Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:47

БШК жарыштан чыгаргандарды ЖК жактады


БШК талапкерлердин кол топтоо баракчаларын кайрадан карап чыгууда, 30-сентябрь, 2011-жыл.
БШК талапкерлердин кол топтоо баракчаларын кайрадан карап чыгууда, 30-сентябрь, 2011-жыл.

Кыргызстандын Жогорку Кеңеши БШК каттоодон баш тарткан тогуз талапкердин шайлоого катышуу укугун кайра калыбына келтирүү токтомун кабыл алды.

Кол тамгаларды кайрадан текшерип чыгабыз деген БШК эми талапкерлердин айрымдарын дароо каттап, калгандарын тил сынагынан өткөрүүгө мажбур болууда.

29-сентябрда Жогорку Сот да беш талапкердин пайдасына чечим чыгарган.

Оюндан чыккандар Жогорку Кеңештен колдоо тапты

30-сентябрда БШК менен жарыштан чыгарылган талапкерлерди талашы Жогорку Кеңеште талкууга алынып, анын жыйынтыгында парламент талапкердин пайдасында токтом кабыл алды.

Ага ылайык, Боршайкомго тогуз талапкердин шайлоого катышуу укугун калыбына келтирүү тапшырмасы берилди. Токтом тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков:

- БШК Биринчи Май райондук соту менен Жогорку Соттун өкүмдөрүн аткаруу үчүн мыйзам чегинде президенттикке талапкерлердин бузулган укуктарын жана шайлоого катышуу мүмкүнчүлүктөрүн калыбына келтирсин.

Президенттикке талапкерлердин укуктарын бузганы үчүн БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимовго мыйзам бузган кызматкерлерге чара көрүү тапшырмасы берилсин. Боршайком бул токтомдун аткарылышы боюнча үч күн ичинде Жогорку Кеңешти кабардар кылсын.


Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча профилдик комитетине тапшырылды.

Буга чейин Боршайком тогуз талапкерди топтоп келгени кол тамгаларындагы мүчүлүштүктөр үчүн каттоодон баш тарткан. Ага нааразы болгон талапкерлер Бишкектеги Биринчи май райондук сотуна кайрылып, сот талапкерлердин пайдасына чечим чыгарган.

БШК өкүмгө нааразы болуп, Жогорку Сотко кайрылганы менен бул инстанция да 29-сентябрда беш талапкердин пайдасына чечим чыгарган.

Андан соң БШК менен талапкерлердин талашы Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, бүгүн түшкө чейин Боршайком төрагасы Туйгуналы Абдраимов депутаттардын суроолоруна жооп берген.

БШК талапкерлерди каттоону улантат

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Сотто утуп чыккан сегиз талапкердин кол топтоо баракчаларын кайрадан текшерилерин билдирип, бүгүн алардын бир нечесин кайра карап чыгууга жетишкен.

Бирок Жогорку Кеңеш токтом кабыл алгандан кийин, БШК президенттикке талапкерлерди каттоо процессин улантат, дейт БШК басма сөз катчысы Кылычбек Досумбетов:

30-сентябрда БШК мүчөлөрү жарыштан четтеген бир катар талапкерлердин кол топтоо баракчаларын кайрадан карап, каталарды таап чыгышты.
- Кол топтоо баракчалары жараксыз деп табылган тогуз талапкер: Турсунбай Бакир уулу, Токтайым Үмөталиева, Нариман Түлеев, Салмоорбек Дыйканов, Аскарбек Абышев, Калыбек Арабаев, Төрөбай Колубаев, Акбараалы Айтикеев, Уланбек Сооданбековдун талапкерлиги кайрадан каралат. Алардын ичинен кыргыз тил сынагынан өткөн үч талапкер: Бакир уулу, Колубаев жана Дыйканов катталат. Калган талапкерлер ушул жекшемби күнү кыргыз тили боюнча экзамен тапшырат. Бул чечимдерди БШК кийинки отурумдарында карап чыгып, бекиткенден кийин күчүнө кирет.

Бул жагдайды БШК төрагасы орун басары Гүлнара Журабаева да тастыктап, БШКнын башка аргасы калбаганын “Азаттыкка” билдирди. Деген менен тогуз талапкерлер каттоодон өткөн күндө да, башка талапкерлерге караганда үгүт иштерине кечиккен жокпу деген суроо туулууда. Мындай жагдайга бүгүн депутаттар көңүл бурушуп, БШК төрагасына кайрылышты. Төрага Туйгунаалы Абдраимов болсо буга мындайча жооп кайтарды:

- Үгүт иштеринен өксүп калды дегенге мен кошулбайм. Турсунбай Бакир уулу менен Түлеевге бардыгыбыз жакшы эле пиар, жарнама жасап берип жатабыз.

Ошентип Боршайком дагы тогуз талапкерди каттоо маселесин алдыңкы күндөрү колго алат. Эгер бул талапкерлердин баары каттоодон өтүшсө, 30-октябрга белгиленген презиенттик шайлоого 29 талапкер ат салышмакчы. 25-сентябрга чейин 20 талапкер расмий түрдө каттоодон өткөн болчу.

XS
SM
MD
LG