Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 9-апрель, 2020 Бишкек убактысы 17:42

Митингге чыккан шектүүлөр камалды


Митингде кармалгандар. 2-март, 2020-жыл.

2-мартта түрмөдө отурган саясатчы Садыр Жапаровду колдогон митинг башаламандык менен коштолду. Алты адам камалды.

Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен өткөн митингдин уюштуруучуларынын бири, экс-депутат Каныбек Осмоналиев жана акциянын активдүү катышуучусу (Д.А.) Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекемеден ырасташкандай, кармалгандар Кылмыш-жаза кодексинин 39-жана 309-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү») менен кылмышка шек саналууда.

Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, аталган адамдарга карата жасалган кылмыш тууралуу билдирме берилип, бөгөт чарасы каралат. Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Мунун алдында УКМК 2-марттагы митингдин уюштуруучулары катары Каныбек Осмоналиев, Сабыр Жапаров, Амангелди Артыков жана башкалар кармалганын билдирген. Жогоруда аты аталгандардан башкасы кайра коё берилген.

Мурдараак Ички иштер министрлиги митингде милиция кызматкерлери 166 жаранды кармашканын, алардын төртөө камакка алынганын кабарлаган.

Күч кызматкерлери митингди кууп таратты

2-мартта Бишкектин Ала-Тоо аянтында митинг өткөргөн Садыр Жапаровдун айрым тарапкерлери менен милиция кечки саат 6дан өткөндө президенттик аппарат жана Жогорку Кеңештин имаратынын жанында, Чүй көчөсүндө кагылыша кетти.

Агрессивдүү маанайдагы митингчилер Ак үйдү көздөй жөнөгөндө милиция алардын алдын тороп чыкты. Ошол учурда эки тарап кагылыша кетип, атайын күчтөр суу чачып, көздөн жаш агызчу газ колдонушту. Ошол учурда митингчилер чыгышты көздөй качышты. Милиция митингчилерди Киев, Тоголок Молдо, Разаков, Орозбеков жана Киев көчөлөрүнө чейин сүрүп барды.

Орозбеков көчөсүнүн кафе-ресторандар жыш жайгашкан аймагында милиция кардарларга, коомдук тамактануучу жайлардын кызматкерлерине сыртка чыкпоону эскертти.

2-марттагы митингдин хронологиясы
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:14 0:00


Митингчилер ыргыткан таштар көчө боюна токтотулган машинелерге тийип, терезелери талкаланып жатканын ошол жерде жүргөн кабарчыбыз маалымдады. Айрымдар автоунааларын коопсуз жакка айдап кетүүгө аракет кылышты.

Бишкектин борбордук аймагында, Ала-Тоо аянтында укук коргоо органдарынын кызматкерлери жүрдү. Милиция Бишкектин тургундарынын коопсуздугу күчөтүлгөн тартипте корголо турганын билдирди.

2-мартта Бишкекте тартип бузулуп, таш ыргытылып, андан автоунаалар, мекеме-ишканалар жабыркады. Милиция бул үчүн түздөн-түз митингдин уюштуруучулары жооп берерин билдирди. ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов журналисттерге мындай маалымат берди:

«Митингде чагым болгону үчүн да алар жооп беришет. Мындан тышкары чыгымдын баарын уюштуруучулар төлөп беришет. Ушул тапта Бишкекте абал туруктуу. Биз ыкчам аракеттерди жүргүзүп жатабыз, чагым салгандарды аныктап, тактап, тиешелүү чара көрөбүз. Түрдүү чагым айтылды, «Акүйдү басып алабыз, бийликти тартып алабыз» деген чакырыктар айтылды. Митингдин катышуучулары аларды башкара албай калышты».

Сеитов канча киши кармалганы тууралуу так маалымат жок экенин билдирип, ал боюнча кошумча кабар берилерин айтты. 2-мартта тынч митингди өткөрүүгө саат 13:00дөн 17:00гө чейин гана уруксат берилген. Буга чейин Ала-Тоо аянтында милиция менен кагылыштан соң кеминде 30дан ашык адам кармалганы кабарланган.

Милициянын ичинен жана митингчилердин арасынан канча адам жабыркаганы тууралуу маалымат жок. Сеитов митингге 800дөй киши катышканын белгиледи.

Митингчилер: Бизге бийлик эмес, Жапаровдун боштондугу керек

Өзүн Садыр Жапаровдун колдоочусу катары тааныштырган Элмира Бечелова «Азаттыкка» ушундай пикирин билдирди. Ал 2-мартта митингге бийликти алуу максатында эмес, Садыр Жапаровдун боштондугун талап кылып чыгышканын белгилеп, бийликке нааразылыгын айтты:

«Биз, Садыр Жапаровду колдоочулар, анын боштондугун талап кылып эле чыкканбыз. Төрт жылдан бери акыйкат издеп жүрөбүз. Миллиарддарды жегендер камактан чыгып кетип жатышат да, Садыр Жапаров жок дегенде үй камагына чыгарылбайт. Эмне үчүн бошотулбайт?»

Милициянын эскертүүсү

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында 2-мартка белгиленген митингдин алдында Ички иштер министрлиги (ИИМ) коомчулукка кайрылуу жарыялаган. Милиция түрмөдөгү саясатчы Садыр Жапаровду колдоп, митингге чыккандардын арасында коомдук тартипти бузуп, коопсуздукка коркунуч келтирчүлөр болсо, катуу жазалана турганын эскерткен.

Ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Эрнис Осмонбаев күч түзүмдөрү бийликти басып алууга жол бербей турганын белгилеген:

«Кыргызстанда абалдын туруктуулугун бузууга аракет кылгандарга мыйзамдын негизинде катуу чара көрүлүп, күнөөлүүлөр жоопко тартылат. Биз коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылыш үчүн тийиштүү чара көрөбүз. Ал үчүн ыкчам штаб түзүлүп, иш-чаралардын планы даярдалды. Учурда кылмыштуулуктун алдын алууга, коомдук тартипти камсыз кылууга жана өлкөдөгү коомдук-саясий туруктуулукту сактоого багытталган ыкчам алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. ИИМ жеке жана юридикалык жактарды митинг өткөрүүдө мыйзамдуулукту сактоого чакырат. Ар кандай акцияларды мыйзам чегинде өткөрүш керек деп эсептейбиз, демократия менен берилген эркиндикти аша чаап колдонууга болбойт».

2-март, 2020-жыл.
2-март, 2020-жыл.

Буга чейинки митингдерде Садыр Жапаровдун тарапташтары жогорку саясий жетекчиликке сөз тийгизбей, адатта сот бийлигин гана сындап келген. Бирок бул жолу митингде Садыр Жапаровдун тарапташтарынын бири бийликке ишеним калбай калганын, бүгүнкү митингди калыстык издеген жарандар өздөрү уюштурганын белгиледи.

«Бул кыймыл - жүрөктөн чыккан кыймыл. Бул митингди эч ким каржылаган жок. Ар бир адам өзү каржылап келди. Биз жети айдан бери калыстык издеп жүрөбүз. Кайрылбаган жерибиз, каккылабаган эшигибиз калбады. Акыры түңүлгөндө бул жерге чогулдук», - деди митинчилердин бири.

Нааразылардын «маршы»

Журналист Марат Тагаев бийликке нааразы болгон топтор үчүн Садыр Жапаровдун фактору шылтоо гана болушу мүмкүн деп эсептейт. Ал бул тууралуу пикирин «Азаттыкка» митинг жаңы башталып жатканда айтты:

«Бүгүнкү митингди Садыр Жапаровду жактаган күйөрмандарынын гана митинги деп айтпайт элем. Митингге чыкккандардын көбү карапайым адамдар. Булар бир фамилияны бошотууга же бир фамилияга каршы чыккан жок, алар бүгүнкү абалга нааразы, Жапаров буларга жөн гана себеп. Анткени 2005-жылдагы жана 2010-жылдагы элдик ыңкылаптын мүдөөлөрү ишке ашпай калып, ошону ишке ашыра турган улуттук лидерди издеп келишет. Бул адамдар Садыр Жапаров болбосо башка бир адамды лидер тутмак. Анткени учурда көпчүлүктү ынандырган, жол баштаган, топ баштаган лидер жок».

Жапаров тарапаштарынан митингге чыкпоону өтүнүп, түрмөдөн кайрылуу жиберген. Бирок ага карабастан митинг уюштурулду.

Жакында Жапаровду бошотуу кыймылы түзүлүп, анын штаб башчылыгына мурдагы билим берүү министри, экс-депутат Каныбек Осмоналиев шайланган.

Каныбек Осмоналиев митингге чейин нааразылык иш-чараны артында эч кандай саясий күч турбаган "элдик демилге" деп атаган:

«Айылдардан келип, элдик жыйынды уюштуруп, датаны аныктоо былтыр ноябрдын этегинде эле белгиленген. Ошондон кийин Садыр Жапаровду коргоо боюнча элдик кыймыл түзүлүп, элдик кыймылдын штабы митингди уюштуруп, бүгүн аянтка эл чогулду. Бир жума мурун биз митинг өткөрүү боюнча кабарландырыш үчүн Бишкек шаарынын мэриясына кайрылганбыз. Жыйында бир гана маселе - Садыр Жапаровду эркиндикке чыгарууну талап кылуу».

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушунда "саясий жүйө" менен кармалгандарын арасынан жалгыз Садыр Жапаров гана түрмөдө калганы, мунун артында бийликтин кызыкчылыгы турганы айтылып келген. Ал президент Сооронбай Жээнбековдон ырайым сурап, кат да жазган болчу.

Башкы прокуратура Жапаров мөөнөтүнөн мурда бошотулбай тургандыгын февралдын башында билдирген. Түзөтүү мекемелеринде мыйзамдуулукту көзөмөлдөөчү прокуратуранын прокурору Абай Молдокматов саясатчынын жаза мөөнөтү 2026-жылдын 5-октябрында аяктай турганын билдирип, буларды белгилеген:

«Жазык жана Жазык-аткаруу кодекстеринин 2017-жылдагы редакциясына ылайык соттолгон Садыр Жапаровду жатак абакка которууга же жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууга болбойт».

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон саясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылы кармалган. Былтыр ноябрда Жогорку сот ага 10 жылдык жаза чектеген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

  • 16x9 Image

    Кубанычбек Жолдошев

    "Азаттыктын" иликтөө журналисти. Ош мамлекеттик университетин бүтүргөн.

Пикирлерди көрүңүз (39)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG