Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:25

БШК төрагасы гезиттерди кылдаттыкка чакырды


БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимов маалымат жыйынында, 17-октябрь.
БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимов маалымат жыйынында, 17-октябрь.

17-октябрда Боршайком төрагасы кыргыз тилдүү басылмаларга кайрылып, шайлоо өнөктүгүн чагылдырууда этият болууга чакырды.

Ал арада дагы бир талапкердин үгүт материалдарына зыян келтирилгени кабарланды. Шайлоого эки жумадан азыраак убакыт калганда, Коомдук телеканалда талапкерлердин теледебаттары башталганы турат.

БШК төрагасы гезиттерди этияттыкка чакырат

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов бүгүн журналисттер үчүн кезектеги маалымат жыйынын өткөрүп, шайлоо өнөктүгүн чагылдырууда айрым маалымат каражаттары аша чаап жатканын билдирди. Мындай көрүнүш өзгөчө кыргыз тилдүү басылмаларга тиешелүү экендигин белгилеп, гезиттерди шайлоо алдында абалды курчутпоого чакырды:

- Акыркы маалда биздин кыргыз гезиттерин карасаңыздар, кайсы гезиттин кожоюну ким экени кашкайып билинип турат дагы, бир талапкерди ашкере мактайт. Бир талапкерди аябай жамандайт. Бул заман да өтөт. Шайлоо да эртең бүтөт. Ошондо биз бири-бирибиздин жүзүбүздү карап, мамлекеттин келечегин ойлоп жүргөндөй болушубуз керек. Бирдемелерди жазып жатканда ойлонуп жазсаңыздар.

Мындан тышкары БШК төрагасы шайлоочулардын тизмесин тактоо иши 20-октябрга чейин аяктарын эскертип, жарандарды алдыңкы эки күндүн ичинде тизмеге кирип үлгүрүүгө үндөдү.

Байболовдун баннери сыйрылды

Ал арада дагы бир талапкер Кубатбек Байболовдун Ысык-Көлдөгү үгүт материалдарына зыян келип, айрым баннерлери сыйрылганы кабарланды. Байболовдун шайлоо штабынын жетекчиси Досмир Өзбеков бул жагдайды атаандаштардын атайын жасаган аракети катары сыпаттады:

- 13-14 октябрда, түнү Балыкчы шаарында жолдун боюнда турган көлөмү 10х2 метрге жеткен баннерди биздин атаандаштар тытып салышкан. Менин оюмча, бул атайын жасалган. Мындай көрүнүш биздин атаандаштар Ысык-Көлгө барардын астында болгон. Ошондой эле ушул эле түнү Чолпон-Ата шаарында Кубатбек Байболовдун сүрөтү бар дагы бир баннер тытылган.

Талапкердин үгүт материалдарына ким зыян келтиргенин тиешелүү органдар аныкташа элек. Буга чейин президенттикке талапкер Анарбек Калматовдун, Адахан Мадумаровдун да үгүт материалдары жер-жерлерде сыйрылганы кабарланган. Ички иштер министрлиги болсо, мындай мыйзам бузуулар боюнча үч кылмыш иши козголгонун билдирген.

Алгачкы телетаймаш

17-октябрдын кечинде Коомдук телеканалдагы алгачкы теледебатка президенттикке талапкерлер Марат Иманкулов, Сооронбай Дыйканов жана Адахан Мадумаров катышты. Дебаттын жүрүшүндө талапкерлердин буга чейинки ишмердүүлүгүнөн баштап жеке жашоолоруна чейин суроо берилди. Маселен, Марат Иманкуловго УКМК төрага орун басары кызматынан кетип жаткандагы чуулгандуу билдирүүлөрү тууралуу, Адахан Мадумаровго болсо Медет Садыркуловдун өлүмү, Каркыранын Казастанга берилиши боюнча суроолор берилди.

Телетаймашта интернет колдонуучулар да өз суроолорун берип, дебаттын жүрүшүндө айрым талапкерлер менен алып баруучунун кайым айтышкан учурлары да болду:

Натыйжада бир саат жарым саатка созулушу керек болгон теледебат он беш-жыйырма мүнөткө узарып кетти. Коомдук телеканалдагы теледебаттар 27-октябрга чейин созулмакчы. 18-октябрда президенттикке талапкер Камчыбек Ташиев, Турсунбай Бакир уулу жана Алмазбек Каримов телетаймашка чыгат.

Ал арада жарыштан четтетилген талапкерлерге байланыштуу соңку соттук жараян Жогорку Сотто болуп өттү. Сот “Жашасын Кыргызстан” партиясынын лидери Токтайым Үмөталиеванын арызын кайрадан четке кагып, БШКнын талапкерди экинчи жолу каттоодон баш тарткан токтомун колдоду.

XS
SM
MD
LG