Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:39

Кылмышка шектелген мугалимдер көбөйдү


Мугалимдерге козголгон иштердин көпчүлүгү мектептеги мыйзамсыз акча чогултууларга байланыштуу.
Мугалимдерге козголгон иштердин көпчүлүгү мектептеги мыйзамсыз акча чогултууларга байланыштуу.

Кыргызстанда быйыл орто мектептин директорлору менен мугалимдерине 39 кылмыш иши ачылды.

Башкы проркуратуранын маалыматына караганда, акыркы мезгилде мектеп директорлору менен мугалимдерге козголгон кылмыш иштердин саны арткан. Маселен, 2009-жылы өлкө боюнча 17 мугалим кылмыш жоопкерчилигине тартылса, 2012-жылдын августуна чейин эле 39 кылмыш ачылган.

Башкы көзөмөл органдын маалымат кызматынын өкүлү Жыргал Курманбеков “Азаттыкка” билдиргендей, козголгон иштердин көпчүлүгү мектептеги мыйзамсыз акча чогултууларга байланыштуу:

- Кыргызстандын тартип коргоо органдары 2009-жылдын январ айынан ушул мезгилге чейин мектептердин директорлору менен мугалимдерине карата 132 кылмыш иш козгогон. Муну жылдарга бөлө келсек, 2009-жылы 17, 2010-жыл 33, 2011-жылы 41, 2012-жылда 39 кылмыш иши ачылган. Быйыл козголгон кылмыш иштеринен 29у тергелип сотко жөнөтүлсө, 5 иш токтотулду, 1 иш кыскарды жана төрт иш тергелип жатат. Булардын көпчүлүгү пара алуу, акча чогултууга байланыштуу ачылган.

Курманбеков кошумчалагандай, козголгон кылмыш иштердин арасында аттестаттарды саткан, окуучуларга кол тийгизген учурлар да бар.

Бирок мугалимдердин коррупциялык иштеринен улам быйыл мамлекеттик казынага 7 миллион сомдон ашык зыян келген. Алардын көпчүлүгү Бишкек шаарындагы мектептерде катталган. Маселен, быйыл эле борбордогу 40тан ашык мектептин директоруна сөгүш берилсе, дагы жетисине кылмыш иш козголуп, жумуштан бошотулган.

Эң ардактуу кесип ээлеринин мындай мыйзамсыз аракеттеринин ашкереленишин билим берүү министрлиги коррупцияга каршы күрөштүн күчөтүлүшүнө байланыштырып жатат. Билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун айтымында, мектептердеги мыйзамсыз көрүнүштөрдү азайтуу үчүн мындай аракеттер азыр деле уланууда:

- Биз Бишкек шаарындагы мектептерди баш кылып, тартипке келтирели деп каржы полициясы менен бирдикте өзгөчө мыйзамсыз чогултуулар, мектептер алдындагы фонддордун тазалыгын текшергенбиз. Мына ушунун жыйынтыгына байланыштырсак болот го дейм. Биз мектептердеги кылмыштардын ачылышы карабайбыз. Бирок мугалимдерге ар кыл мыйзамсыз аракеттерге барбагандай системаны түзүү үчүн аракет кылып жатабыз.

Негизинен Кыргызстанда мектеп мугалимдери бюджеттин көзүн карап, аз айлык алгандар катмарына кирет. Адатта мугалимдерди кармап калуунун бир амалы катары өз ыктыяры менен каражат чогултуу адатына коомчулук да, укук коргоо органдары да көз жумуп келген. Ал эми Кыргызстандын "Билим берүү жөнүндө" мыйзамына ылайык, орто мектепте билим берүү акысыз жүргүзүлүшү абзел.

Бирок мектептерди мамлекеттин жетишсиз каржылоосунан улам, мектепти колдоо фонду деген фонд алкагында ата-энелерден акча чогултулуп келет. Билим берүү боюнча эксперт Асылбек Жооданбеков мына ушул нерсе мектепте коррупциянын тамыры жайышына себеп болууда деп эсептейт:

- Бүгүнкү күндө мамлекет мектептерди толук кандуу каржылабайт. Ошонун негизинде мектептерде акча чогултулуп, жасалма камкорчулар кеңеши делип түзүлөт да алар бардык финансылык агымдарды көзөмөлдөшөт. Мындан улам бардык ыплас көрүнүштөр пайда болуп жатат.

Ал эми билим берүү жаатындагы дагы бир эксперт Аскарбек Мамбеталиевдин пикиринде, мамлекеттик органдардагы тамыр жайган коррупцияны тыйбай туруп, мектеп директорлору менен мугалимдерге кылмыш иш козгоп, бул тармакты тазалоо мүмкүн эмес:

- Буга жалпы коомдогу коррупциялык көрүнүштөр себепкер. Маселен эл аралык уюмдардын баасы боюнча, бардык тармакта эле коррупция күчөгөнү айтылып жатпайбы. Анан мектеп ошол көрүнүштөрдүн бир индикатору. Аттестат, диплом сатып коюп эле эч ким жазасын албай келет. Жаза жок болсо мына ушундай кылмыштар көбөйөт да.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев да жогорку жана орто билим берүү жайларын өлкөдөгү эң коррупциялашкан тармак катары сыпаттап, буга каршы тезинен чара көрүүнү тапшырган эле.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG