Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Мектептердеги соодалашмай


“Арай көз чарай” талкуусунда мектептердеги коррупция, ата-энелерден ыксыз акча чогултуу маселеси козголду.

Талкууга Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Айнагүл Ниязова, билим берүү тармагынын адиси, жарандык коом өкүлү Калича Өмүралиева жана ата-энелердин “Демилге” фондунун мүчөсү Бактыгүл Эркебаева катышты. Угармандарыбыз да телефон аркылуу суроолорду жаадырды.


Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз.



“Азаттык”: Борбор калаадагы №68, 14, 72, 31, 24, 91 мектептин жетекчилерине мыйзамсыз акча чогулткан деген айып менен иш козголгонун каржы полициясынын өкүлү Исхак Осмонбаев маалымдаган. Мына бул көрүнүштүн өзү эле коррупция бүгүн мектептерде да бар экенин ачык көрсөтүп турат. Айнагүл айым, ата-энелерден акча чогултуу зарылчылыгы эмнеден келип чыгып жатат?


Айнагүл Ниязова: Бул маселе бүгүн чыккан жок, бул 20 жылдан бери келаткан маселе. Совет доорунда эгерде ушул беренелердин баары каржыланса, бүгүн үч эле берене каржыланат. Ал мугалимдердин айлык маянасы, соцфондго салыктар жана коммуналдык төлөмдөр. Тилекке каршы мектептин ичиндеги эмерек алууга мэрия тараптан 10 эле пайыз бөлүнөт. Китептерге 20 пайыз, андан сырткары капиталдык жана күнүмдүк өткөрүлө турган ремонтко 20 пайыз эле төлөмдөр берилип атат. Бул жерде мектепке жетпей атат деген шылтоо менен мектеп жетекчилери акча чогултууну көбөйткөн.

“Азаттык”: Калича айым, билим берүү тармагында ата-энелер комитети жана камкордук кеңештер менен иштешип калдыңыз. Канчалык деңгээлде ата-энелер комитети тарабынан чогулган акча максаттуу жумшалат?


Калича Өмүралиева: Максатына жетпейт, себеби бул жерде коррупция бар. 2007-жылы ата-энелерден акча чогултпай, мектептерди жакшы иштетели деп ойлонгонбуз. Ошондо камкордук кеңештерди ачыш керек, ал жака татыктуу кишилер кирип, акча чогултуп, мектептерге жардам берели деген кишилер табылат деп айтканбыз. Камкордук кеңешти азыр башкача жасап алышкан, 2-3 эне-ата кирет, директор менен сүйлөшүп алган, анан акча чогултат. Мисалы Бишкек хореграфиялык окуу жайында фонд ачылды, ал жерде бир кыздын эне-атасы иштеп, айлык алып атат.

“Азаттык”: Бактыгүл айым, бүгүнкү күндө ата-энелер демилге деген фондду жыргаганынан түзгөн эмес деп айттыңыз. Сиз кандай ойлойсуз?


Бактыгүл Эркебаева: Мен шаарга биринчи келип, баламды мектепке алып барганда айыл менен шаарды салыштырып турам. Айылда балдарды бекер окутуп атат, акча жыйноо деген жок. Шаарда акча төлөп окуп атышат. Мыйзам шаардыктарга бөлөк, кыштактыктарга бөлөкпү? Мыйзам бардыгына тең болуш керек да. 4 жылдан бери көрүп-билип жатабыз, айына 150 сомдон 300 сомго чейин чогултушат шаардагы мектептерде.

Айнагүл Ниязова: Бүгүнкү күндө мунун баарына тыюу салсак, директорлор ата-энелерди мажбурлап кайра эле чогултуп атпайбы. Бүгүнкү күндө камкордук кеңеш болгуча коомдук бирикменин мүчөлөрүн кайра тандап чыккыла деп ата-энелерге кайрылып атабыз.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG