Линктер

шейшемби, 24-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:55

“Акыйкат шайлоо үчүн” коомдук кыймылы жана "Таза шайлоо" бирикмеси шайлоо учурунда коомдук тартипке көз сала турган ыктыярдуу элдик кошуундарга каршы чыкты.

Муну кошуундарда бийликтин өз адамдары, криминал чөйрөсүнүн мүчөлөрү да болушу мүмкүн деген кооптонуу менен негиздеп жатышат.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча президенттик шайлоодо коомдук тартипти сактоо үчүн элдик кошуундан 13 миңге жакын киши тартылат жана алар милициянын толук көзөмөлүндө иш алып барат.

Бул тууралуу "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылынын кезектеги отурумунда ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы, полковник Улан Рыспаев билдирди:

- Шайлоо күнү 9483 милиция кызматкери шайлоо участкаларында болот. Ошондой эле 13 миңге жакын ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлөрү өз тизмелерин беришти. Алардын колунда "элдик кошуун" деген жазуусу бар кызыл тасма болот. Шайлоо күнү милицияга жергиликтүү элдин колдоосу абдан керек.

архивдик сүрөт
архивдик сүрөт

Каптагаев: кошуундар тууралуу жобо эскирди

Анткен менен кыймыл мүчөлөрүн 2010-жылы түптөлгөн элдик кошуундар баштапкы миссиясын аткара алабы, буларга ишенсе болобу деп тынчсызданууда.

Кезинде "Элдик кошуун жөнүндө" жобону иштеп чыккан коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев, элдик кошуунду ишке киргизүү үчүн анын милдеттерин так аныктоо керек деди:

- Элдик кошуунду милиция калкалап натыйжада шайлоо участкасына кирип-чыгып жаткан элге кысым көрсөтүү мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан милиция так эрежени иштеп чыгышы керек. Кооптуу жагдай түзүлбөсө, “элдик кошуунмун деп бир дагы башка адам шайлоо участкасын тегеректеп ары-бери басып жүргөнгө уруксат эмес” деген чечим чыгарышыңар керек.

Жарандык активисттер 3-сентябрда өткөн жергиликтүү кеңешке шайлоону мисал келтиришти. Андагы добуш берүү маалында айрым партиянын байкоочулары, криминал чөйрөнүн өкүлдөрү да "элдик кошуун" деген атты жамынып жүргөнүн көргөндөр болгонун айтышты.

Ички иштер министрлиги болсо элдик кошуундун ар бир мүчөсүнүн мурда-кийин соттолбогондугу текшерүүгө алынат деп ишендирди.

Экс-президент Роза Отунбаева шайлоо учурунда ашыкча көзөмөлдүн орношун опурталдуу маселе деп белгилеп, аны ишке киргизүүдөн мурда талкуу уюштуруп, коомчулукту даярдоо зарыл дейт:

Роза Отунбаева
Роза Отунбаева

- Азыр бардык талапкерлер бири- бири менен тирешип турат. Шайлоо күнү кырдаал кандай болуп кетерин ким билет. Ошондуктан, келгиле, азыртадан эле дискуссияны баштайлы. Биз "шайлоо участкасына келгенде атайын кишилер төбөдөн карап турат экен" деп угуп жатабыз. Ушунун бардыгын талапкерлердин кулактарына жеткирели.

Кошуундар бийликтин сценарийиби?

Шайлоо компаниясына көз салган активисттер мындай тынчсызданууга көп себептер бар дешет. Буга акыркы мисал катары элдик кошуундун өкүлдөрүнүн 2-октябрда Бишкек шаарында уюштурган маалымат жыйынын келтиришти. Анда элдик кошуундун активисттери президенттик шайлоодо коомдук тартипти көзөмөлдөө максатын жарыялашкан.

Ошол эле учурда алар бийликтин талапкерине көбүрөөк ыктап турушканын кыйытышкан. Маселен, “Элдик кошуундар биримдиги” коомдук кыймылынын төрагасы Алга Кылычев мындай деген:

- Айрым адамдар шайлоо баштала электе эле ызы-чуу салып жатышат. Биз саясатчыларга кайрылып кетерибиз эсиңер барда этегиңерди жыйгыла, мындай улуу сөздө уят жок. Биз элдик кошуундар милиция менен республика боюнча 12 миң адамды чыгарып жатабыз. Шайлоо күнү тынчтык болсун деп милиция менен тынчтыкты сактоого убада беребиз.

Бул арада “Таза шайлоо” бирикмеси милиция шайлоо учурунда көзөмөлдү байкоо үчүн элдик кошуундан баш тартууну талап кылган расмий кайрылууну бийликке жөнөткөнү жатат. Аталган бирикменин жетечиси Айнура Усупбаева, элдик кошуундар шайлоодо деструктивдүү күчкө айланып кетиши мүмкүндүгүн айтып, коомдук абалды көзөмөлдөөгө милициянын өзүнүн күчү жетиштүү дейт.

Ал эми “Акыйкат шайлоо үчүн” коомдук бирикмеси алдыңкы күндөрдө элдик кошуундар маселесин дагы бир ирет ар тараптуу талкуулаганы жатат. Өз кезегинде милиция ыктыярдуу элдик кошуундар тууралуу жарандык коомдун тынчсыздануусун жогорку жетекчиликтин курамында карап көрүүнү убада кылууда.

Тартип органдары элдик кошуунду акыркы жолу ушул жылдын 31-августунда Эгемендүүлүк майрамында республикалык масштабда колдонгон. Элдик кошуун кыймылы 2010-жылкы революциядан кийин коомдук тартипти көзөмөлдөө максатында түзүлүп, милициянын көзөмөлүндө иш алып барган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG