Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:18

Абитуриент – 2013: бардыгын балл чечет


Айылдан жаңы эле келген мектеп бүтүрүүчүлөрү шаар ичинде кайсы маршрутка каякка барарын билбеген сыяктуу эле кайсы окуу жайга, кандай адистикке тапшырарын чече албай баштары маң.

Аман Сейдакматов борбордогу №69 гимназиянын бүтүрүүчүсү. Ал жалпы республикалык тесттен 200 балл алып, “каалаган окуу жайыма өтөм” деп кымыңдап турган чагы. Аман азыр абитуриенттин келечегин жалпы республикалык тест аныктап калганын айтат.

- Жалпы республикалык тест кимдин ким экенин ачыктайт жана бардык абитуриенттерге бирдей шарт түзүп берүүчү курал болуп саналат. Мээң иштесе тесттен жогорку балл ал да, каалаган окуу жайдын каалаган бөлүмүнө бюджетке өтүп кет. Бул жерде тааныш же акча издөөнүн кажети жок. Тесттен аз балл алып калса, ортого акча салып, тааныш издегендер да жок эмес. Бир таанышым Дене тарбия академиясына “тааныш менен өтөм” деп даярданып жүрөт.

Билим берүү министрлигинин маалыматына таянсак, быйыл өлкө боюнча 66 миң окуучу мектепти аяктаган. Мурдагы жылы артыкчылык аттестатына 3500 окуучу ат салышса, быйыл 1900 окуучунун 209у гана кызыл күбөлүккө татыктуу экенин тастыктаган. Мектепти артыкчылык аттестат менен аяктагандардын санынын азайышын министрлик кызыл аттестаттын макамын көтөрүүгө болгон аракет менен байланыштырды. Деген менен өңү эле кызыл болбосо, катардагы аттестаттардан айырмасы жок. Кызыл менен бүткөндөргө жогорку окуу жайга өтүүдө эч кандай жеңилдик каралбайт.

Билим берүү министрлигинин маалымат катчысы Керез Жукеева былтыркы жылдын жыйынтыгына таянуу менен өлкөдөгү эң алдыңкы жогорку окуу жайларды санап берди. Тагыраагы Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын алдыңкы бешилтигине төмөнкүлөр кирет:

- Былтыр гранттык орундар боюнча 1-орунду Кыргыз-Орус “Славян” университети (КОСУ), 2-орунду Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы (КММА), 3-орунду Кыргыз-Түрк “Манас” университети (КТМУ), 4-орунду И.Раззаков атындагы техникалык университет жана 5-орунду Бишкек гуманитардык университети (БГУ) алган. Контракттык орундар боюнча 1-орунду Борбор Азиядагы Америка университети (БААУ), 2-орунду КОСУ, 3-орунду КММА, 4-орунду Ататүрк – Ала-Тоо университети жана 5-орунду Президенттин алдындагы башкаруу академиясы алган.

Жогорку окуу жайларга талон таштоо 8-июлга белгиленгендиктен абитуриенттерди каттоо дээрлик көпчүлүк окуу жайларда дагы деле аяктай элек. Мындан академиялык жактан эң таза делген Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде гана каттоо аяктаган.

Аталган окуу жайдын абитуриенттерди кабыл алуу комиссиясынын катчысы Мирзат Ракымбек уулу студенттикке талапкерлерди каттоонун жүрүшү боюнча төмөнкүлөрдү айтып берди:

- Былтыркыга салыштырмалуу миңден ашык бала көп тапшырып жатат. Быйыл биз 1152 баланы алабыз, квота ушундай. Мындан сырткары ЖРТ боюнча да жүздөй бала алабыз. Азырынча бир орунга 6-7 абитуриент ат салышып жатат.

Диктофонубузду көтөрүп алып, улуттук деген статусту алып жүргөн Жусуп Баласагын атындагы окуу жайга бет алдык. Ал жерде да абитуриенттерди кабыл алуу кызуу жүрүп жаткан экен. Баары эле ата-энесин же жакындарын этектеген бүтүрүүчүлөр. Жогорку билим албасам болбойт деп Жалал-Абаддан борборго келген абитуриент Эрзаттын апасы Махабат Мукамбетова уулун каякка, кайсы бөлүмгө тапшыртарын билбей эки анжы болуп жатканын жашырган жок.

- Өзү деле кайсы жакка тапшырарын жакшы билбей жатат. Келечегине, Кыргызстанга, бизге ,эң башкысы өзүнө керектүү кесип тандап алса дейбиз. Азыр контракт 30 миң сом экен. Бул айылдан келгендер үчүн аябай эле кымбат. Ошон үчүн бюджетке өтүп калса экен деп тилек кылып жатабыз.

Рапия Исаева Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин абитуриенттерди кабыл алуу комиссиясында иштеп жаткан учуру. Ал жүрүп жаткан өнөктүк боюнча төмөнкүдөй оюн ортого салды:

- Абитуриенттер жылдагыдан аз көрүнөт. Диаграмманы карасак 50 миңдей баланын 30 миңдейи гана 100 баллдан жогору алыптыр. Ал эми бюджеттик орундарга 110, контрактка 105, узактан окууга 95 баллдан жогору алгандар гана тапшыра алышат. ЖОЖдордун саны - 52.

Билим берүү боюнча эксперт Дүйшөн Шаматов кандай болсо да жогорку билим алышым керек деген умтулууну эсил кайран СССРден калган стереотип деп баалайт.

Эксперт абитуриенттерге кеңеш катары төмөнкү адистиктерге тапшырууну сунуштайт:

- Айыл жана мал чарбасы боюнча кесиптердин аброю анча болбой калды. Азыркы учурда баары эле сот, баары эле журналист, экономист болуп акча тапкысы келет. Азыркы учурда бизге айыл жана мал чарбасын көтөрө турган мыкты адистер керек. Жогорку даражадагы инженерлер, электриктер жана ширетүүчүлөр өзүбүздөн чыкса сонун эле болмок.

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы менен гана жүргүзүлөт. Бир сөз менен айтканда бардыгын балл чечет. Быйыл мектепти 66 мин окуучу бүтүрсө, анын 55 миңи жалпы республикалык тестти тапшырган.
XS
SM
MD
LG