Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 9-апрель, 2020 Бишкек убактысы 16:25

Митингден кийинки териштирүү башталды


Садыр Жапаровдун тарапташтарынын митингин таратуу учуру. 2-март, 2020-жыл.

Бишкекте 2-марттагы митингден кийинки окуяга байланыштуу башаламандык жана бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча сотко чейинки иштер ачылды.

Бул иштер үчүн шектүү катары парламенттин экс-депутаты, мурдагы билим берүү министри Каныбек Осмоналиев баш болгон митингдин уюштуруучулары камакка алынды.

Коомчулукта «Митингчилерге күч колдонуп, аларды кууп таратууга негиз түзгөн чагым кимдин кызыкчылыгы үчүн уюштурулду?» деген суроо талкууга жем таштады.

Кармалып, кайра коё берилгендер

Ички иштер министрлиги (ИИМ) борбордук Ала-Тоо аянтында 2-мартта абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун бошотулушун талап кылган митинг башаламандыкка айланып, 166 адам Бишкек шаардык милиция бөлүмдөрүнө жеткирилип, көпчүлүгү кайра коё берилгенин кабарлады. ИИМдин басма сөз өкүлү Эрнис Осмонбаев башаламандык боюнча сотко чейинки териштирүү иши ачылганын белгиледи:

Эрнис Осмонбаев.
Эрнис Осмонбаев.

«Тиешелүү тактоо, аныктоо иштеринен кийин милиция бөлүмдөрүнө жеткирилгендердин ичинен 162 жаран үйлөрүнө коё берилди. Ал эми башаламандык боюнча сотко чейинки териштирүү ишинин алкагында төрт жаран кармалып, камакка алынды. Тергөө амалдары жүрүп, эми сот алардын бөгөт чарасын тандайт. Мындан сырткары бул иш боюнча ыкчам иликтөө иштери улантылууда. Бул иштин уюштуруучулары ким экенин, алардын кандай максаттары болгонун иликтеп, териштирип чыгабыз. Митинг башында жакшы эле өтүп жаткан. Аларга эч ким тоскоолдук кылган эмес. Анан аягында анда чогулгандар бирин бири укпай, бери карай басып, милициянын тосмосун бузуп, башаламандык башталып кетти».

УКМК «уюштуруучуларды» тапты

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бул окуяга байланыштуу абактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган митингди алып барган экс-депутат Каныбек Осмоналиев жана азырынча аты-жөнү толук айтылбаган башка дагы бир жаран кармалып, камакка алынганын билдирди. Каныбек Осмоналиев Садыр Жапаровду колдоо кыймылын жетектеп, аталган митингди алып барган.

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов атайын кызмат кармаган бул эки жаран бийликти күч менен басып алуу аракетине байланыштуу шек саналып жатканын белгиледи:

Рахат Сулайманов.
Рахат Сулайманов.

«2-мартта өткөн митингдин уюштуруучуларынын бири, экс-депутат Каныбек Осмоналиев жана аны менен кошо ошол эле митингдин дагы бир катышуучусу «Д.А» аттуу жаран УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кармалгандар Жазык кодексинин 39-беренеси жана 309-беренеси боюнча кылмышка байланыштуу шек саналууда. Бул беренелер бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү болуп эсептелет. Тергөө иштеринин жыйынтыгында бул адамдарга карата жасалган кылмыш тууралуу билдирме берилип, бөгөт чарасы каралат. Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда».

Бийлик позициясын айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков 3-мартта өлкөнүн экономикалык коопсуздук маселелери боюнча бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда чакан курамда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Жыйында президент 2-мартта Бишкекте өткөн митинг тууралуу да сөз сүйлөп, мамлекеттик бийлик өлкөнүн экономикалык коопсуздугун бекемдеп, жарандардын тынч жашоосун камсыз кылууга милдеттүү экенин белгиледи.

«Кечээ милиция кызматкерлери өз милдеттерин толук аткарышты. Алар шаардыктардын тынч жашоого болгон укугун коргоп, шаардагы тартипти камсыз кылышты. Мамлекет башчысы катары дагы бир жолу кайталап айтам - коомдогу тынчтык баарынан жогору турат. Бардык маселелер укуктук талаада чечилет, ультиматум тили кабыл алынбайт. Өлкөдө мыйзамдуулук сакталышы керек», - деди президент Сооронбай Жээнбеков.

«Күчтөн башка ыкма жокпу?»

Буга чейин митингдин уюштуруучулары катары Каныбек Осмоналиев, Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров жана Амангелди Артыков деген адам кармалганы жарыяланган. Борбордук аянтта 2-мартта өткөн митингден кийинки башаламандыкты уюштуруунун артында кандай күчтөр турганын аныктоо жана ага шектүүлөр учурда териштирилип жатканы белгилүү болду.

Бирок саясатчы Жылдызкан Жолдошева эки тарап диалог жүргүзүп, мунасага келе албаган жагдай окуянын курчушуна себеп болгонуна, ал эми ага шыкакчы болгон тарап жоопкерчиликтен сырткары калганына токтолду:

Жылдыз Жолдошева.
Жылдыз Жолдошева.

«Менин бир гана өкүнгөнүм - ушунун бардыгы эки тарап тең бирин бири укпагандыктан келип чыкты. Бир да депутат чыгып койгон жок. Өкмөттөн бирөө да чыкпады. Мисалы, биз депутат болуп жүргөн кезде эмнеге нааразы болуп жатканын сурап, митингге чыккан адамдарды укчу элек. Бийликтен эч ким чыкпаса, нааразы болуп келген эл менен эч ким сүйлөшпөсө, мындай көрүнүштүн арты жаман да. Каныбек Осмоналиев илимпоз адам. Анан мындай ар түрдүү күчтөр чогулган жерлерде, кандай кыйын саясатчы, кандай кыйын модератор болбосун элди башкаруу оңой эмес. Анан калса бул митингде кандайдыр бир радикалдык күчтөр пайда болгонун байкадым. Бул тууралуу мен ачык айттым. Анан ошол радикалдык топтор сыртта эле калып, «Садыр Жапаровду эркиндикке чыгарууну сурагандарды камап салып, ошону менен маселе чечилди» дешсе, анда күч түзүмдөрү чоң жаңылышат».

Ошол эле кезде саясий акцияга көз салган айрым жарандар митингдин уюштуруучулары ар кимге эле микрофон берип, аны толук көзөмөлдөй албай калганын, ачууга алдырган кээ бир топтор радикалдуу чакырыктар менен чыкканын байкашкан.

Таш ыргытууну ким баштады?

Митингдин аягында айрым адамдар Жогорку Кеңешти көздөй барууга үндөп, чогулгандарга чагым салганы белгилүү болгон. Блогер Эрнис Жээнтаев митингди кууп таратууга негиз болгон андан аркы чагымчыл аракеттерге көз салганын айтып берди:

Жарандык кийим кийген адамдар, кызматкерлерби же кимдер экени белгисиз... Ошол адамдар чагымды баштап жиберишти.

«Жогорку Кеңештин маңдайында тротуар мурда эле бузулуп, ага төшөлгөн брусчаткалар талкаланып калган экен. Анан ошол тараптан алгачкы таштар ыргытыла баштады. Жарандык кийим кийген адамдар, кызматкерлерби же кимдер экени белгисиз... Ошол адамдар чагымды баштап жиберишти. Видео тасманы дагы кийин көрүп отурсам, милиция андагы элди кууп тараткан соң жалаң милиция кызматкерлери көчөлөрдү карап кыдырып жүрүштү. Ошолор менен катар эле, колдоруна таш көтөрүп алган 4-5 жарандык кийимчен жигиттер басып баратышканы тасмада жүрөт. Милиция кызматкерлери аларды көрүп туруп, бирок унчукпай эле кетип баратышат. Мен ошол жерден шек санап калдым. Демек, алар өздөрү тааныган эле адамдар экен деп калдым. Алар биринчи милицияга таш ыргытып коюшту. Андан кийин милиция элди кууганда алар менен кошо кууп туруп, кийин милиция менен бирге көчөлөрдү аралап басып баратышты».

Ал эми ички иштер органдары чагым митингчилер тараптан болгонун, алар Жогорку Кеңешти көздөй милициянын тосмосун бузуп өтүүгө аракет кылган учурда күч колдонулганын жүйө келтиришкен.

Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов митингчилерге таш ыргыткан чагымчыл фактылар аныкталса, аларга чара көрүлө турганын билдирген:

Мирлан Каниметов.
Мирлан Каниметов.

«Андай фактылар болгон жок. Андай фактыларды каяктан алып айтып жатасыңар? Ким таш ыргытты? Андай болгон жок. Тарттыңарбы? Анда бергиле мага. Сиз айтып жатпайсызбы, «таш ыргытты, биз тарттык» деп. Ошону берсеңиз. Биз тиешелүү чара көрөбүз».

Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы 2-марттагы митинг башаламандыкка айланып, милиция менен митингчилердин кагылышынан 20дан ашуун адам жабыркаганы жарыяланды. Алардын үчөө жайкын жарандар, калганы милиция кызматкерлери экенин Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Алгачкы медициналык жардамдан соң бир милиция кызматкеринен башкасы үйлөрүнө коё берилген. ИИМ башаламандык учурунда талкаланган мүлк жана келтирилген зыян эсептелип жатканын белгиледи.

Башкы прокуратура Садыр Жапаров мөөнөтүнөн мурда бошотулбай тургандыгын февралдын башында билдирген. Түзөтүү мекемелеринде мыйзамдуулукту көзөмөлдөөчү прокуратуранын прокурору Абай Молдокматов саясатчынын жаза мөөнөтү 2026-жылдын 5-октябрында аяктай турганын билдирип, буларды белгилеген:

«Жазык жана Жазык-аткаруу кодекстеринин 2017-жылдагы редакциясына ылайык соттолгон Садыр Жапаровду жатак абакка которууга же жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууга болбойт».

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон саясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылы кармалган. Былтыр ноябрда Жогорку сот ага 10 жылдык жаза чектеген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (18)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG