Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:10

"Петрол групптун" айланасында суроо көп


“Петрол групп” компаниясынын сатылышындагы мыйзамдуулукту текшерүү сунушталууда.

“Петрол групп” жоопкерчилиги чектелген коом 2010-жылы Убактылуу өкмөт улутташтырган 40тан ашуун мекеменин бири. Биринчи аукциондо (17-октябрда) сатып алуу үчүн 1 миллиард 555 миллион сом сунуш кылынган. Кийин эки компания тең аны сатып алуудан баш тарткан болчу.

Айрым жол-жоболорун карап көрүп, 24 кишиден турган мекемелер аралык комиссия “Петрол группту” сатууга макулдугун берген. Ошентип 7-декабрда “Петрол группту” 137 млн. сомго Кайрат Курбанов деген адамга сатылган. Маалымат каражаттары Курбановду “БНКнын” башкы директорунун орун басары экенин жазып чыгышкан.

Эми “Петрол групп” компаниясынын сатылышындагы мыйзамдуулукту текшерүү сунушталууда. Мындай өтүнүч менен Жогорку Кеңештин Коопсуздук жана коргонуу комитетинин төрагысы Токон Мамытов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке кайрылды.

- Мыйзам, токтом, жоболор бузулуп атат деген мааниде ушуга көңүл буралы дедик. 1,5 миллиард деп туруп эле 130 миллиондон ашуун сомго кетип калды. Ошондуктан УКМК, же Башкы прокуратурага тапшырма берип жатабыз. Себеби элде суроо жаралып жатат, ортодо сүйлөшүү болдубу, мыйзам бузулган жокпу, агын ак, карасын кара деп аныктап бергиле деп ошондой чечим кабыл алдык. Анын үстүнө Мамлекеттик мүлк министрлиги баарына "бюджетке 1,5 миллиард түшкөнү жатат" деп мактанып жарыялап, анан беш-алты күндөн кийин "болбой калды" деп жатышпайбы. Ачыгын айтканда, оозубуздан алдыргандай эле отуруп калбадыкпы.

“Петрол групп” кимдин оокаты, кайсы үй-бүлөгө тиешелүү экенин баары билет. Бул мурдагы бийликтин тегерегинде жүргөндөрдүкү.

Адистер жана байкоочулар старттык баасы 124 миллион сом деп көрсөтүлгөн ишканага алгачкы аукциондо өтө эле кымбат баа сунуш кылынганын, анын карамагындагы май куюучу жайлардын ар бири төрт миллион долларга бааланып калганын белгилешүүдө. Ошол себептүү да аукциондо жеңип чыккан компания мындай кадамга атайлап эле барды деген пикирлерин билдиришүүдө. Эсептөөлөргө ылайык, бир май куючу жай 300 миң сомго чейин барат экен.

Мамлекеттик мүлк фондунун алдындагы мекемелер аралык комиссиянын өкүлү, Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаевдин айтымында, 1,5 миллиард сом башынан эле жасалма баа болчу:

- Алдын ала сүйлөшүп алды дегенге мен кошула албайм. Анткени аукцион Коомдук каналдан түз эфирде көрсөтүлүп жаткан. Кандайдыр бир себептерден аукционду бузуш үчүнбү, айтор “БНК” бааны асманга чыгарып салган. Ал реалдуу баа эмес болчу. Экинчи аукцион деле телеканалдан түз көрсөтүлдү. Эч ким басым жасаган жок, базар баасында сатылды деп айта алам. Мамлекеттик эмес уюмдардын баасы да бар, алар 124 млн. сомго баалаган.

“Петрол групп” жоопкерчилиги чектелген коом былтыр Убактылуу өкмөт улутташтырган 40тан ашуун мекеменин бири. Анын Бишкекте тогуз май куюучу жайы бар. Бирок ал жерлер “Петрол групптун” менчиги эмес экенин, аны ижарага аларын Мамлекеттик мүлк фондунан билдиришүүдө.

Токон Мамытов
Токон Мамытов
Мамлекеттик мүлк фондунун алдындагы мекемелер аралык комиссия алгачкы аукцион жыйынтыксыз аяктаганы үчүн анын жеңип чыгуучусу деп табылган компания кепилдик иретинде төлөгөн 24 миллион сомду кайтарып бербөө чечимин кабыл алган. Комиссиянын мүчөсү Токтойым Үмөталиева:

- Чатактын баары 1995-жылдагы аукцион жөнүндөгү жобого байланыштуу болуп атат. Ушул аукцион да ошол жобо менен иштетилген. Анын бир топ жагдайлары иштетилбей, азыркы мыйзамдардын бир топтору менен карама-каршы келип калган. Ошондой эле көзөмөл жүргүзүү механизмдери берилген эмес. Анда коррупциялык схемаларга жол бар болчу. Мисалы, “БНК” менен “Бишкек ойл” ойноп-ойноп чоң баага чыгарып, албай коюп, башкалар көтөрө албагандай жолду ачып берди. Баарыбызды ойноткон фирма ойноткону үчүн 24 млн. сомду мамлекетке төлөп атат. Андан сырткары сатып алган сумманын үстүнөн 7% салыгын да өкмөткө төлөп берет.

Анткен менен Токон Мамытов сатып алуунун мыйзамдуулугун текшерүү зарыл деп эсептейт.

- “Петрол групп” кимдин оокаты, кайсы үй-бүлөгө тиешелүү экенин баары билет. Бул мурдагы бийликтин тегерегинде жүргөндөрдүкү. Алар келип эле көз бойомочулук кылганда эле карапайым эл деле түшүнгөн. Бирок көңүл бурулган эмес. Аягына сүйлөшүп алгандай болуп кетти. Мурдагы бийликтин, уурдаган паракор чиновниктердин 100гө жакын мүлкү калыптыр деп айтышты эле. Кийин 76 дешти, анан 72, 56 болуп, аягында 26 эле болуп калбадыбы.

Улутташтырылган дүйнө-мүлк катарында “Альфа-Телеком” жабык акционердик коому, Бишкек арак заводу, “Петрол Групп”, “Пирамида” телерадиокомпаниясы, “Чакан ГЭС” акционердик коому, “Манас” аба майданынын учактарга май куюу комплекси, бир топ кымбат баа жеңил автоунаа, учак, кеме, Ысык-Көл жээгиндеги эс алуу жайлары бар.

XS
SM
MD
LG