Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:59

ТИМге жаңы жетекчи сунушталды


Чыңгыз Айдарбеков.
Чыңгыз Айдарбеков.

Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлиги Кыргызстандын тышкы иштер министринин кызматына көрсөтүлдү.

Мыйзам боюнча, өкмөт мүчөсү иштен кетсе, премьер-министр жаңы талапкерди парламентке сунуш кылат. Жогорку Кеңештин чечиминен кийин президент жарлык чыгарат.

Чыңгыз Айдарбеков 41 жашта. 1977-жылы Бишкек шаарында туулган.

Жогорку билимге ээ. 1998-жылы Кыргызстандын эл аралык университетин аяктап, “Эл аралык байланыштар” боюнча адистигине ээ болгон. 2001-жылы – ошол эле университетте “Юриспруденция” боюнча магистратураны бүтүргөн.

Эмгек жолун 1998-жылы Тышкы иштер министрлигиндеги КМШнын башкы башкармалыгында атташе кызмат ордунда баштаган.

2001-2003-жж. Кыргыз Республикасынын ТИМнин КМШ башкы башкармалыгынын үчүнчү, экинчи катчысы болуп кызмат өтөгөн.

2003-2005-жж. Кыргыз Республикасынын ТИМнин КМШ башкармалыгында биринчи катчы;

2005-2008-жж. Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы элчилигинде биринчи катчы (кеңешчисинин бирдигинде). Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы иштери боюнча убактылуу ишенимдүү өкүлү;

2008-жылы Кыргыз Республикасынын ТИМнин КМШ департаментинин көп тараптуу кызматташтык боюнча бөлүмүнүн жетекчиси;

2008-2010-жж. Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы элчилигинин кеңешчиси;

2011-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын тышкы байланыштар жана протокол бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары;

2012-2016-жж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аппаратынын эл аралык байланыштар жана протокол бөлүмүнүн жетекчиси;

2016-жылдын апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Жапониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп эмгектенип келет.

Алган сыйлыктары

2011-жылы натыйжалуу жана чын дилинен аткарган кызматы үчүн Кыргыз Республикасынын президентинин атынан алкыш жарыяланган.

2012- жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын атынан алкыш жарыяланган, өздүк делосуна киргизилген.

2014-жылдын 29-декабрында Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен “Мамлекеттик кызматынын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси” класстык чини ыйгарылган.

2017-жылдын 24-октябрында Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен “Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу кичи элчиси” дипломатиялык рангы берилди.

Англис тилинде эркин сүйлөйт.

2014-жылдын 17-октябрында “Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине 70 жыл” медалы ыйгарылды.

Чыңгыз Айдарбеков эл аралык кылмыш укугу жана тынчтыкка жана адамзат коопсуздугуна каршы кылмыштар боюнча 10дон ашык илимий макаланын автору.

Буга чейинки тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 12-октябрда өз каалоосу менен жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүү таратып: “Министр болуп алты жыл иштеп, өз каалоом менен кызматтан кетүү тууралуу арызымды жаздым. Мамлекет башчысы кабыл алды. Кызматташтарыма, биринчи кезекте Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлерине ыраазылык айтам. Мага ишенип, колдогондордун баарына рахмат” деген.

Анын кызматтан кетүү жөнүндө арызын президент канааттандырган.

Буга чейин Түштүк Кореядагы элчи Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигиндеги жана дипломатиялык паспортторду колдонуудагы мыйзам бузулган учурлар тууралуу билдирүү тараткан. Президент Сооронбай Жээнбеков анын билдирүүлөрүн текшерүүнү Коопсуздук кеңешинин катчылыгына тапшырган.

Катчылык кечээ өз корутундусун жарыялады. Анда ТИМ системасында мыйзам бузуулар болгону аныкталганы айтылат. Ошол эле учурда Кылычбек Султан мурда Малайзияда элчи болуп иштеп жүргөндө мыйзамга туура келбеген аракеттерге барганы да аныкталган.

Кыргызстандын 116 мамлекет менен дипломатиялык байланышы бар. Өлкө 71 эл аралык уюм менен кызматташат. 30 дипломатиялык өкүлчүлүк, 8 консулдук бөлүм бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG