Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:15

Ажал неге сени тандады?


Сүрөт Бакыт Букаевдин Фейсбуктагы баракчасынан алынды.
Сүрөт Бакыт Букаевдин Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Белгилүү шоумен, тележурналист, алып баруучу Бакыт Букаев киши колдуу болгонуна эки аптадан ашты. Бирок “китебиңизди кармап алып ыйлап отурам” деп жазган социалдык тармактагы күйөрмандарынын жашы кургай элек.

“Сиз менин апамдын кумири болчусуз” деп жазыптыр бир жаш күйөрман Бакыттын интернеттеги баракчасындагы сүрөттөрдүн бирине. Чындыгында эле ошондой болчу. Бакыт 90-жылдардын башында “Жаштык ыры” телесынагын өткөрүп, элге таанылган эле. Стили, тили, жадагалса кийген кийиминен өйдө башкалардан өзгөчөлөнүп турчу.

Сахнада өзүн эркин сезип, жагымдуу маанай тартуулай билчү. Бакыттын 90-жылдардын ортосунда “Кыз-Бурак” тобунун концертин алып барганы дале көз алдымда. Кымча бел бийкечтердин улам бирин колунан жетелей сахнага алып чыгып, тааныштырган сымбаттуу жигиттин өзгөчө кийимине да, өнөрүнө да баары ошондо баа беришкен.

Көп өтпөй “Жаштык ыры” теледолбоору жабылып, ак калпакчан, акжуумал жигит телевизордон көрүнбөй калды. Ошол кезди “Кыз-Бурак” тобунун 37 жылдан берки көркөм жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова мындайча эскерет:

- Мен Бакытты ошол 1989-жылдан тартып жакшы билем. “Жаштык ыры” чын эле чоң долбоор болчу. Ал кезде алып баруучулар саналуу, шоу чөйрөсү деле чектелүү эле. А бул сынак өнөрлүүлөргө дем-күч берген. Үч жылдан кийин эле Бакыт Ошко келип, “Эже, ушул долбоорду бир колдоп бересизби” деп суранып калды. Ош шаардык мэриясына чейин кирип, демөөрчү таап, 1992-жылы “Жаштык ыры” аттуу чоң фестивал өткөргөн элек. Ошондо бул жигиттин жоопкерчилигин, активдүүлүгүн көрүп ыраазы болгом. Такшалып эле калыптыр. Кийин ал долбоор таптакыр жоюлуп кетти. Өзү теледегилер колдобой койду деп жүрдү. Баягы эле чыгып баратканды бутунан тарткан көрө албастык болду да.

Кайда болсо да лидер катары таанылган Бакытты жакындан билгендер анын жайнаган жүзүн, бир адамга жамандык каалабаган ажайып дүйнөсүн, оргуштаган талантын, күнүгө жаңылык издеп, идея таап түйшүктөнгөн, улам бир жаңылыгы менен элди таңгалдыргысы келген башкача инсан катары эскеришет. Бир сынакты алып барабы, тойго тамада болобу же сулууларды чыгарабы кимдир бирөөнүн сөзү жагып калса, ошол таасирден чыгалбай эзилип айтып бергенден тажачу эмес.

Бакыттын өзүнүн берген маегинен бала кезинен эле таанымал болгонун билүүгө болот. 5-классынан тарта балдар гезит-журналына ырларын чыгарып турчу. Орус гезиттерине кабар жазып, 7-класста окуп жүргөндө “жаш кабарчы” наамын алган. Драматург болсом деп эңсеп, Шекспирдин чыгармаларын мектептеги кезден тартып окуган. Бардыгын билүүгө ынтызар, дилгир мүнөзү бар эле. Журналист болом деген тилегин орундатуу үчүн 86-жылдан тартып окуу жайга тапшырып, өтпөй жүрүп, акыры 1991-жылы гана самаган тилегине жетип, Улуттук университеттин журналистика факультетинде окуп калган болчу. Анын көп окуганы, интеллектуалдуу мүнөзү ар бир сүйлөгөн сөзүнөн дагы байкалып турчу.

2003-жылдан тарта Кыргызстанды түрө кыдырып, перилер сынагын өткөрө баштады. Аларды борборго алып келип, жыйынтыктап, анан кайра сымбаттуу жигиттерди күч сынатып, жаны тынчу эмес. Анын бул аракетин көргөндөр: “Ушу сага эмне азап десең? Канчадан бери чарчабай иштеп келесиң. кыргыздын маданий дүйнөсүн көтөрөм деген сенчелик болбос. Эмгегиң кайтса экен”, -деп калышаар эле.

Ал элди көп аралады. “Айылдык кыздарга дем бергим келет” дептир маектеринин биринде да. Кийинки жылы эл аралык сулуулар сынагын өткөрөм, Якутиядан бери кыздарды катыштырам. Анан уулдарыма 70-80-жылдардын стилиндей той өткөрсөм деген кыялдар менен жашаганын айтышты. “Балам Байкөл, атабыз Манас айкөл, Ак шумкардын канаты, Ак калпактын санаты колдо” деген аруу тилектерди баласынын сүрөттөрүнүн астына жазып койчу эле.

- Кечээ жакында эле үйүн ремонт жасаган. “Жеңең келет жакында. Кышында Бишкекте жашап, жаз чыгаар менен кайра кетебиз” деген. Айылга каз-өрдөктөрдү багып, балапан кезинен чоңойтуп келаткан. Жаз алды менен чоң балама сүннөт той, кичинекейине тушоо той өткөрөм. Эшик алдына илгеридей газдалган суу саткан автомат машина коём, 80-жылдагы унааны айдап келгендерге өзүнчө сыйлык берем, дасторконду ошол жылдарды элестеткен тамак-аш менен толтурам деген. Анан “Замандаштар” деген ат менен үчүнчү китебимди чыгарсам деп атам. Бүтүп калды деген эле, - дейт акыркы күндөрүндө чогуу жүрүп калган кесиптеш досунун бири Нурдөөлөт Копоев.

Бакыт күнүмдүк тиричиликти эгерим жогору койбоптур. Атак-даңкын пайдаланып, байлык жыйнайын дебептир. Атургай жеке үйү да жок, өмүрүнүн акырына чейин батирде жашаганын айтышты.

2010-жылдары Айчүрөк Иманалиева тууралуу китебине деле калем акы сурабай жазып бергенин ырчы айым өзү да моюнга алды:

- Китеп бирөөлөр тарабынан башталып, аягына чыкпай токтоп калган. Бакыт ошону “досум, сени менден артык ким билет? Бер, мен эле жазып берем” деп алган. Бат эле жазып бүттү. Акы деле доолаган жок. Достукту баалаган мыкты жигит эле.

Бакыт ушул китептен кийин өзү төрөлүп-өскөн айылы тууралуу “Толкундуу көлдө - Темирим” деген китеп жазган. Кара жанды карч уруп, маданий чөйрөгө бир топ эле салым кошуп койгонун адатыбызча эми көзү өткөндө байкадык.

"Агыны катуу суу болуп келем, сел болуп келем, аласалган унаа болуп келем, миздүү бычак болуп келем, союл болуп келем, акыры бир күнү келем. Бирок баары бир адам менден көрбөйт", - дейт экен ажал. Ошол шум ажал 12-ноябрдын түнүндө Бакытты арабыздан алып кетти. Бир нече жолу бычак жеген дешти. Адам каны коё бербесин айтышат. Андай болсо күнөөлүүлөр эртеби-кечпи кармалып, жазаланары анык. Бирок бүтүндөй бир муунду ыйга салып кеткен Бакыт Букаевдей маңдайы жарык замандашыбыз эми кайрылып келбейт.

Эки күн мурда Бакыт Букаевдин өлүмүнө шектүү жаран кармалды деген кабар тарады. А тургай айрым маалымат сайттары видеого тартып, көргөзүп да жиберишти. Бирок кылмышка шектүү делген жигиттин айткандары көпчүлүккө түкшүмөл ой жаратууда. Эмнеси болсо да тергөө аныгына чыгаар...
  • 16x9 Image

    Карамат Токтобаева

    1998-жылы КМУУнун журналистика факультетин аяктап, 1997-2003-жылы “Асаба”, “Агым” гезиттеринде эмгектенген. Баткен окуясында курман болгондорго арналган “Жоокерлер кушка айланып учуп жүрөт” аттуу эскерүү китептин автору. "Азаттыктын" блоггери, Прага шаарында жашайт.

XS
SM
MD
LG