Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:01

Кара-Суу: Жээнбековдун штабынан чыккан талкуу


Шайлоо участогу ачылган жеке турак үйү
Шайлоо участогу ачылган жеке турак үйү

Оштун Кара-Суу районунда муниципалдык мекемеде ачылган талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабы талкуу жаратты. Ушул эле райондо айыл башчынын үйүнө добушкана ачылды.

Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айылындагы №5237 шайлоо участкасы жайгашкан жерде президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабы ачылганы тууралуу “Азаттык” радиосуна жергиликтүү тургундар кабарлашты.

Алардын бири өзүн Муртазо деп тааныштырып, бийлик сүрөгөн талапкердин штабы мамлекеттик-муниципалдык ишканалар жайгашкан имаратта орун алганын айыптады:

- Кызыл-Кыштак айылындагы №65 мектептин короосунда айылдын өз алдынча башкаруу мекемеси, мындайча айтканда айыл башчынын кеңсеси жайгашкан. Андан тышкары почта, “Шамшад суу” чарба ишканасы жана милиция бөлүмчөсү бар. Биз муну түшүнбөй жатабыз жана мыйзам бузуу деп эсептейбиз.

Муниципалдык мекеме
Муниципалдык мекеме

Жергиликтүүлөр штаб деп айтып жаткан имарат Муратхан Сабиров атындагы мектеп менен бир короодо жайгашкан. Ошол эле мектеп имаратында №5237 шайлоо участкасы иштеп жатат. Штаб деп айтылган кеңсе менен добушкананын аралыгы элүү метрге жетпейт.

Муну мыйзамсыз деп эсептеген айылдагы активисттер штаб жайгашкан жерди видеого тартып алышкан. Анда имараттын сыртында “Сооронбай Жээнбеков” деген жазуусу бар байрак илинип турганын көрүүгө болот. Ошол кеңседеги бир адам активисттердин камерасын тартып алууга аракет кылганы да тасмага түшкөн.

“Азаттыктын” кабарчысы барган күнү (19-сентябрда) байракты алып коюшуптур. Бирок ал жерде иштеген адамдар штабдын кеңсеси ушул имаратта жайгашканын жашырышкан жок.

Штаб (жергиликтүү тургундар тарткан сүрөт)
Штаб (жергиликтүү тургундар тарткан сүрөт)

Биз менен маектешкендердин баары штабды Бахадыр Халматов башкарарын айтышты. Халматов өзү жолугушууга макул болбой, ал жер парламенттеги КСДП фракциясынан депутат Искендер Матраимовдун коомдук кабылдамасы экенин айтты. Матраимов аталган муниципалдык имаратка штаб ачылганы туура эместигин айтып, азыр коомдук кабылдама катары ишин улантып жатканын белгиледи.

Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Маматкерим Капаров штаб деп аталган жерден кабары жоктугун билдирди:

- Биз участкалардын баарын текшергенге үлгүрбөй жатабыз. Эми текшеребиз. Мыйзамдуу же мыйзамсыз жагын азыр айта албайм, китепти көрүшүм керек.

Капаров шайлоо участкаларын текшерип үлгүрбөй жаткан себебин жакында эле Кара-Суу шаардык кеңешине өткөн шайлоого байланыштырды.

Абдыжапар Бегматов
Абдыжапар Бегматов

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орунбасары Абдыжапар Бекматов бул жаатта эч кандай даттануу түшпөгөнүн билдирип, бирок муниципалдык мекеменин имаратына жана шайлоо участкасы жайгашкан жерге штаб ачуу мыйзамга дал келбестигин кошумчалады:

- Муниципалдык, мамлекеттик мекемелер жайгашкан имаратка штаб ачуу, көрнөк-жарнак илгенге болбойт. Шайлоо участкаларынын ичине талапкерлердин баарынын сүрөтү жана алар тууралуу маалымат илиниши керек.

Ал арада Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнө караштуу Кырк гектар деген конушта айыл башчы Маматимин Топчубековдун үйүнө №5563 участкасы ачылды. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Маматкерим Капаров болсо башка жерде имарат табылбаганына байланыштуу жергиликтүү бийликтерден уруксат алып, айыл башчынын үйүнө ачууга аргасыз болушканын билдирди. Аталган конушта 200дөй адам добуш берет.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Назарали Арипов айыл башчы муниципалдык кызматкер болуп саналарын, бул маселенин мыйзамдуу жагы карап чыгыларын “Азаттык” радиосуна айтты.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Ага 13 талапкер ат салышууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG