Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:31

Бишкекте жол акы кымбаттайт


Күйүүчү майдын баасы жакын арадан тартып көтөрүлөрүн Нефтетрейдерлер биримдиги расмий жарыялады.

Ушундан улам Бишкек шаар жетекчилиги да коомдук транспорттун акысын көтөрүүнү көздөөдө. Бишкекте жана Ошто коомдук транспорттун абалы кандай?

"Арай көз чарай" талкуусуна Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Заитбек Назырынбеков менен Ош шаарынын вице-мэри Ильяз Ражапов катышты.

“Азаттык”: Жол кирени кымбаттатууга күйүүчү май баасынын көтөрүлүшү эле негиз болуп атабы, же дагы башка себептери барбы?

Назырынбеков: Бааны көтөрүү бир эле күйүүчү майдын кымбатташына байланыштуу эмес. Бишкекте акыркы жолу жол кире 2008-жылы көтөрүлгөн. Андан бери күйүүчү май гана эмес, башка көп нерселер кымбаттады.

Айдоочулардын айлык акысын да көтөрүү керек, автоунааларды оңдоо, алардын тетиктери, мына ушулардын баары бир нече эселеп кымбаттады.

2008-жылы күйүүчү майдын литри 21 сом 50 тыйын болчу, азыр 39 сом 40 тыйын болуп турат. Ошондуктан азыр Бишкектеги жүргүнчүлөрдү тейлөөчү ишкана менен троллейбус башкармалыгы өтө оор кризистик абалда турат. Бул башкармалыктарда да эки миңден ашуун адам иштейт, алардын да үй-бүлөлөрү бар.

“Азаттык”: Ошто жол кире канча сом, Ильяз мырза?

Ражапов: Ошто акыркы жолу жол акы кымбаттаганына бир жылдан ашып калды. Азыр Ош шаарындагы троллейбуста жүрүү акысы 4 сом, муниципалдык автобустарда 6 сом, маршруттук унаада 8 сом. Азырынча мэрия тарабынан да, айдоочулар тарабынан да жол кирени кымбаттатуу маселеси көтөрүлө элек, бирок күйүүчү май кымбаттайт деген маалыматтарды алып жатабыз. Эгер андай болсо, бааны жогорулатууга туура келет. Анткени Бишкекте күйүүчү май 38 сом болсо, бизде 40 сом болот, анын үстүнө биздеги эл ташып жаткан автоунаалардын тетиктери өзүбүздө жок, Бишкектен же Орусиядан алдыртабыз.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Заитбек мырза, жол кире канча сомго кымбатташы мүмкүн?

Назырынбеков: Троллейбус менен автобусту 8 сомго, ал эми маршруттук каттамдагы унааларда жүрүү акысын 10 сомго көтөрүп берүүнү өкмөттөн өтүнүп атабыз.

Шаардын бир башынан экинчи четине – 26 чакырымга 6 сом менен барат дегенди деле ойлоп көрүңүз. Бул жерде башкаруучу партиялардын тиешеси, саясат жок, эч кандай программага да кирген эмес. Муну турмуштук зарылчылык деп эсептешибиз керек.

Эгерде ушул айдоочулар татыктуу айлык акы албаса, үй-бүлө багалбаса, кандай жашашы керек? Алар да биздин жарандар, башка жактан келген эмес. Анын үстүнө бизде жол акы төлөбөй турган жеңилдик алган жарандардын категориясы бар.

Алардын арасында милиция, УКМК жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери да муниципалдык транспортто бекер жүрүүгө мыйзам боюнча укуктуу. Аларды ташууга кеткен чыгымды Каржы министрлиги кайтарып берүүгө милдеттендирилген, бирок иш жүзүндө бул аткарылбай жатат. Аталган кызматтардын кызматкерлери 5-6 сом үчүн биздин айдоочулар менен урушуп, коркутуп-үркүтүп, атүгүл күч колдонгон учурлары бар.

“Азаттык”: Ош шаарындагы коомдук автоунааларда акысыз жүрүүгө кимдерге укук берилген?

Ражапов: Бизде күч кызматкерлери коомдук муниципалдык автоунаада акысыз жүрө алышпайт, анткени аларга монетизация мыйзамы боюнча жол киреси да айлыгына кошо төлөнөт. Ал эми балдарды, мектеп окуучуларын 1 сомдон, пенсионерлерди акысыз ташышат. Мектеп окуучулары маршруттук таксилерде да 1 сом төлөп жүрө алышат, биз алардын айдоочулары менен сүйлөшүп, буга жетишкенбиз.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG