Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Бишкектеги жарылуу иликтене баштады


Бишкек.
Бишкек.

Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдында жарылуу болду. Бул орусиялык ишкер Александр Гайдуковго кол салуу болушу мүмкүн экени айтылууда.

Учурда Исанов көчөсүндөгү №98 үйдүн тегерегин милиция курчоого алды.

Ишкер жеңил жарадар болду. Бирок милиция "ага кол салуу уюштурулуп, жардыруу болду" деген маалыматты расмий ырастай элек. Бул окуя эки жыл мурда дал ушул жерде болгон Гайдуковго кол салууну кайрадан эске түшүрдү.

Бишкектин Исанов көчөсүндөгү №98 үйдүн алдындагы жарылуу болгону тууралуу кабар милицияга 10-августта саат 11.30 ченде түшкөн. Анда үйдүн жашоочулары катуу үн чыкканын айтышкан.

Ошондон кийин окуя болгон жерге Бишкек милициясынын ыкчам тобу, сапёрлер келип, ал үйдү курчоого алышты. Алар күбөлөрдү сурап, тиешелүү иштерди жүргүзүштү.

Бишкекте көп кабаттуу үй курчоого алынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:20 0:00

Баш калаанын милициясынын басма сөз катчысы Адыл Оморовдун айтымында, олуттуу жабыркагандар, курмандыктар жок:

- Бардык маалыматтар текшерилип жатат. Жардыруубу же кол салуубу - текшерилип, эксперттер өз жыйынтыгын чыгарат. Мунун баары тастыкталган соң гана кенен маалымат берилет.

Милициянын маалыматынан көп өтпөй Интернетте окуя болгон үйдүн байкоо камерасына тартылган тасма тарады. Анда ал үйгө орусиялык ишкер Александр Гайдуковго түспөлдөш адам эки-үч кишинин коштоосунда кирип келе жатканда жанындагы көчөткө илинген белгисиз зат жарылганын көрүүгө болот.

Андан Гайдуков жеңил жарадар болуп, Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна кайрылганын бул оорукананын башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков "Азаттыкка" кабарлады:

- Бизге саат 13:30дарда кайрылды. Колу менен санына чачырандылар кирип кетиптир. Аны алдырган соң ооруканага жатып дарылануудан баш тартты.

Жардыруу болгон учур

​Ачык булактардагы маалыматтар боюнча 47 жаштагы Александр Гайдуков - Орусиянын жараны. Ал 1990-жылдардын башында Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматында иштеп, кийин бизнеске өткөн. Санкт-Петербургда бир нече ишканаларды түптөп, жетекчилик кылган.

Ал эми Кыргызстандын Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча Гайдуков Бишкекте "НС Информ Консалтинг», «BISHKEK-EXPO» жана «Кей суппро» аттуу үч ишкананын түзүүчүсү болгон. Алардын биринин директору катары Кыргызстандын Коргоо иштери боюнча комитетинин мурдагы төрагасы Марат Кенжесариев көрсөтүлгөн.

Ошондой эле 2016-жылы "Дело №" гезити Гайдуков Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Замир Бекбоевдин жакындары менен бирге ишкерлик кыларынын жазып чыккан. "Азаттык" ​Замир Бекбоевге ​кайрылганда Александр Гайдуковду тааный тургандыгын, бирок чогуу бизнеси жок экенин билдирди:

- Мен ал кишини тааныйм. Бирок эч кандай биргелешкен бизнесим жок. Эмне болгонун өзүнөн сураш керек. Мен анын жашоосуна кийлигишпейм.

Александр Гайдуковго 2016-жылы да Исанов көчөсүндөгү №98 дарегиндеги үйдүн алдында кол салуу болгону белгилүү болду. Маалымат каражаттарынын жазышынча, Гайдуковго белгисиз адам ок атып, качып кеткен. Анда орус жараны жарадар болуп, бирок бул кылмыштын бети ачылган эмес.

Жардыруу болгон жердеги күбө жиберген видео.

Узак жылдар боюнча коопсуздук органдарында иштеген эксперт Орозбек Молдалиевдин пикиринде, бул окуяны укук коргоо органдары абдан кылдат иликтеши керек:

- Биринчи жолу атканда эскертүү болгон. Эми жардырганы экинчи эскертүү болду окшойт. Буларга бирөө талап коюп, аны аткарбаганы үчүн ушундай эскертүүлөрдү кылып жатат. Эми үчүнчүсү олуттуу болушу мүмкүн. Жарылуу жөн эле дилетанттын жоругу эмес деп ойлойм. Бул жерде орусиялык ишкердин биздин коргоо тармагында иштеген жетекчилер менен кандай байланышта болгонун, бизнесин карап чыгыш керек. Мисалы, бир ишканасы маалыматтык консалтингдик кызмат көрсөтүү үчүн иштейт дейт. Кимге кызмат көрсөтөт, эмне кылат - мунун баары иликтениши керек.

Азырынча милиция окуянын чоо-жайын териштирүү иши жүрүп жатканын айтууда. Анын жыйынтыгы менен кылмыш иши козголобу, азырынча белгисиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG