Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:15

К. Өмүралиев: Өкмөттүн структурасы өзгөргөн жок


Кубанычбек Өмүралиев
Кубанычбек Өмүралиев

Өкмөттүн жаңы курамы, ага байланыштуу нааразылык акциялар тууралуу талдоочу, “Кыргыз парламентарийлери коррупцияга каршы” уюмунун жетекчиси Кубанычбек Өмүралиев “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Азыркы өкмөт ар башка партиялардан куралды. Ушундан улам өлкөнү азыркыдай кризистен чыгара алабы?

К. Өмүралиев: Биринчиден, коалиция идеологиялык жактан, өздөрүнүн программасы жактан кичине кайчылаш болгон партиялардан түзүлдү. Бирок эмнеси болсо да коалиция түзүлдү. Ал эми структура эч өзгөргөн жок. Мен чакан, кичинерээк, бири-бирин кайталабаган структура болсо керек деп ойлогом.

Экинчиден, ар кайсы көз караштагы партиялардын өкүлдөрү өкмөткө мүчө болуп киришти. Алардын иши кыйын болот, талаш-тартыш көп болот болуш керек. Анан өлкөнү кризистен алып чыгарына көзүм жетпейт.

“Азаттык”: Өкмөт түзүлөрү менен анын курмана байланыштуу каршы пикирлер, алтүгүл нааразылык акциялар болду. Мындай акциялар эмнеден кабар берет?

К. Өмүралиев: Азыркы кырдаалдан кабар берет. Мисалы, мугалимдерден баштап дагы башка нааразы кыймылдар, күчтөр бар. Ушундай кыштын кычаган маалында ушундай акциялар күчөп жатса жазында алда кандай болуп кетиши мүмкүн. Ошон үчүн өкмөт түзүлгөндөн күндөн баштап жакшылыктуу иш-аракеттерди кылбаса анын арты жаман болот.

“Азаттык”: Өкмөттүн мүчөлөрү кандай критерийлер менен тандалды деп ойлойсуз?

К. Өмүралиев: Бул жерде бир эле критерий бар. Жанагы коалицияны түзгөндө деле кимге канча орун болот деп бөлүштүрүшпөдү беле, ошол эле критерий менен келишти. Кыскача айтканда "папка" бөлүштүрүүнүн негизинде болду.

“Азаттык”: Иши кыйын болот деп айтылганы менен коалициялык өкмөт түзүлдү. Эми өлкөнү азыркыдай кризистен чыгаруу үчүн алдын ала кандай шарттар көрүлүшү керек?

К. Өмүралиев: Жок дегендей парламент иштей баштап, жылдын аягына чейин жайында донорлор Кыргызстанга убада кылган 1,1 миллиард деген грант менен жеңилдетилген кредиттерди алуу боюнча ишти башташы керек. Биздин донор мамлекеттер бул каражатты бизге азыр бербей жатпайбы. Парламент ушунун үстүндө иштеши керек. Анын өзүңөргө белгилүү, бюджеттин таңсыктыгы 20 миллиард сомдон ашты. Мына жылдын бүтөрүнө 10 эле күн калды. Эң негизги ушул маселелерди чечүү керек.

“Азаттык”: Өкмөттүн азыркы курамында аялдар жок. Бул эмнеден кабар берет?

К. Өмүралиев: Жанагындай "папка" бөлүштүрө келгенде эле өкмөттөгү орундан аялдар үчүн эмес, партиялардын ичинде башка эркек мүчөлөрүнө деле жетпей калды окшойт. Эми агенттик, башка комитет, комиссиялар бар эмеспи, балким ошолордун айрымдарын аялдарга ыйгарат болуш керек. Аялдардын жоктугу өкмөттүн ишине таасир этиши мүмкүн. Мурун жок дегенде бир-экөө болчу эмес беле.

“Азаттык”: Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG