Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:03

Эки аткаминерди иштен кетирген жаңжал


Мурдагы элчи Кылычбек Султан менен мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев.
Мурдагы элчи Кылычбек Султан менен мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев.

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жана Кыргызстандын Кореядагы элчиси Кылычбек Султан кызматтан алынды. Ал арада Кылычбек Султан президент Жээнбековдун бийлигин тааныбай турганын айтып, чет өлкөдөн башпаанек сурады.

Мунун алдында Коопсуздук кеңешинин катчылыгы аталган министрликтеги коррупция жөнүндө иликтөө жүргүзгөн. Буга элчинин өзүнүн билдирүүсү себеп болгону менен иликтөөдө кайра анын өзүнө көбүрөөк айып коюлган.

Ошентип, соңку эки аптадагы Тышкы иштер министрлигинин айланасындагы талаш-тартыштар министр Эрлан Абдылдаевдин жана Кореядагы элчи Кылычбек Султандын иштен кетишине алып келди. Аларды кызматынан бошотуу тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 12-октябрда кол койду.

Президенттик аппарат Абдылдаев менен Султанды иштен алууга Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын министрликтеги коррупциялык аракеттер тууралуу иликтөөсүнүн корутундусу себеп болгонун ырастады.

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева иштен алуунун себептерине мындайча түшүндүрмө берди:

Толгонай Стамалиева.
Толгонай Стамалиева.

- Белгилүү болгондой, Кыргызстандын Кореядагы элчиси алгач билдирүү менен чыгып, Тышкы иштер министрлигиндеги айрым кемчиликтер тууралуу айткан. Андан кийин Тышкы иштер министрлиги да президентке кайрылып, элчинин өзүнүн ишинде да алешемдиктер бар экенин кабарлап, Кылычбек Султанды иштен бошотуу тууралуу сунуш киргизген. Ушундай чырдуу абал жаралып калгандыктан президент эки тараптын тең материалдарында келтирилген фактыларды, божомолдорду иликтөөнү Коопсуздук кеңешинин катчылыгына тапшырган. Катчылык иликтөө ишин бүтүрүп, жыйынтыктарын кечээ жакында, 10-октябрда президентке киргизген. Ал иликтөөнүн жүрүшүндө тараптар келтирген жүйөлөрдөн башка материалдар да алынган. Укуктук баа бериш үчүн топтолгон материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлдү. Бүгүн болсо Эрлан Абдылдаев кызматтан кетүү тууралуу арызын жазды, ал арызы кабыл алынып, Абдылдаев тышкы иштер министри кызматынан бошотулду. Ошону менен бирге Кылычбек Султан да элчилик кызматынан бошотулду. Кызматтан кеткен себеби - Коопсуздук кеңешинин иликтөөсүндө элчинин да, министрдин да кемчиликтерди кетиргени табылды. Ошонун негизинде алар иштен алынды, - деди Стамалиева.

Иштен алынганы кабарлангандан бир аз мурдараак Кылычбек Султан өзү “Фейсбуктагы” баракчасына билдирүү калтырып, “президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигин таануудан баш тартарын, чет өлкөдөн саясий башпаанек сурап кайрылганын” жазды.

Мындан тышкары, ал “Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров, Сапар Исаков бошотулмайынча, мындай адамды президент деп тааныбайм” деп белгилеген.

Кылычбек Султандын "Фейсбуктагы" билдирүүсү.
Кылычбек Султандын "Фейсбуктагы" билдирүүсү.

Анын өзү менен телефон чалып байланышуу мүмкүн боло элек. Бирок Кылычбек Султан Бишкектеги “Апрель” телеканалына 12-октябрда мындайча пикирин билдирди:

- Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын иликтөөсү калыс өтүшү үчүн алар Кыргызстандын президенттик аппаратынын башчысы Досалы Эсеналиевди кызматтан убактылуу четтетип турушу керек эле. Же мени чакырып, сурашы керек болчу. Мени угушкан жок, менин документтеримди карашкан да жок. Алар сырттан гана иликтөө жүргүзүп, соңунда 90% мени айыптап коюшуптур. Ошондуктан бул бийлик акыйкат болоруна ишеним жоголду. Акыйкатсыз бийликке баш ийгим келбейт жана “мени эмне кылсаңар ошол кылгыла” деп айта албайм. Мен, маселен, Сапар Исаковду эмне кылып жатышканын көрүп жатам. Анын акыйкатсыз камалганын көрүп туруп, мага карата да ушундай мамиле болорун жон терим менен сезип жатам. Ошол себептүү мен чет өлкөдөн башпаанек сурадым. Мен үчүн президент Сооронбай Жээнбековдун бийлиги эч ким эмес. Ал мындай шоуларын өзүнүн ишенчээк адамдарына айта берсин. Эгер президент өзүнүн үй-бүлөлүк, кландык режимин орнотуп, артынан тууганын калтырып кетпесе эле мен кийин Кыргызстанга барып актыгымды далилдейм. Андай болбосо мен сырттан туруп Жээнбековдун бул үй-бүлөлүк кландык режими менен күрөшө берем, - деген Султан.

Мурдараак Кылычбек Султан өзү “Азаттыкка” комментарий берип, Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын корутундусунда ага карата коюлган дооматтар жалган экенин айтып, муну далилдеш үчүн анда документтери бар экенин кабарлаган.

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева болсо “элчинин мамлекеттик кызматта иштеп жатып, башка өлкөдөн башпаанек сураганына таң калып жатышканын” билдирди. Ал ошондой эле Кылычбек Султан көтөргөн маселелер иликтенип келгенин, ага эч кандай куугунтук болбогонун кошумчалайт.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын иликтөөсү тууралуу президенттик аппараттын сайтында жазылган кабарда Тышкы иштер министрлигинин системасындагы мыйзам бузуу орун алгандыгы аныкталганы жазылат. Бирок алар эсептелген эмес.

Ошол эле кезде министрликтин келтирген жүйөлөрү белгиленип, элчи Кылычбек Султандын өз ишмердүүлүгүндөгү он чакты мыйзам бузуу мисалдар менен келтирилген.

Ал мурда Малайзияда элчи болуп иштеп жүргөндө “жашыруундуулук режимин бузганы”, “кызматтан бошотулгандан кийин өзүнүн жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн аккредитациялык карточкасын өткөрүп бербегендиги, дипломат болуп туруп “Фейсбук" баракчасында ТИМдеги кат алышууну ачыкка чыгарып жибергени, элчинин резиденцияда эмес, мейманканада жашаганы, Кореяда элчи болуп туруп Малайзияга жеке иштери менен каттаганы да мыйзамсыздык катары көрсөтүлгөн.

Тыянакта мындан сырткары Кылычбек Султан мамлекеттик кызматта иштеп туруп, бир эле учурда “Супер”, “Супер кроссворддор”, “Супер сканворддор” гезиттери чарбалык субъектилеринин жетекчиси болгону сынга алынган.

Канткен күндө да Тышкы иштер министрлигинин, элчинин жана президенттик аппараттын айланасындагы бул талаш-тартыштар коомчулукта түрдүүчө пикирлерге жем таштады. Тышкы иштер министринин мурдагы биринчи орун басары Талант Кушчубеков мындай деди:

- Эми Кылычбек Султан профессионал дипломат эмес. Журналист, ишкер же коомдук ишмер десек жарашат. Бул журналисттик табияты тартып, айтпай турган нерселерди деле ачыкка чыгарып жиберип, аягы ушуга алып келди окшойт. Дипломат деген - бул билгениң тилиңдин учунда турса да, өзүн токтоо кармаганды билиши керек. Экинчи жагын алганда, бул жигит саясий оюнга кирип кетти. Менин тобокелдик менен болжогон оюмда, бул жигит бийлик менен кандайдыр бир маселелер боюнча соодалашкан. Андан эч кандай жыйынтык болбогондон кийин ушундай аракеттерге барды окшойт. Эгерде мыйзам бузуу боюнча ошончолук эле айткысы келип жатса, башкача жол менен айтса болмок, жеткирсе болмок. Анан илгерки биздин кыргыздын мыкты инсаны Исхак Раззаков айткандай, “биринчи өзүң таза болушуң керек”. Өзүң эч кандай мыйзам бузууга барбаган болсоң, анан министрликтеги мыйзам бузууну айтып чыгыш керек эле. Ал жердеги келтирилген мыйзам бузулган учурларды биз деле оо качантан бери айтып келатабыз. Ошондуктан министр Абдылдаевдин иштен алынганы деле туура болду.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев да соңку окуялар үстүртөн көрүнгөндөй жөнөкөй эмес экенин, артында саясий күчтөрдүн тирешинин илеби сезилип жатканын айтты:

- Менин көз карашымда бул жерде эки тараптын - азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кармашы жүрүп жатат. Элчи бул жерде Атамбаевдин кадры катары эсептелип жатат. Анан ага "Жээнбековдун кадрларынын кемчиликтерин, анын ичинде жанагы Каденова жана башка маселелерди көтөрүп чык" деген тапшырма болушу мүмкүн. Ошондуктан учурда соңку аракеттеринен кийин анда да, мында да кине бар экени байкалып турат.

Мукар Чолпонбаев.
Мукар Чолпонбаев.

Чолпонбаев ага карабай элчи Кылычбек Султан айтып чыккан ТИМдеги коррупциялык иштер Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын корутундусунда каралбай, кайра элчинин өзүнө айып коюлуп жатканын орунсуз деп баалайт:

- Кандай болгон күндө да Кылычбек Султан келтирген мыйзам бузуу фактылары жакшылап иликтенип, ага чара көрүлүшү керек болчу. Кайра тескерисинче мындай коррупция жөнүндө жазган, айткан кишилерди куугунтуктай берсе - эртең эч ким ачык чыкпай калат да. Эртең ким коррупция менен күрөшөт, анан? Баары ачык айтуудан тайсалдап калат да. Эгер ошол элчинин айткандарынын ондон бирин эле ашкерелеп коюшканда жетиштүү болмок. Андан ары тийиштүү адамдарга чара көрүүгө же кылмыш ишин козгоп-козгобогонго түрткү болмок. Калганы тергөөдө аныкталмак, - деди Мукар Чолпонбаев.

22-сентябрда эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарынын аэропортунан учакка мас абалында кирип, ызы-чуу чыгарганы кабарланган. Бул тууралуу алгач Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова каармандын ысымын жана кызматын так атабай, өзүнүн баракчасына жазып чыккан. Кийин бул маалыматты Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан ырастап, маалымат каражаттарына маек куруп жиберген.

Бул окуядан кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Зууракан Каденованы эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары кызматынан бошоткон. Каденова кийин өзү тууралуу маалыматтарды төгүндөп, ичкилик эмес, жүрөк оорусунун дарысын ичкенин айтып чыккан болчу.

Кылычбек Султан 24-сентябрда Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, Каденова мас болуп калганын ачыкка чыгарбоо тууралуу тапшырма президенттик аппараттан берилгенин айтып чыккан.

Ошол эле басма сөз жыйынында элчи Тышкы иштер министрлигиндеги жана дипломатиялык, кызматтык паспортторду колдонуудагы мыйзам бузулган учурлар, элчиликтердеги коррупция жана башка нерселер тууралуу билдирүү жасаган. Президент Сооронбай Жээнбеков андагы маалыматтарды текшерүүнү Коопсуздук кеңешинин катчылыгына тапшырган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG