Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Сомдун куну качты, экономика өстү...


Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын эки айында улуттук ички дүң продукция дээрлик 6% өстү. Бул өсүштү кайсы тармактар камсыздады? Инфляция 1.2% болду деген маалымат канчалык туура?

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Кыргызстандын экономикасы 5.9%, Кумтөрсүз 5.2% өскөнүн Улуттук статистика кызматы маалымдады. Бирок бул өсүш өткөн жылдагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу төмөн. Маселен, 2013-жылдын январь-февраль айында мурунку жылга караганда ички дүң продукция 9.4% өскөн эле.

Бишкекте курулуш дурус жүрүп жатканы байкалат. Статистикалык комитеттин маалыматында, ал тенденция чагылдырылган. Эки ай ичинде негизги капиталга 7.7 млрд. сом инвестиция салынган. Анын басымдуу көпчүлүгү курулуш тармагына багытталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 46% көп дегенди билдирет.

Кыргызстан экономикасында орчундуу орунду ээлеген айыл чарбасы минималдык өсүшкө ээ болгон же 101% өскөн. Ал эми республикада катталган жумушсуздардын саны 4% кыскарып, 59 миң киши болгон. Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев Кыргызстанда жумушсуздардын саны абдан эле көп, бирок алардын 90% көбү катталбайт дейт.

Республикада орточо айлык 11 миң сомго жеткен. Азыркы курс менен эсептегенде бул туура 200 долларды түзөт. Улуттук статистикалык комитеттин эсеби боюнча эки ай ичинде инфляция 1.2% болгон. Бул сан реалдуулуктан алыс деди Айылчы Сарыбаев:

- Алар эмне сомдун курсунун кескин түшкөнүн, баалардын аябай өскөнүн байкабай калыптырбы? Булар тамак сатып жебесе керек... Эгерде тамак сатып жешсе, анда алар баанын көтөрүлгөнүн билет эле. Баа кескин көтөрүлдү. Баа көтөрүлсө, инфляция өстү деген сөз. Анан баа 1.2% эмес, толук 12% өстү.

Чындыгында азык-түлүккө баа 10-20% өскөнү байкалат. Маселен, бир эле кумшекерди алганда ал 45 сомдон 55 сомго чыккан. Бул 20% ашуунга өсүштү билдирет.

Кыргыз экономикасындагы көнүмүш терс көрүнүшкө айланып калган экспорт жана импорттун катышындагы тескери сальдо кыскаруу жолуна түшкөнү байкалбайт. Маселен, январь айында Кыргызстандын жалпы тышкы соодасы 542 млн. долларды түзсө, анын ичинен экспорт 125 млн. доллар гана болгон.

Статистика курулуш тармагы жанданганын көргөзүүдө
Статистика курулуш тармагы жанданганын көргөзүүдө
Экономисттер мындай терс көрүнүштү эмгек мигранттарынын которгон акчасы жана көмүскө экономика кайсы бир деңгээлде жумшартып келатканын белгилеп келатышат. Кыргызстан экспортту көбөйтүү үчүн өндүрүш жагына көңүл бурушу керек деди экономист Улук Кыдырбаев:

- Маселени чечүү үчүн өзүбүздүн ички өндүрүш тармагыбызды өнүктүрүү керек. Ошол эле агросекторду алсак, помидор, алманы бышкан түрүндө гана сатабыз. Ал эми Кытай же Түркияда алманы ар түрдүү жол менен сатат. Мисалы, даяр бышканын, кыям, джем кылып сатат. Кайра иштетүү тармагын биз өнүктүрүшүбүз керек.

Өкмөт экспортту көздөгөн же импорттун ордун толтура турган өндүрүштү жолго салууну көп айтып келатат. Бирок ал сөз бойдон гана калууда. Бул ошол эле экспорттун аздыгы, ал эми импорттун тынымсыз көбөйүүсүнөн көрүнүп турат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG