Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:03

Бүгүн Кыргызстанда "жымжырттык күнү"


БШКнын маалыматы боюнча, бул күнү президенттикке талапкерлер үгүт кампаниясын жүргүзө албайт.

Мындан тышкары БШКдан аккредитация алган интернет басылмаларга үгүттү чагылдырууга тыюу салынат.

“Жымжырттык күнү” бузулган учурда, БШК буга жол берген тараптарга мыйзамга ылайык чара көрөт.

Кыргызстан боюнча 2375 шайлоо участогу уюштурулган. Андан тышкары чет жерде 37 шайлоо участогу ачылат. Орусияда алты, Германияда үч, Казакстанда эки, Түркияда эки, Кытайда эки, Бириккен Араб Эмирлигинде экиден шаарда мекендештер добуш бере алат.

Кыргызстандын мамлекеттик кызматынын маалыматында, бул шайлоодо 3 млн 25 миң 768 кыргызстандык добуш берет. Анын 2 млн 908 миң 453ү Кыргызстанда болсо, 18 миң 580и чет жерде.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын кеңешчиси Гуля Алманбетова шайлоого даярдык шайма-шай экенин “Азаттыкка” билдирди:

- Азыркы учурда БШКнын шайлоого даярдыгы жакшы. Техникалык жана уюштуруу маселелери чечилди. 2375 участок шайлоочуларды кабыл алганга даяр. Автоматтык добуш саноочу жабдыктар да даяр. 25-августтан баштап тест өткөрүп, коопсуздук чаралары текшерилди. Жалпы 5370 АСУ жеткирилди. Ар бир участокто экиден АСУ болуп, анын бири күтүүсүз жагдай түзүлгөн учурда резервде турат. Элүү сегиз өлкөдөн жана 56 эл аралык уюмдан баш-аягы 771 эл аралык байкоочу аккредитациядан өттү. Андан сырткары 11 өлкөнүн маалымат каражаттары Кыргызстандагы шайлоого көз салып турмай болду.

Кыргызстанда президенттик шайлоого катышуу үчүн 59 адам арыз берген. БШК алардын ичинен 13 талапкерди каттаган.

Ушу тапта президенттик шайлоого ондон ашуун талапкер катышып жатат. Үгүт маалында баш тарткан эки талапкердин бири Камчыбек Ташиев КСДП партиясынан көрсөтүлгөн Сооронбай Жээнбековдун пайдасына, экинчиси “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев дагы бир талапкер Өмүрбек Бабановдун кызыкчылыгы үчүн жарыштан баш тартты.

Ал эми коомдук ишмер Азимбек Бекназаров акчалуулар менен колунда бийлиги барлардын шайлоосуна катышуудан баш тартарын Коомдук канал уюштурган 12-октябрдагы акыркы дебатта жарыялады. Бирок БШК аны тизмеден чийбесин билдирди. Мыйзам боюнча талапкер шайлоого үч күн калганда шайлоого катышуудан баш тарта алат, бирок Бекназаров ага жетишкен эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG