Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Өмүралиев: Экономикалык дипломатия жанданышы керек


Эсенгул Өмүралиев
Эсенгул Өмүралиев

Кыргызстанда экономикалык дипломатияны өнүктүрүү демилгеси көтөрүлүүдө. Бул боюнча өкмөттүн парламенттеги өкүлү Эсенгул Өмүралиев “Азаттыкка” маек курду.

- Сиз экономикалык дипломатияны өнүктүрүү сунушу менен чыктыңыз. Бул кайсы жүйөгө негизделген жана Кыргызстанга эмне берет?

- Экономикалык дипломатия деген түшүнүк бардык мамлекеттерде бар. Бизде деле бул маселе менен мурдатан аракет кылышчу. Бирок аны Тышкы иштер министрлиги эмес, Экономика министрлиги жүргүзчү.

Соода өкүлчүлүктөргө мурда тишелүү деңгээлде мамлекеттик макам берилбей, каржыланбагандыктан алардын иши жакшы натыйжа берген эмес. Ошонун негизинде өкмөт Экономика министрлигинин алдындагы бул өкүлчүлүктөрдү жоюп, бул функцияны Тышкы иштер министрлигине берди.

Бүт дүйнөдө экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган келишимдер, ага керек болгон сүйлөшүүлөр, ар бир мамлекетке кыргызстандык ишкерлер барып иштей тургандай жагымдуу шарттарды түзүү маселелерин министрликтер алып барыш керек. Ошондой нормативдик база, ыңгайлуу шарттарды түзүү маселеси экономикалык дипломатия деп аталат.
Тышкы иштер министрлигинин негизги иши – экономика болуш керек.

Биздин өлкөгө инвестиция тартуу, аларга жагымдуу жагдай түзүп берүү, кыргызстандык ишкерлердин чет өлкөгө чыгып иштешине жол ачып, алардын кызыкчылыгын коргоо, жардам көрсөтүү, башка мамлекеттерде болуп жаткан тышкы соода маселелериндеги ар кандай жол тосууларды азайтуу, чечүү жагы эми Тышкы иштер министрлигине берилди.

- Бул ошондо Тышкы иштер министрлигинин, элчиликтердин алдындагы өкүлчүлүктөр болобу?

- Биздин элчиликтер бар. Ошолорго эле экономика маселеси боюнча кенешчи деген кызмат киргизилет.

- Жаңы штат ачылат турбайбы?

- Жаңы штат ачылат. Көптөрүндө бул бар же ошол иштеп жаткан штаттардын ичинен ошентип атап коёт. Жогоруда айтылган маселелер менен элчи жана кеңешчи иштеши керек. Албетте эки эле киши эч нерсе кыла албайт. Алар мамлекет аралык экономикалык кызаматташтык комиссия, ар кандай ишкерлер ассоциациясын түзөт, көргөзмө уюштурат жана башка жолдору көп.

- Тышкы иштер министрлигинде негизинен дипломаттар иштейт эмеспи. Эми экономисттер да кирип калабы?

- Тышкы иштер министрлигинин негизги иши – экономика болуш керек. Биринчиден, мамлекеттин кызыкчылыгын саясий маселелерде түртүү, экинчиден, экономикага жол ачуу үчүн. Бүт дүйнөдө ошондой.

Буга дейре биздин Тышкы иштер министрлиги ушул маселелер менен кааласа гана аракет кылчу, каалабаса андай жоопкерчилиги деле жок болчу. Азыр мунун жоопкерчилиги болот.
Бүт дүйнөдө экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган келишимдер, ага керек болгон сүйлөшүүлөр, ар бир мамлекетке кыргызстандык ишкерлер барып иштей тургандай жагымдуу шарттарды түзүү маселелерин министрликтер алып барыш керек.

- Өзүңүз белгилегендей, элчилердин милдеттеринин бири экономикалык байланыштарды күчөтүү, инвестиция тартуу болчу да. Анан буга байланыштуу атайын штат ачылса, элчи эмне кылат?

- Эми бул маселеге алар конкреттүү жооп берет. Мисалы, мурда бул жагынан жоопкерчилик жок болчу.

- Бул министрлик ичиндеги Экономика министрлиги болуп калбайбы?

- Эч кандай Экономика министрлиги болбойт. Бул Тышкы иштер министрлиги эле болот. Болгону анын негизги милдети өлкөнүн ички саясатына экономикалык жактан тыштан келген жардамды уюштуруу.

- Чет өлкөлөр менен байланышты күчөтө турган соода өкүлчүлүктөрүн ачыш керек деген сунуш айтып атасыз. Ушундай эле бөлүмдөр Жогорку Кеңеште, өкмөттө, президент администрациясында бар. Алардан эмнеси менен айырмаланат?

- Бул жердегилер ички саясат, ошонун мыйзамдык, нормативдик базасын, шарттарын түзүп берген органдар. Ал эми элчиликтеги өкүлдөр ошол жердеги ишкерлер, өкмөт, биз менен карым-катнашы бар эл менен кезигет. Ошолор аркылуу бизге жардамды уюштурат, алар саясатты аткарган кишилер.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG