Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:12

Сырттан ташылган автоунаалардын жылын аныктап, ага карата бажы төлөмүн чегерүүдөгү схемаларга каршы күрөшүп, беш жылдан бери соттошкон ишкерлер бар.

Алардын бири жеке ишкер Абдыкаар Сыдыков муну акча берүүгө мажбурлоо чарасы катары карап, Кыргызстанда унаанын жылын VIN код аркылуу аныктаган эл аралык стандартты киргизүүгө салым кошту. Бирок бажы кызматы 2012-жылы чыгып, прокуратуранын талабы менен былтыр жокко чыгарылган өкмөт токтомунун негизинде ишкерден бажы төлөмүн айып пулу менен төлөтүп алуу талабын коюп келе жатат. Бажы кызматы токтом күчүн жоготконуна карабастан аны мыйзамдуу деп эсептейт.

Уурусу күчтүү болсо ээсин доого жыгабы?

Жеке ишкер Абдыкаар Сыдыков 2011-жылы “Лексус RX-300” үлгүсүндөгү автоунааны Кыргызстанга алып келген учурда бажыканадан баш айлантма схемага тушуккан. Бажыдагы эксперт унаанын куралган жылын өндүрүштөн чыккан жыл катары белгилеп, ага ылайык ири өлчөмдө бажы төлөмүн чегерген. Бирок буга жеке ишкер каршы болуп, аны сотко берген. Бул автомашинанын VIN кодунда анын запастык бөлүктөрү 1999-жылдын аягында даярдалып, унаа өзү 2000-жылы заводдон чыгарылган мөөнөтү чегилген. Буга АКШнын Кыргызстандагы элчилиги аркылуу “Лексус” компаниясы да тастыктама берген.

Ал жерде жүздөгөн адамдардын машинелери мына ушундай жол менен кармалып, бажыдан ашыкча акча төлөтүп алышкан.
Мавлян Аскарбеков

Жеке ишкер Абдыкаар Сыдыков беш жылдан берки соттошуунун жыйынтыгы тууралуу мындай дейт:

- Бажы кызматы менен соттошуп келе жатам. Бирок бир топ тоскоолдуктарга карабастан мен бул күрөштө жеңишке жеттим деп айта алам. Себеби, бир топ соттук териштирүүлөрдөн соң 338 күндөн кийин мен машинемди бажыканадан чыгарып алдым. Бирок аны чыгарып алгандан кийин уурусу күчтүү болсо ээсин доого жыгат болуп булар мага каршы доомат коюшту. Бажы кызматы 2012-жылы өкмөттөн 573-токтомду чыгартып, ошого такап туруп, менин 2011-жылы келген автоунаамдан 234 миң сом бажы акысы алынбай калган деп кайра сотко беришти.

Эки ача эсеп жүргүзүүнүн эпкини

Буга чейин бажы кызматы автоунаалардын жылын аныктап, бажы төлөмүн чегерүүдө Орусиянын стандартын колдонуп келген. Бирок жеке ишкер Абдыкаар Сыдыковдун арызынын негизинде 2012-жылы 30-апрелде стандартташтыруу борбору аны жокко чыгарып, унаанын жылын жана түзүлүшүн аныктоодогу VIN эл аралык стандартын улуттук стандарт катары кабыл алган. Мына ошондон кийин бажы кызматы унааны каттоодо анын куралган бөлүктөрүнүн мөөнөтүн анын чыгарылган мөөнөтү катары эсепке алган жобону өкмөткө сунуштаган. Ошентип өкмөт 2012-жылы 17-августта автотранспортту тариздөөнү баштапкы календардык жылдан баштап жүргүзүү тартибин бекиткен нускама боюнча токтом кабыл алган. Анын мыйзамсыздыгы боюнча прокуратура бир нече жолу эскертүү берген. Бирок ал жобо жокко чыгарылбай келген.

Мавлян Аскарбеков
Мавлян Аскарбеков

Сырттан келген унаасын бажыдан тарттырып жибергендердин бири Мавлян Аскарбеков бажы кызматы баштапкы позициясынан кайтса арыздангандар көп болорун билип, тырышып келгенин айтты:

- Мына ушул схеманын башында турган бажы кызматкерлери жоопко тартылып, жабыркаган ишкерлерге кенемте төлөнүп берилип же болбосо тартылып алынган машинелери ордуна коюлушу шарт эле. Бирок бул жерде арызданган Сыдыков менен эле Аскарбековдун автоунаалары эмес. Ал жерде жүздөгөн адамдардын машинелери мына ушундай жол менен кармалып, бажыдан ашыкча акча төлөтүп алышкан. Менин автоунаам техникалык паспорту боюнча 2000-жылкы. Бирок бажы кызматкерлери машинең 1999-жылы чыккан деп туруп, далилсиз эле ашыкча бажы төлөмүн чегеришкен. Анын өзүнүн наркынан бажы төлөмү ашып кетип, машине ал жерде жата берип, таланып-тонолуп кетти.

Күчүн жоготкон токтом иштеп жатканда

Анткен менен прокуратуранын жана соттун аныктамаларынын негизинде өкмөт 2012-жылы 17-августта автотранспортту тариздөөнү календардык жылдан баштап жүргүзүү тартибин бекиткен токтому 2015-жылы 10-августта күчүн жоготкон. Бул тууралуу кызыкдар тараптарга Башкы прокуратура 2016-жылы июнь айында гана кабарлаган. Абдыкаар Сыдыков сот муну иштеги жаңы жагдай катары кароодон баш тартканын белгиледи:

- Көрсө, 2015-жылы 5-октябрда Жогорку Сотто бул иш каралып жаткан мезгилде мына ошол мага доо коюп жаткан токтомун өкмөт өзү ага чейин эле жокко чыгарган экен. Жогорку сот ишти бажы кызматынын пайдасына чыгарып салды. Бир топ мезгил өткөндөн кийин Башкы прокуратурага кайрылып, мурда өкмөткө ал жактан жөнөтүлгөн жанагы токтомду жокко чыгаруу боюнча келитирилген өтүнүчкө кандай жооп болгонун сурадым. Мына ошондо гана мага кат жүзүндө аталган токтом мурда эле күчүн жоготконун кабарлап жатышпайбы. Сот учурунда мага бажы кызматынын өкүлү дагы, прокуратура дагы маалымат берген эмес. Анан мен мына ошону көтөрүп алып, ишти жаңы жагдайда кайрадан карап берүүнү сурап, Бишкектин Ленин райондук сотуна даттандым. Бирок ишти кароо мөөнөтү өтүп кетти деген негизде менин арызымды кароодон баш тартылды.

Бажы кызматы ал токтом күчүн жоготконуна карабастан жеке ишкер Абдыкаар Сыдыковдон бажы төлөмүн айып пулу менен кошо төлөтүп алуу боюча талаптаманы жөнөтүүнү токтото элек. Бул маселеге карата бажы кызматынын позициясы дагы эле өзгөрө элек. Түндүк аймагы боюнча бажыкананын автомобилдик тобунун башчысы Дамир Дүйшөнов токтом күчүн жоготконго салынган акча төлөнүшү керек экенин айтты:

- Эгерде мына ошол токтом күчүн жогото элек учурда келген автоунааларга мына ошол бажы төлөмү салынса жана андан бери бир топ убакыт өтүп, анын айып пулу дагы көбөйүп кетсе, анда анын ээси мына ошол кездеги коюлган талап боюнча акчаны төлөп берүүгө милдеттүү. Токтом жокко чыккан күндө дагы мындай жагдайда аталган акча төлөнүшү керек. Анткени мына ошол токтом күчүн жоготконго чейин киргизилген автоунаа үчүн ага мына ошол укуктук ченемдин талаптары жайылтылат.

Бирок ошол эле кезде бажы кызматы өкмөттүн токтому чыга электе, башкача айтканда, 2011-жылы киргизилген автоунаага карата мына ошол ченемге ылайык бажы төлөмү чегерилип, бирок кийин ал токтом күчүн жоготкондон кийин төлөтүп алуу талабы коюлганы канчалык мыйзамдуу деген суроо жоопсуз калды. Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Алтынбек Торутаев өкмөттүн күчүн жоготкон токтомунун негизинде бажы төлөмү менен айып пулду талап кылуу маселесин териштире турган болду. Жеке ишкер Сыдыков бул жагдай боюнча Бишкек шаардык сотуна даттана турганын билдирди. Буга чейин сот иши улам бир тараптын пайдасына чечилип, бир айлампа менен айланып келген эле. Жеке ишкер мурун бажычылардын ишинин мыйзамдуулугун аныктап берүү өтүнүчү менен прокуратура органдарына кайрылган. Башкы прокуратура буга чейин бажы кызматы автомашинанын качан чыкканын аныктоодо мыйзамсыздык бар деп аныктама чыгарган.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG