Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:24

Талканчиев: Шайлоону уюштуруу начар болду


Добуштарды эсептөө. Бишкек, 30-октябрь, 2011-жыл.
Добуштарды эсептөө. Бишкек, 30-октябрь, 2011-жыл.

“Узак мөөнөттүү байкоочу” долбоорунун координатору Медер Талканчиев шайлоо жыйынтыктары тууралуу суроолорго жооп берди.

- Байкоочулар кечээ эле шайлоонун жыйынтыктары тууралуу өдөрүнүн алдын ала маалыматтарын жарыялай баштаган. Алардын ичинде сиздердин "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы да бир топ шайлоо участокторундагы мүчүлүштүктөр туурасында айтып чыкты. Негизги мыйзам бузуулар деп эмнелерди атайт элеңиз?

- Шайлоодогу байкоонун жыйынтыгында - эң чоң маселе шайлоочулардын тизмеси болуп чыкты. Көптөгөн шайлоочулар аты-жөнүн тизмеден таппай, шайлоо укугунан ажырап калып жатышты.

Арыздарын убагында берип, БШКнын чакыруусун да алып, бирок эмнегедир тизмеден жок болуп калганы көп суроо жаратты. Буга нааразы болгондор болду. Мындай учур ар бир облустарда эле катталып атты.

Экинчи маселе – маркировкага байланыштуу болду. Анткени колго коюлган сыяны жуулбайт, кайра добуш берүүгө тоскоол болот деген сөздөр айтылган. Бирок шайлоочулардын көбү колго коюлган сыянын тез эле өчүп калганын айтып жатышты. Ошондон кийин бул да коркунучтарды пайда кылды.

- БШК айрым шайлоо участкаларына колго сүртүлчү сыя кимдир бирөөлөр тарабынан алынып кирилиши мүмкүн экенин белгилеген. Сиздер ушундай жагдайларды байкай алдыңыздарбы?

- Тилекке каршы БШК убагында маркировканын критерийлерин ачыктабай, эч кимге билгизбей, көрсөтпөй, эч ким билбеши керек деген ойдо шайлоо күнү гана ал ыкманы колдонду. Ошондуктан биз да ошол эле күнү көрдүк.

Анын өң-түсү кандай экенин, кандай техникалык мүмкүнчүлүгү бар экенин мурда билбегендиктен текшерүүгө мүмкүнчүлүгүбүз болгон жок. Сапаты төмөн экенине ошол жерлерден гана күбө болуп аттык.

- Массалык бурмалоо, добуштарды сатып алуу, шайлоочуларды ташып келүү, акча таратуу деген фактылар буга чейинки шайлоолордо катталганы айтылчу эле. Азыркы шайлоодо ушундай көрүнүштөр катталдыбы?

- Шайлоодо добуштарды сатып алуу болуп атат, кайсы бир талапкердин пайдасына деп акча таратуулар болду деген маалыматтар жүрүп жатты. Бирок ошол фактыларды каттап, же видео, сүрөткө тартып алуу мүмкүн болгон жок. Анткени добушту сатып алган адам да, акча алган адам да чыныгы маалыматты айтпайт экен. Жалпы маалымат катары айтылып аткан менен тактоого мүмкүнчүлүгүбүз болгон жок.

- БШКнын алгачкы жыйынтыктары чыгып, Алмазбек Атамбаев алдыга чыкканы айтылып атат. Байкоочулар БШКнын азыркы маалыматтарын таанып атабы?

- Азыр биринчиден, толук маалымат чыга элек. Экинчиден, айрым участкаларда шайлоонун жыйынтыктарына таасир тийгизчү мыйзам бузуулар болуп атты.

- Мурдагы шайлоолорго караганда алдыга жылыш барбы же тескерисинче артка кеттиби? Анткени айрым байкоочулар бул ирет деле мурдагы бийликтин каталары кайталанды деп айтып чыгышты эле?

- Укук жагынан алганда эркин болду. Бардык тараптарга бирдей мамиле, бирдей мүмкүнчүлүк берилди. Бирок экинчи тарабынан алганда БШКнын шайлоону техникалык жактан камсыз кылышы, тейлөөсү жана уюштуруу иштери абдан төмөн болду.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG