Линктер

дүйшөмбү, 16-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 02:55

Соттолгон саясатчыларга сокку урчу мыйзам


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда сот жообуна тартылгандарга соттуулугу жоюлгандан кийин да беш жылдан 15 жылга чейин президенттикке жана депутаттыкка талапкерлигин коюуга тыюу салуу сунушталууда.

Мыйзамдын демилгечилери бул оор жана өтө оор кылмыш кылгандардын бийликке келишине бөгөт коёрун айтып жатышат. Ошол эле кезде талдоочулар мыйзам баарынан мурун соттолуп чыккан жана учурда түрмөдө отурган саясатчыларга багытталган деп эсептешет.

Мындай сунуш шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча президент түзгөн жумушчу топ иштеп чыккан мыйзам долбоорунда бар. Ага ылайык, террордук жана экстремисттик багыттагы жана кызматтык анча оор эмес кылмыштарды кылгандыгы үчүн соттолгондор соттуулугу алынып же жоюлгандан беш жыл өткөндөн кийин президенттикке, депутаттыкка талапкер боло алат. Оор кылмыш кылып түрмөгө түшкөндөр он жылдан соң, өзгөчө оор кылмыш жасап соттолгондор 15 жылдан кийин талапкерлигин коё алат.

Бул жобо депутаттар арасында нааразылык жаратып, буга чейин мыйзамдын демилгечилеринин бири Аида Касымалиева аталган берене алынып салынарын билдирген. Бирок ал «Азаттыкка» бул маселе бир жаңсыл боло элек экенин айтып берди:

Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

«Бул маселе ары же бери болуп чечилбей жатат. Мисалы: «Буга чейин саясатчыларга куугунтук болуп, коррупция үчүн айыпталып соттолушкан. Алар эмне үчүн шайлоого катышпай калышы керек?» деген суроолор берилди. Бирок мунун экинчи жагы да бар. «Экстремисттердин, киши өлтүргөн же бачабаздардын маселеси кандай болуп калат?» дегендер да бар. Биз муну адистер менен сүйлөшүп жатабыз. Эгер коррупция үчүн соттолгондорго саясий куугунтук болгон десек, киши өлтүрүү жана экстремисттик иштер үчүн соттолгондор ушул бойдон калышы керек. Ошондо оор кылмыштар менен соттолгондор шайлоого 15 жылдан кийин гана барууга укук алышат».

Аида Касымалиева парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзулүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин 21-майдагы жыйынында мыйзамдын демилгечилери соттуулукка байланышкан жобону толугу менен алып салууну чечишкенин айткан.

Ал эми 3-июнда жогорудагы мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтүп, ага жергиликтүү кеңештин депутаттары менен жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Анда Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев соттуулугу барларды кылмыш ишине жараша шайлоодон четтетүү тууралуу сунушту колдоп чыкты:

Акылбек Сариев.
Акылбек Сариев.

«Саясатка баргысы келген киши өзү таза болгону жакшы. Кайсы бир саясатчы мыйзам чегинде же кандай негизде жоопко тартылган - аны ар ким өзү ажыратып алат. Эл болсо «бийликке билими жоктор, кылмыштуу топтун мүчөлөрү келип жатат» деп айтып жатат».

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев президенттикке жана депутаттыкка талапкердин соттуулугуна жана жогорку билимине байланыштуу мыйзам долбоорун 2018-жылы эле сунуш кылган. Президент түзгөн жумушчу топ иштеп чыккан долбоор депутаттын мыйзамына дээрлик окшош. Ушундан улам Бокоев мыйзамын артка чакыртып алганын айтып, анын дагы бир себеби катары буларды белгиледи:​​

Кенжебек Бокоев.
Кенжебек Бокоев.

«Бир саясатчыны жок кылыш үчүн анын мойнуна «соттуулугу бар» деген нерсени илип коюп, ага шайлоого барууга жол жабылып калбасын деген негизде мыйзамды чакыртып алдым. Анткени акыркы жылдардагы окуяларды көрүп жатасыңар. Коомчулуктан да бир катар сунуштар келди».

Жумушчу топ иштеп чыккан мыйзам долбоору жалпысынан президенттикке жана депутатыкка талапкерлерге талаптарды күчөткөнү жатат. Маселен, президенттикке талапкер шайлоого чейинки алты жыл ичинде өзүнө жана аялына катталган мүлкү, кирешесинин булагы тууралуу декларация тапшырышы керек. Ал эми депутаттыкка талапкерлер шайлоого чейинки беш жыл ичиндеги киреше-чыгашасы жана мүлкү боюнча декларация тапшырууга милдеттендирилет.

Саясат талдоочу Марс Сариев сунушталып жаткан мыйзамдагы жаңы өзгөртүүлөр, анын ичинде соттуулукка байланышкан жобонун саясий өңүтүн мындайча чечмеледи:

Марс Сариев.
Марс Сариев.

«Бул мыйзам долбоорунун саясий кызыкчылыгы көбүрөөк. Мисалы, азыр Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров түрмөдө отурат. Андан тышкары мунапыс менен эркиндикке чыккан бир топ жигердүү саясатчылар бар. Туура, кылмышкерлер шайлоодо талапкер болбошу керек. Бирок бул мыйзам биринчи кезекте бийликтин саясий атаандаштары үчүн кабыл алынчу мыйзам. Мыйзам кабыл алынса Текебаев түрмөдөн чыккандан кийин 15 жыл бою шайлоого катыша албайт».

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Канатбек Азиз бул мыйзамды азырынча кабыл алуу эрте деп эсептейт. Ал буга Кыргызстандагы сот систамасына болгон ишенимдин жоктугу себеп экенин айтты:

Канатбек Азиз.
Канатбек Азиз.

«Саясий өңүтүнөн алганда бул туура эмес. Баарына мүмкүнчүлүк бериш керек. Баары шайлоого катышышы керек. Анын үстүнө Кыргызстанда сот системасы эми-эми гана бир аздан оңоло баштады. Биз Акаевдин, Бакиевдин жана Атамбаевдин бийлигинин тушунда бирөөгө иш козготуп, аны шайлоого катыштырбай койгон учурларды көргөнбүз. Ошондуктан азыр бул жобону кабыл албай туруш керек. Эгер сот реформасы толугу менен ишке ашса - кабыл алса болот эле».

Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча президент түзгөн жумушчу топтун мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда колдоо тапкан. Мыйзамга 25 депутат демилгечи болуп атат. Алар Жогорку Кеңеш мыйзамды колдоп берсе, мыйзам парламент жайкы эс алууга кеткиче президентке кол коюуга жиберилерин кабарлашты.

«Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев жетектеген жумушчу топ иштеп чыккан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (36)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG