Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:57

Кыргызстандын “Центеррадагы” акцияларынын бир бөлүгү убактылуу камакта


Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Кумтөр алтын ишканасында. 1-октябрь, 2012.
Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Кумтөр алтын ишканасында. 1-октябрь, 2012.

Globe and Mail гезити Кыргызстандын “Центерра голд инктеги” акциясынын бир бөлүгү камакка алынганын жазып чыкты.

Мындай чечимди Онтарио соту “Ак кеме” мейманканасынын мурунку кожоюнунун арызынын негизинде кабыл алган. Кыргыз тарап бул окуя учурда иликтенип жатканын билдирди.

Кыргыз тарап менен түркиялык “Систем мухендислик” фирмасынын “Ак кеме” боюнча талашы көп жылдан бери жүрүп келатат. Кыргызстан эгемендүүлүк алган мезгилде берилген түрк насыясына курулган мейманкана 2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин Кыргызстанга кайтарылган.

Азыркы кезде жабык түрдөгү “Ак кеме” акционердик коомунун жетекчиси Руслан Сарымсаков.

Ал эми мейманкананы алдырып койгонго чыдабаган “Систем мүхендисликтин” жетекчилиги Канаданын сотуна кайрылып, Кыргызстандын активдерин камакка алууну талап кылган. Канададан чыккан Globe and Mail гезитинин 17-октябрда маалымдоосуна караганда, Канаданын Онтарио провинциясынын соту түрк фирмасынын арызынын негизинде “Центерра голд инктеги” Кыргызстандын 4 млн. даана акциясын жана дивиденд катары ала турган 8 млн. долларды убактылуу камакка алды. Сот иши азырынча баштала элек, түрк компаниясынын доо арызын кароого юридикалык негиз барбы деген маселе да чечиле элек, деп билдирди макаланын автору, канадалык журналист Жефф Грэй.

- Түрк фирмасы Онтариодогу сотко 2010-жылы эле кайрылган. Ошол тапта сот Центеррага Кыргызстанга тиешелүү акцияларды камакка алып, түрк компаниясына өткөрүп берүүгө көрсөтмө берет. Бирок Центерра бул акциялар кыргыз өкмөтүнө тиешелүү эмес, алар Кыргызалтын мекемесине таандык деп жооп берген. Кыргызалтын мамлекеттик ишкана болгону менен, акцияларга жападан-жалгыз ээлик кылбайт экен. Ал жерде башка тараптардын да үлүшү бар. Айта кетчү жагдай, Кыргызалтынга 77 миллион акция тийиштүү болсо, ошонун 4 миллионун камакка алуу тууралуу сөз жүрүп жатат. Бул – кыргыз тараптын менчигинин чакан гана бөлүгү. Дивиденддерден түшкөн кирешенин бир бөлүгү да камакка алынган. Бул соттун убактылуу чечими. Иш каралып калса, ал аяктай электе акциялар сатылып кетпесин деген гана көрсөтмө. Алар түрк компаниясы сотто жеңсе, ага берилет. Азырынча мен башында айткандай, сот иши баштала да элек. Адегенде бул иш өндүрүшкө алынабы, алынбайбы деген маселе каралат.

Каржы министрлигинин 17-октябрдагы билдирүүсүнө караганда, министрликтин юристтери Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо үчүн жалданып алынган юридикалык компания менен түзүлгөн кырдаалды талдап жатат жана бир чечимге келер замат маалымат берилет.

Кыргызалтын ишканасы Онтарио сотунда өлкөнүн кызыкчылыгын коргоо үчүн эл аралык юридикалык фирманы жалдаган. Кыргызалтындын адвокаттары ишкана кыргыз өкмөтүнүн карызын төлөп берүүгө милдеттендириле албайт деген пикирде. Мисалга алар Канаданын Улуттук телерадиокомпаниясы Канада өкмөтүнүн карызын төлөп бермек беле деген жүйөнү келтиргенин журналист Грэй кошумчалады.

Өкмөт аппаратынын укуктук бөлүмдөр боюнча башчысы Эркин Мамыров түрк фирмасы канадалык сотко кайрылганын тастыктады:

- Эми алар Канаданын сотуна берген. Алардын доо арызы каралып жаткан. Бирок мынча акция камакка алыныптыр, же мынча акча камакка алыныптыр деген маалыматты билбейт экенмин.

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров кыргыз өкмөтү “Ак кеме” боюнча өлкөнүн кызыкчылыгын жетиштүү коргободу деп кине койгон эле.

Кыргыз өкмөтүн бир эле “Систем мүхендислик” эмес АУБдун кожоюну Михаил Надел жана “Манас банктын” кожоюну Валерий Белоконь да сотко берген. Алардын доо арызынан коргонуу үчүн кыргыз өкмөтү эл аралык юридикалык компанияларды жалдаган.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG