Линктер

бейшемби, 25-апрель, 2019 Бишкек убактысы 23:52

Өкмөттүн «өгүз өлбөсүн» абалы


Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин 2019-жылы экономикада «чоң секирик» жасоо боюнча дымактуу пландары саясий чөйрөдө талкууланууда.

Премьер-министр парламенттеги башкаруучу коалицияда отчет берип жатып, быйыл алты чоң инвестициялык долбоор ишке кирип, 7,5 миң жаңы жумуш орду түзүлүп, ички дүң өнүмдү 600 млрд. сомго жеткирүү пландалып жатканын жарыялаган болчу.

Парламенттеги айрым депутаттар менен кээ бир эркин экономисттер өкмөт башчысынын буга чейинки убадалары кагазда калып келгенин сынга алышты.

Көрсөткүчтөрдү көтөрүү планы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештеги башкаруучу көпчүлүктүн жыйынында 2018-жыл үчүн отчет берип, 2019-жылдагы өлкөнүн өнүгүү багыттарын атады. Ал аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү, инвестиция тартуу, салык жана бажы саясатын фискалдаштыруунун негизинде экономикада чоң көрсөткүчтөргө жетишүү пландалып жатканын айтты.

Өкмөт башчы 2018-жылы ички дүң өнүм 3,5 пайызды түзсө, быйыл бул көрсөткүч 600 млрд. сомдон ашып, 4 пайыздан кем болбой турганына сөз берди:

Мухаммедкалый Абылгазиев. 26-декабрь, 2018-жыл.
Мухаммедкалый Абылгазиев. 26-декабрь, 2018-жыл.

«Макроэкономикалык көрсөткүч боюнча 4 пайыздан кем эмес ички дүң өнүмдүн өсүшүнө жетебиз. Биринчи кварталдагы жыйынтык боюнча ички дүң өнүмдүн көрсөткүчү 4,1 пайыз болду. Кудай буюрса, ушундай ыргак менен бара турган болсок, биздин быйылкы жылдык ички дүң өнүмдүн деңгээли 600 миллиард сомдон ашуун көрсөткүчкө жетет. Экспорттун деңгээлин 2 млрд. сомдон ашырабыз деп жатабыз. Тышкы соода жүгүртүүнү 7,2 млрд. сомдон ашырабыз. Орто мөөнөттөгү план боюнча кийинки жылы 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча таңкыстыгы жок бюджет кабыл алабыз деген оюм бар».

Өкмөт башчысы 2019-жылы жаңы асыл тукум жана үрөнчүлүк чарбалары уюштурулуп, Нарын, Талас, Ош жана Баткен шаарларында төрт ири соода-логистикалык борбор түзүлө турганын айтты. Мындан сырткары айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү 14 жаңы ишкана ачылары кеп болду.

Ошондой эле 2019-жылы өнөр жай тармагында алты ири инвестициялык долбоор ишке кире турганын айткан премьер-министр жалпысынан 7,5 миң жаңы жумуш орду түзүлөрүнө убада берди.

Кагазда калган убадалар

Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов өкмөт башчысынын убадалары кагазда калып жатканын эске салып, көмүскө экономиканы ачыкка чыгармайынча өсүш байкалбай турганын белгиледи:

«Ооба, «жасашыбыз керек, беришибиз керек, кылышыбыз керек» дейсиздер. Бирок качан? Качан ошонун баарын аткарабыз? Силердин аракетиңер байкалбай жатпайбы. Карапайым элге сиз айткан жылыш сезилбей жатпайбы. «Ички дүң өнүм 3,5 пайызды түздү» деген - бул ийгилик эмес. Азыр көмүскө экономиканын деңгээли 60-70 пайыз деп жатабыз. Эгерде көмүскө экономиканы ачыкка чыгарсак ички дүң өнүмдүн деңгээлин бир канча эсе көтөрө алат болчубуз. Ошондуктан экономикадагы коррупциялык схемаларды ачыкка алып чыгып, ошолор менен аёосуз күрөш жүргүзсөңүз эле кирешени бир топ жогору көтөрмөксүз».

Ошол эле кезде экономист Мейманбек Абдылдаев өкмөттүн экономикалык өсүш боюнча убадасын эч кандай өбөлгөлөр менен бекемделбеген «өлүү план» катары сыпаттады. Анын айтымында премьер-министрдин айтканы чыныгы реалдуулуктан алыс.

«Ички дүң өнүмдү төрт пайыздан жогору көтөрүш үчүн азыр кандайдыр бир салым кошулган жок да. Бул ошол өсүшкө негиз түзө турган инвестиция тартуу аракетин көргөзөт. Инвестиция көбөймөк турсун азайып жатса, анан ага каяктагы экономикалык өбөлгөлөр түзүлмөк эле? Ошондуктан мен бул айтылган нерсени реалдуулуктан алыс план деп ойлойм. План койгон жакшы. Бирок ал план реалдуу түрдө аткарыла турган план болушу керек. Эмненин негизинде ошондой өсүш болору так көрсөтүлүшү зарыл. Ички дүң өнүм жаңы инвестиция агымы болгондо көбөйөт. Мен болсо азырынча андай күчтүү инвестициялык салым болуп жатканын байкай элекмин», - деди экономист.

Салык жана бажы тармагынын 2018-жылдагы көрсөткүчтөрүнө ичи чыкпаган айрым депутаттар салык жана бажы жыйымдарын чогултууда орчундуу кыйынчылык бар экенин айтып өтүштү.

Парламент депутаты Абдывахап Нурбаев коюлган план аткарылбай калганы үчүн тиешелүү жетекчилер эмнеликтен жоопкерчиликке тартылбай калганын сурады:

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

«2018-жылы мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү толгон жок. Алты млрд. сомдон ашуун акча түшпөй калды. Эмне себептен ошол акча түшпөй, план аткарылбай калды? Анткени мамлекеттик бюджет - бул мыйзам. Демек, мыйзам аткарылбай калды. Буга эми ким жооп берет? Өкмөт курамы менен мындан ары дагы иштей бересизби же арасынан иштей албаган министрлерди кызматтан кетиресизби? Алар ушинтип эле жүрө бербеши керек да! Алардын кандай иштегенин өзүңүз көрдүңүз да».​

Мухаммедкалый Абылгазиев пландын аткарылбай калганына объективдүү себептер болгонун айтып, салык базасынын абалы начар экенин моюнга алды. Ошондой эле премьер-министр айрым өкмөт мүчөлөрүнүн ишине канааттанбай турганын айтып, бирок алардан арылуунун жолун ачык айта алган жок:

«Бул жерде бюджеттин толбой калышынын объективдүү себептери да болду. Анткени салык төгө турган тараптардын ишинин абалы, тапкан пайдасы ошого алып келди. Биз бюджетке өзгөртүү киргизип жатканда планга 5-6 млрд. сом кошконбуз. Бирок ошончо кошумча акча чогулта турган салык базасы жок болуп чыкты. Эми мындан ары ким кандай иштесе, ошого жараша чечим болот. Түбөлүктүү эч ким жок. Кимдер экенин айтпай эле коёюн, бирок ичинде бар...»

Мухаммедкалый Абылгазиев өткөн жуманын аягында парламентке келип, башкаруучу коалицияга отчет берген болчу. Башкаруучу көпчүлүк өкмөттүн ишиндеги бир катар кемчиликтерин сынга алып, бирок анын отчетун жактырган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG