Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Мадумаров менен Ташиев жыйынтыкты таанышпайт


Камчыбек Ташиевдин колдоочуларынын митинги, 31-октябрь, 2011-жыл
Камчыбек Ташиевдин колдоочуларынын митинги, 31-октябрь, 2011-жыл

Президенттикке талапкерлер Адахан Мадумаров менен Камчыбек Ташиев шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабын койушту.

Буга добуш берүүнүн жыйынтыгын одоно бурмалоолор, шайлоочулардын тизмелерин ыңгайына жараша түзүп алуу жана добуштарды сатып алуу боюнча катталган жүздөгөн фактылар негиз боло тургандыгын айтып чыгышты.

Ошол эле кезде шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча алдыда бара жаткан Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү өкүлдөрү мындай айыптоолорго негиз жок экендигине токтолушту.

Тизме чатагы

Президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча үчүнчү орунду камсыздаган талапкер Камчыбек Ташиев шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыгын жарыялады.

Ташиев буга талапкер Алмазбек Атамбаевдин пайдасы үчүн шайлоо участокторунда катталган жүздөгөн мыйзам бузуулар жана шайлоочулардын тизмесин бурмалоо аркылуу бөлүп-жаруучулук технологиясы негиз бере тургандыгына токтолду:

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев
​- Өмүр бою добуш берип келе жаткандар шайлоо участогуна барышса, тизмеде жок болуп чыгышкан. Көпчүлүк шайлоо участокторунда 500-600 шайлоочу тизмеге кирбей калган. Бул бийлик 20-октябрдан кийинки тизмени түзгөндө мурдагы тизмени алмаштырып, өздөрүнө ыңгайлуу каттоо жайындагы адамдарды калтырып, калгандарын атайын киргизбей коюшкан.

Мына ушундай амалкөйлүк менен булар жеңишти камсыз кылабыз дешкен. Бирок мен шайлоочуларымдын добушун уурдаганга жол бербейм. Мен аягына чейин туруп, ар бир добушту коргоп алам
.

Ошол эле кезде шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча экинчи орунду ээлеген президенттикке талапкер Адахан Мадумаров да добуш берүүнүн жалпы жыйынтыктарын жокко чыгарып, кайра шайлоо дайындоо талабын койду.

Адахан Мадумаров “Шайлоо” автоматташтырылган системасынын маалыматтары менен талапкерлердин штабдарынын участоктордон чогулткан маалыматтарынын ортосунда кескин айырмачылыктар болуп жаткандыгына токтолду.

Кайра шайлоо дайындоого мындан башка да одоно мыйзам бузуулар негиз бере тургандыгын айткан Мадумаров бул боюнча парламенттин кезексиз отурумун чакыруу маселесин көтөрдү:

Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров
- Мен шайлоонун бул жыйынтыктары менен макул эмесмин. Кыргызстандын тарыхында болуп көрбөгөн жапырт мыйзам бузуулар орун алды. Биздин байкоочулар урнага Атамбаевдин пайдасы үчүн ташталып жаткан токсон эки бюллетенди кармашты. Байболовдун байкоочулары жүздөн ашуун бюллеттен ташталган учурду каттоого алышкан.

Ошондуктан БШК шайлоо болбой калды деген тыянак чыгарыш керек. Кайра шайлоонун тартиби жана кетирилген кемчиликтер парламенттин чукул чакырылган отурумунда каралып, көз каранды эмес жаңы комиссия түзүлүш керек
.

Шайлоочулардын добуш берүүсү айрым аймактарда адаттан тышкары көп болуп, буга чейинки шайлоолордо саясий активдүүлүгүн көрсөтүп келген кээ бир жерлерде адамдардын шайлоого катышуусу төмөн болгон. Бул жагдайды нааразы тараптар шайлоонун жыйынтыктарына карата шек жарата турган учурлар катары баалашты.

"Жыгылган күрөшкө тойбой" жатабы?

Анткен менен жалпы шайлоочулардын 63 пайыздан ашуун добушун алды деп кабарланып жаткан талапкер Алмазбек Атамбаевдин колдоочулары мындай айыптоолорду четке кагышты.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков коюлуп жаткан дооматтарга негиз жок деп эсептейт:

- Мына ошол эле беттерине карманып жаткан шайлоочулардын тизмеси жергиликтүү жана Борбордук шайлоо комиссиялары тарабынан түзүлгөн. Бул ошолордун айынан келип чыккан техникалык кемчилик. Мына ошолордун аракеттеринен кандайдыр бир күмөн саноого негиз жок. Анткени бардык тепкичтеги шайлоо комиссияларынын курамына саясий партиялардын өкүлдөрү жана талапкерлердин адамдары киргизилген. Ошондуктан бул дооматты мен жеңилип калган талапкерлердин чычалагандыгы деп түшүнөм.

Ошол эле учурда шайлоого катышып, аз добуш алып калган талапкерлердин айрымдары да добуш берүүнүн жыйынтыктары бурмалангандыгын айтып чыгышты.

Талапкер Марат Иманкулов Алмазбек Атамбаев мамлекеттик башкаруу машинасын өзүнүн пайдасына иштетүү жагынан мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевден кем калбаганына токтолду:

- Мына ушул мыйзам бузуулар туурасында мен шайлоого чейин эле айтып чыккам. Анткени башында эле буларда ушундай план болгон. Шайлоонун жыйынтыгы ушундай болоорун айтып чыкканда көпчүлүгү маани бербей коюшпадыбы. Булар эми асмандан алынган сандар менен жеңишти камсыз кылышты. Бирок ушундай иштерди өздөрү жасашкандан кийин эми анын кесепеттери үчүн да өздөрү жооп беришет. Бул иштин кесепеттери өтө эле оор болот.

Шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон президенттикке талапкерлер Мадумаров менен Ташиев өздөрүнө берилген добуштарды аягына чейин коргоп, Алмазбек Атамбаев менен саясий соодалашууга барбай тургандыктарын жар салышты.

Тасмада: Айрым талапкерлер БШКны таратуу талабы менен чыкты

Президенттикке талапкерлер: Кубатбек Байболов, Сооронбай Дыйканов, Марат Иманкулов, Кубанычбек Исабеков, Адахан Мадумаров, Курманбек Осмонов жана Камчыбек Ташиевдин расмий өкүлү маалымат жыйынын өткөрдү. (JaK/AAl)


Айрым талапкерлер БШКны таратуу талабы менен чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:01 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG