Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:21

Бажы биримдигине каршылар көбөйдү


Украина -- Бажы биримдигине кирүүгө каршы акциядан бир учур. Днепропетровск, 5-апрель, 2013.
Украина -- Бажы биримдигине кирүүгө каршы акциядан бир учур. Днепропетровск, 5-апрель, 2013.

Социологиялык изилдөөлөр Кыргызстанда Бажы биримдигине кирүүнү жактагандардын саны былтыркыга караганда кыйла кыскарганын көрсөтүүдө.

Ал ортодо Бажы биримдигине кирүү же кирбөө маселесин референдум аркылуу чечүүнү сунуштагандар да чыгып жатат.

Сандар сайрайт


Социологиялык сурамжылоону АКШдагы Gallup институту менен анын Бишкектеги өнөктөшү - социалдык жана маркетинг изилдөөлөрүн жүргүзүүгө адистешкен SIAR консалтинг компаниясы жүргүзгөн. SIAR компаниясынын башкы директору Айнура Сагынбаеванын айтымында, былтыр жүргүзүлгөн изилдөөдө Бажы биримдигине кирүүнү суралгандардын 62 пайызы “толук жана жарым жартылай” колдосо, быйыл “толук жана жарым жартылай” колдогондор 49 пайызды гана түздү.

- Былтыркы сурамжылоого караганда Бажы биримдигине кирбейбиз деген пикирдегилер көбөйгөн. Азыр коомдо бул боюнча көп талкуулар жүрүп жатат. Ошону менен бирге эксперттер да анын пайда-зыянын айтып беришүүдө. Менимче, эл да көбүрөөк маалымат алып, ошого жараша жооп беришти окшойт.


Маселен, Бажы биримдигине кирүүнү жактагандар быйыл 26 пайызды, жарым-жартылай жактагандар 23 пайызды түзгөн. Ал эми 21 пайыз каршы болсо, 14 пайыз жарым-жартылай каршы болгон. Жооп бере албагандар 16 пайызды түзгөн.

2013-жылы болсо Бажы биримдигине кирүүнү жактагандар 33 пайызды, жарым-жартылай жактагандар 29 пайызды түзгөн эле. Каршылар 10 пайыз, жарым-жартылай каршылар 11 пайызды түзсө, жооп бере албагандар 17 пайыз болгон.

Gallup институту 2005-жылдан бери Кыргызстанда жылына эки ирет социалдык, саясий жана экономикалык маселелер боюнча сурамжылоо жүргүзөт. Быйылкы сурамжылоого “Манастагы” Транзиттик борборго жана Орусиянын Канттагы аскер базасына карата көз карашыңыз кандай?” деген сыяктуу бир катар саясий-экономикалык суроолор киргизилген жана ага бардык аймактардан 1,5 миң адам тартылган.

Каршылар неге көбөйдү?

Жаш ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Руслан Акматбек Бажы биримдигине кирүүгө каршы катмардын көбөйүшүн төмөнкүлөрдөн көрөт:

- Бажы биримди боюнча талкуу башталгандан бери өкмөт анын биздин ишкерлерге, жалпы эле өлкөбүзгө алып келе турган пайдасын далилдер менен так көрсөтө албай койду. Экинчиден, Бажы биримдигине мүчө болгон коңшу Казакстандагы окуялар, кыйынчылыктар да таасир этүүдө. Бул жакка келген казак ишкерлери биримдик боюнча терс маанидеги пикирлерин айтып жатышат.


Кыргыз өкмөтү Бажы биримдигине кирүү чечимин кабыл алганы менен ага качан толук кандуу мүчө болору так аныктала элек. Ал ортодо бул маселени референдум аркылуу чечүү сунуштары да чыгууда.

Руслан Акматбек эгер Орусия Кыргызстанды Бажы биримдигине кошуп алууга чындап киришсе, референдумдун жыйынтыктары да алар каалагандай болуп чыгышы мүмкүн деген ойдо:

- Биз эл аралык окуяларды орусиялык маалымат каражаттарынан алабыз. Кааласак-каалабасак да кайсы бир маселеге ошолордун көз карашы менен караганга көнүп калганбыз. Эгер Бажы биримдигине кирбесек, эртең Орусиянын кысымы күчөйт, күйүүчү май кымбаттайт, экономикалык курчоодо калабыз деген коркунучтар үстөмдүк кылып кетип жатат.


Референдум - акыркы чара

Экономист Жумакадыр Акенеев болсо, эртеби-кечпи Кыргызстан Бажы биримдигине мүчө болот деп эсептейт. Анын пикиринде, бул чечимди калктын 70 пайызы колдойт. Акенеев эгер коомдо талаш-тартыш күчөп, Бажы биримдиги боюнча ит жыгылыш абал түзүлсө, анда аны референдумга алып чыгып, көпчүлүктүн колдоосун алуу зарылдыгына токтолду.

- Эгер эл экиге бөлүнө турган болсо, анда сөзсүз референдум өткөрүү керек. Элдин добушун алып, баары элдин каалоосу боюнча болду деп Бажы биримдигине кирүү боюнча чечим чыгартып алса болот. Анда эч ким эч нерсе дей албай калат. Менимче, референдумга коюлса, аны 70 пайыз колдоп берет. Азыр деле колдогондор ошончо. Анткени, Бажы биримдигинин зыянына караганда пайдасы көп экени түшүнүктүү.

Кыргыз өкмөтү учурда Бажы биримдигине кирүү позициясын билдирген программа түзүп жатат. Былтыр декабрда Москвада өткөн жыйында Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү шарттарын тактоо үчүн мөөнөттү узартууну суранган. Бажы биримдиги 2010-жылы түзүлүп, ага учурда Орусия, Беларус жана Казакстан мамлекеттери мүчө.

XS
SM
MD
LG