Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:32

Мектеп бетин көрбөгөндөр 30 миңге чыкты


Кыргызстанда 30 миңден ашуун мектеп жашындагы бала билим албайт. Бул тууралуу ЮНИСЕФ уюмунун Кыргызстанда жүргүзгөн изилдөөсүнүн жыйынтыгында белгилүү болду. Президент Роза Отунбаева бул көрүнүштүн кесепети оор болоорун айтып, чукулунан чара көрүүгө чакырды. Билим берүү министрлиги абалды оңдоого бардык күчүн үрөй турганын убада кылууда.

Президент Роза Отунбаева миңдеген баланын окубай калышын "мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч" деп баалады. Анын айтымында, 20 жыл мурда калкынын 95 пайызы сабаттуу эсептелген өлкөнүн кыска аралык ичинде мындай деңгээлге түшүп жатышы абдан тынчсыздандырат:

- Биз сабатсыз балдардын өтө чоң агымын алып келе жатабыз. Алар кылмышкер болушабы, экстремисттик диндерге өтүп кетишеби? Бул жагы абдан эле кооптондурат. Муну биз кайсы бир жол менен кыскартышыбыз керек.

ЮНИСЕФтин "Мектепке барбаган балдар" дүйнөлүк демилгеси менен ЮНЕСКОнун статистикалык институтунун жүргүзгөн изилдөөсүнүн жыйынтыгында Кыргызстанда 30 миңден ашуун бала мектепке барбай турганы дайын болгон. Алардын көпчүлүк бөлүгү Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларда жана өлкөнүн түштүк аймактарындагы тестиерлер менен өспүрүмдөр.

Изилдөөнүн жыйынтыгында бул окуучулардын 40 пайызга жакыны акчанын тартыштыгынан улам барбай калса, көпчүлүгү окуудан көрө базарда акча табууну артык көргөндөр.

ЮНИСЕФтин изилдөөлөрүн жүргүзүүгө катышкан билим берүү боюнча адис Аскарбек Мамбеталиев бул жаатта коңшу өлкөлөргө караганда Кыргызстанда абал начар экенин айтууда:

- Биз балдар боюнча 27 өлкөдө изилдөөнү баштаган элек. Кыргызстанда аймак боюнча 13 пайыз гана мектепке чейин бала бакчага барат. Бул аймак боюнча эң төмөн. Мектептеги абал деле жакшы эмес. Мунун себеби бул багытта камкордук болбой эле, жоопкерчиликтин жок болгонунан улам мындай нерсе болуп жатат.

Эл аралык уюмдар жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгына өлкөнүн Билим берүү министрлиги да макул. Министр Канат Садыковдун билдиришинче, окуучулардын окуудан өксүшү үчүн жоопкерчиликти жалгыз Билим берүү министрлигинин моюнуна жүктөп койбой, жалпы коомчулук да жапа тырмак жардам бериши абзел.

- Биздин маалымат боюнча мектепке барбай калган балдардын көрсөткүчтөрү абдан эле чоң. 29 миңден ашык бала мектепке барбайт. Бул сан жалпы 1 миллион 37 миңден ашык окуучусу бар кичинекей өлкө үчүн абдан эле коркунучтуу. Бирок 29 миңдин 23 миңге жакыны ден соолугуна байланыштуу мектепке бара албаган, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар. Ушул жылдын август айындагы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мекемелеринин жардамы менен тактоо иштерин жүргүзгөн учурда 5254 баланын мектепке барбай турганы дайын болду. Бирок бул жерде мүмкүнчүлүгү чектелген жана шаарларда каттоосу жок балдар эсептелбей калган. Ошондуктан бул санды толук эмес деп айтууга болот.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Гүлжамал Султаналиеванын айтымында, мамлекеттик органдар проблеманы мойнуна алганы менен, анын себептерин аныктоодо жаңылып жатышат.

- Бүгүнкү күндө мектеп жетпейт, мугалимдин айлыгы аз деп айтып жатышат. Ооба, бул маселелер бар. Бирок бизде балдардын бекер билим алууга болгон Конституциялык укугу аткарылбай жатат. Мына ошол нерседен баштасак, биз балким көп нерсени чечкенге жол ачмакбыз. Муну менен катар мектептерде талап кылынып жаткан акчаны көтөрүү күндөн-күнгө оордоп бара жатат.

Муну менен катар адистер балдардын билимден өксүшүндө ата-энелердин да күнөөсү чоң экенин айтышат. Мектепке барбагандардын көпчүлүгүнүн ата-энеси чет өлкөгө иштеп кеткендер. Мына ошондуктан ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү керек деп эсептейт Маданияттар аралык билим берүү бирикмесинин башчысы Лира Карагулова:

- Бул маселени чечүү үчүн мыйзамдык талаада да парламент аркылуу бир топ иштерди аткаруубуз зарыл. Керек болсо Үй-бүлө кодексине, Балдар боюнча кодекске жана Билим берүү боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, ата-энелердин жоопкерчилигин көтөрүү зарыл. Атүгүл аларды бул үчүн административдик айыпка да жыгыш керек. Муну менен катар мектептен алыс жайгашкан окуучуларга унаа маселесин чечип, мектептердеги балдардын саламаттыгына кам көрө турган механизмдерди ишке киргизүү зарыл.

Былтыр PISA уюму атайын изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча кыргызстандык мектеп окуучуларын дүйнөдөгү 60тан ашуун өлкөнүн ичинен сабатсыз деп тапкан эле.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG