Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:08

Четтеги журтташтар шайлоого жигердүү катыша алган жок


Mocквадагы кыргыз элчилигинин имараты.
Mocквадагы кыргыз элчилигинин имараты.

Чет өлкөлөрдөгү кыргызстандык мигранттардын саны жүз миңдеп кетери айтылып жүргөнү менен консулдук каттоодо турган жана шайлоо тизмесине киргендер саны 40 миңге жеткен эмес.

Алардын 30-октябрдагы шайлоого катышуу көрсөткүчү абдан төмөн болду, добуш берүүгө тизмедегилердин жети пайызга жетпегени гана келди. Бирок шайлоо бекеттерине келип, өзүн тизмеден таппагандар чет өлкөлөрдө да, өзгөчө Орусия менен Казакстанда көп кездешти.

Бул шайлоодо 23 өлкөдө 29 гана шайлоо бекети түзүлгөн. Булардын ичинен Орусияда үч, Германияда үч, Казакстан, Түркияда экиден, Кыргызстандын элчилиги же консулдугу бар калган өлкөлөрдө бирден гана шайлоо бекети болду.

Бул жолу жаңы мыйзамдын талаптарына ылайык, четтен консулдук каттоодо турган, буга кошумча элчиликке же консулдукка шайлоого катышарын күн мурунтан кабарлап, арыз берген жарандар гана катыша алмак.

Андыктан чет өлкөдөгү шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү кыргызстандыктардын добуш берүүгө катышуу көрсөткүчү төмөн болгондугун ириде ушул себеп жана экономикалык фактор менен байланыштырышты. Анткени элчилик же консулдук жайгашкан шаарга жетүү белгилүү бир каражатты талап кылат.

Орусия, Казакстан

Чет өлкөлөрдөгү добуш берүүнү уюштуруу боюнча аймактык шайлоо комиссиянын маалыматына караганда, четте катталган шайлоочулардын саны 38 жарым миңдин тегерегинде. Алардын он беш миңден ашууну Орусияда, он миңден ашууну Казакстанда консулдук каттоодо тургандар.

Бирок бир нече жүз миң кыргызстандык бар деп эсептелген Орусия борбору Москвада 800ге жетпеген гана жаран добуш бере алды. Элчиликтеги шайлоо комиссиянын төрагасы Алмаз Абдисияев “Азаттыкка” буларды айтты:

- Жалпысынан 15542 шайлоочу тизмеге кирген. Алардын 713ү добуш берип кетти. Ошол жалпы тизменин 13 миңден ашууну консулдук каттоодо турган жарандарыбыз. Калган 3 миңге жакын адам элчиликке өздөрү күн мурунтан келип, шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз жазып кеткендер. Бирок Москванын шартында, кыргызстандыктарда дем алыш деген да азыраак болот. Добуш бере албай кеткен жарандарыбыз да болду. Алар эмне үчүн добуш бере албай калгандарын түшүндүргөнгө аракет кылдык. Бирок ошентсе да бизге дооматтар айтылды.

“Азаттыктын” Москвадагы кабарчысынын баамында, элчиликке келгендердин ар бир экинчиси тизмеде жок болгондуктан добуш бере албай кайткан.

Он миңдей адам консулдук каттоодо турган Алматы шаарында добуш берүүгө болгону 122 адам гана катышты, бирок бул жердеги шайлоо комиссиясынын мүчөсү Алтынбек Сыдыковдун “Азаттыкка” айтканына караганда, консулдук каттоодо тургандар ичинен да өзүн тизмеде таппагандар арбын болду. Ал эми шайлоого эл аз келгенинин бир себеби добуш берүү мурдагыдай базарга жакын жерде уюштурулбагандыгында болду.

- Көбү келе албай калды, көбү тыгынга кабылып, жетише албай калышты. Консулдук каттоодо тургандар да өздөрүн тизмеден таппай, урушуп, арыз жазгандары жазып, жазбагандары жазбай кетишти. Мурунку шайлоолордун баары адамдар көп иштеген базардын жанында өтчү эле. Азыр консулдуктун имаратында өткөнү үчүн жол кире акысы эле эки миң теңге, же алты жүз сом. "Автобус жөнөтсөңөр барат элек" деп телефон чалгандар болду.

Европа, Азия

Европадан кыргызстандыктар Германияда үч жерде, мындан сырткары Австрия, Британия, Бельгия, Швейцарияда бир жерде, Түркияда эки жерде добуш беришти.

Европанын кыргызстандык эмгек мигранттары эң көп жүргөн өлкөсү Италияда элчилик да, консулдук да жок болгондуктан ал жердеги журтташтардын эч кимиси жарандык укугун ишке ашыра алышкан жок. Италиядагы кыргыз диаспорасынын лидерлеринин бири Гүлнара Арыкбаева мындай дейт:

- Абдан өкүнүчтүү. Чет өлкөдө жүрүп, Кыргызстанга жардам көрсөткөнүбүз менен үнүбүз угулбай калды. Ошого абдан өкүнүп турам.

Гүлнара Арыкбаева
Гүлнара Арыкбаева
Гүлнара Арыкбаеванын айтымында, Италиядагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын саны бери дегенде 3 миңдин тегерегинде.

Азиядан кыргызстандык эмгек мигранттары эң көп жүргөн өлкө - Түштүк Корея. Бул жерде 3-4 миң кыргызстандык жүрөт деп эсептелгени менен консулдук каттоодо алардын 10 пайыздан бир аз ашууну гана турат. Элчиликтеги шайлоо комиссиясынын билдиргенине караганда, тизмедеги 523 адамдын 109 гана добуш берди.

Элчи Дүйшөнкул Чотонов “Азаттык” менен маегинде бул өлкөдөгү кыргызстандыктардын шайлоого катышуу активдүүлүгүнүн төмөндүгүнүн бир себебин башка шаарлардан борбор Сеулга жетүү үчүн жол киренин кымбаттыгы менен түшүндүрдү. Элчинин айтымында, Түштүк Кореяда да тизмеде жоктордон 30-40 адам элчиликке келип, бирок добуш бере алышкан жок.

АКШ

Чет өлкөдөгү шайлоо бекеттеринин эң акыркысы убакыттагы айырмачылыктан улам АКШда ачылды. Вашингтондогу шайлоо комиссиясынын төрагасы, “Кыргыз клаб” бирикмесинин жетекчиси Айбек Хакимов “Азаттыкка” белгилегендей, АКШдагы кыргызстандыктар саны жети миңге чейин жетет деп эсептелгени менен, шайлоочулар тизмесине аз эле киши кирген:

- Бизде 140 адам катталган. Анткени Вашингтондо жашаган кыргызстандыктар аз эле. Көпчүлүгү Нью-Йоркто, Филадельфияда, Калифорнияда, Синсинатиде. Белгилүү себептер менен алар келе албайт. Биз Нью-Йорктон элүүдөй адамды алып келүүгө аракеттендик. Бул да жакшы.

АКШда каттоодогу азганактай кыргызстандыктар добуш берип жаткан кезде, Кыргызстанда шайлоонун баштапкы жыйынтыгы, кайсы талапкер алдыга чыкканы белгилүү болуп калган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG