДП (НДПК) фракциялары бар.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG