Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:07

БШК добуштарды туура саноого чакырды


Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого толук даярдыгын айтса, Ички иштер министрлиги коопсуздук көзөмөлдө экенин маалымдады.

29-октябрь жымжырттык күнү. 25-сентябрдан тарта башталган үгүт өнөктүгү аяктап, бүгүн көчмө топтордун жардамы менен тергөө абагында кармалып тургандар, 30-октябрда шайлоо участокторуна келе албаган оорукчандар жана кары-картаңдар өздөрүнүн жарандык милдеттерин аткарып, добуш беришти.

Ал аралыкта Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого даярдыгы шайма-шай деп билдирсе, Ички иштер министрлиги шайлоо учурунда коопсуздук көзөмөлдө болоруна ишендирүүдө.

Кимдер эртелеп добуш беришти?

Бүгүн тергөө абагында кармалып турган 1,5 миң адам президенттик шайлоого мөөнөтүнөн мурда добуш берип, жарандык милдеттерин аткарышты.

Мындан тышкары кармоо жайларынын кызматкерлери да добуш бергендигин Өкмөттүн алдындагы Жаза аткаруу башкармалыгынын маалымат катчысы Жолдошбек Бузурманкулов билдирди:

- Кыргызстандын беш тергөө абагындагы соттолгонго чейин кармалып турган жарандар добуштарын беришти. Алардын жалпы саны 1,5 тегерегинде. Алар менен бирге биздин күчөтүлгөн тартипте иштеп жаткан кызматкерлер да добуш беришти.

Ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларындагы көчмө топтордун жардамы менен 30-октябрда шайлоо участогуна келе албаган оорукчандар жана кары картаңдар да добуш беришти.

Бишкек шаарында жайгашкан 1216 шайлоо участогуна 15 адам шайлоо күнү добуш берүүгө келгенге дарманы жоктугун айтып, арыз менен кайрылган. Бул тууралуу аталган шайлоо участогунун катчысы Динара Айдаралиева билдирди:

- Шайлоо участогуна келе албай турган кары-картаңдардан жана оорукчандардан 15 арыз түшкөн. Булардын баарын кыдырып, добуш бердирдик. Биздин шайлоо участок шайлоого толук даяр деп айтсак болот.

БШК: шайлоого даярбыз

Ал аралыкта Борбордук шайлоо комиссиясы билдирүү таратып, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана шайлоого жооптуу адамдарды добуш берүү учурунда милдеттерин так аткарууга жана добуштарды туура саноого чакырды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз катчысы Кылычбек Досумбетов:

- Шайлоо добуштарын бурмалап жасоого, добуштарды туура эмес эсептөөгө жол берген, шайлоо жыйынтыктарын атайылап бурмалап белгилеген, добуш берүүнүн тартибиз бузган шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү 500-700 сомдон жүз эсептик көрсөткүчкө чейинки өлчөмдө айыпка тартылат, же 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстандын бардык аймагы шайлоого толук кандуу даяр экендигине ишендирүүдө. Шайлоо жарышынан чыккан, бирок бюллетенге кирип калган талапкерлердин тизмелери сызылып чыккандыгын, шайлоо участкалары техникалык жана материалдык жактан толук камсыз болгондугун билдирди.

ИИМ: коомдук коопсуздук көзөмөлдө

Антсе да көп жарандарды 30-октябрда өлкөнүн коопсуздук жагдайы кызыктырууда. Ички иштер министринин түштүк аймагы боюнча орун басары Курсан Асанов өлкөнүн түштүк облустарында коопсуздук толук көзөмөлдө экенин “Азаттыкка” маалымдады:

- Коомдук тартипти көзөмөлдөө боюнча түзүлгөн эсеп боюнча, түштүк облустарында 1435 милиция кызматкери жана элдик кошуундун 7297 өкүлү тартылат. Шайлоо учурунда жана андан кийин да коомдук коопсуздукту, ошондой эле ар бир жарандын жеке коопсуздугун камсыздоого даярбыз. Ал үчүн биздин күчүбүз да, мүмкүнчүлүгүбүз да жетиштүү экенин билдиребиз.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Бакыт Сейитов жалпы республика боюнча коомдук коопсуздукту сактоого күч да, каражат да жетиштүү экенине токтолду:

- Кыргызстандагы 2289 шайлоо участокторунда 6500ге чукул милиция кызматкери бекитилди. Мындан тышкары, шайлоо участокторундагы элдик тартипти сактоого элдик кошуундун мүчөлөрү жана күч органдарынын бардыгынан жардамчы күчтөр бар. Салык кызматынан, Бажы полициясынан, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн айыл өкмөттөрдүн жана райондук администрациянын кызматкерлери да бул ишке тартылат.

30-октябрга белгиленген президенттик шайлоого 16 талапкер ат салышууда.

XS
SM
MD
LG