Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:20

Репуччи: конституциялык өзгөртүүлөр тынчсыздандырат


Дүйнөдөгү эркиндиктин көрсөткүчү
Дүйнөдөгү эркиндиктин көрсөткүчү

"Фридом Хаус" уюмунун жылдык баяндамасында дүйнөдөгү калктын 36% жашаган 49 өлкө «эркин эмес» деген топко кирген.

Уюмдун Нью-Йорктогу кеңсесинин өкүлү Сара Репуччи "Азаттыкка" берген маегинде Кыргызстанда президент Алмазбек Атамбаев «президенттиктен бийлиги күчтүү премьер-министрлик кызматка өтүшү ыктымал» деген пикири менен бөлүштү.

- Евразия аймагы демократияга багыт алган жана бекем автократиянын өзөгү бар деп экиге бөлүнүптүр. Украинада, Грузияда жана Молдовада демократиялык өнүгүүлөр алсыз болсо, Азербайжан, Тажикстан жана Кыргызстандын лидерлери экономикалык жана саясий туруксуз кырдаалда өз бийлигин бекемдөө үчүн аракет көрүп жатканы айтылат. Чындап эле жогоруда аталган өлкөлөрдүн бийликтери өз бийлигинин эле камын көрүп жатабы?

- 2016-жылы Азербайжанда бийлик күч менен адамдардын үнүн басып, Аливдердин көзөмөлүн кармап турууну көздөгөн референдум өткөнүнө күбө болдук.

Соңку кезде бул өлкөнүн экономикасы солгундап кеткенин көрдүк, өкмөттү кыймылдаткан табигый байлыктардан түшкөн киреше азайды. Карапайым адамдарды саясат менен көп алектендирбей кармоонун аргасын издешти. Эми экономика солгундап бараткан саясий режим өз бийлигин сактап калуунун чарасын көрүүдө. Анткени башкаруучу режимдин эл арасында алымдуулугу жок. Азербайжанда мындай көрүнүш жаңы болгону менен үстүбүздөгү жылы дагы ал багыт уланат деген ойдобуз.

- Кыргызстандагы конституциялык өзгөртүүлөр эмнеден белги берет?

- Биз Кыргызстандагы конституциялык өзгөрүүлөргө тынчсызданып турабыз. Балким Атамбаев конституциялык өзгөрүүлөр аркылуу президенттик кызматтан премьер-министрликке бара турган жагдайды түзүп жатабы деп чочулап турабыз. Конституцияда премьер-министрдин бийлиги күчтөндүрүлдү. Мындайды биз башка өлкөлөрдөн дагы көрүп жатабыз.

Конституцияны өзгөртүп азыркы ээлеген кызматынан дагы күчтүү кызматка баруу – Кыргызстанда буга чейин жасалбаган кадам болот. Бул ишке ашса таң кала турган нерсе эмес. Кыргызстанды 2017-жылы такай көз салып турчу өлкөлөрдүн тизмесине киргиздик. Анткени конституциялык өзгөртүүлөр Кыргызстан Борбор Азияда алгылыктуу көрсөткүчтөргө ээ өлкө бойдон калабы же артка кетеби – ошону көрсөтөт.

- Өзбекстан менен Түркмөнстан Түндүк Корея, Түштүк Судан, Сирия менен бирге ркиндик толук чектелген топко кирген. Эмне себептен Борбор Азиядагы эки өлкө 11 мамлекет кирген бул топко кошулуп калды?

- Бул жерде эки түрдүү мамлекетти белгилеп коюш керек. Мамлекеттик түзүлүшү кыйрап калат деген өлкөлөр – элдин эркиндигин толук чектеген согуш жүрүп жаткан жерлер.

Экинчи топ – катаал репрессивдик мүнөздөгү башкаруучу режими бар мамлекеттер. Түркмөнстан менен Өзбекстан ошол топко кирди. Репрессия күчтүү диктаторлук режимдерде башка көз карашты карманып, пикир айтканга жол берилбейт. Нааразылыкка чыккан чакан топ болобу, көз карандысыз бейөкмөт уюм болобу, же көз карандысыз журналист болсун – алар үнүн чыгара алышпайт. Ошондой эле коомдо толук стагнация. Соңку бир нече жылга көз салсаңыз мындай нерсе кайра-кайра кайталана бергенин көрөсүз. Катаал репрессивдик режимдер өз элине каршы ыкмаларды өркүндөтүп жаткандыктан эч кандай илгерилөө сезилбейт.

- Өзбекстанда жакында эле бийликке башка адам келди. Ошентсе дагы өзгөрүүлөр болоруна көзүңүз жетпеби?

Жаңы башкаруучу режим келгенден бери, тилекке каршы, биз эч кандай өзгөрүүлөрдү байкай элекпиз. Жаңы келгендер мурдагы бийликтен чындап айырмаланары билинбейт. Ким бийликке келсе дагы мурдагы режим өкүм сүрүүдө. Ал жерде бул жеке бир адамдан көз каранды эмес экенин көрсөтөт.

Оторбаев: Кыргызстанда да, дүйнөдө да эркиндиктер чектелүүдө

Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев "Фридом Хаус" уюмунун Кыргызстандагы адам укуктары жаатында абалга берген баасына толук кошулбай турганын билдирди.

“Азаттык”: “Фридом хаус” уюмунун баяндамасында Кыргызстан “жарым-жартылай эркин мамлекет” деп бааланууда. Постсоветтик өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да саясий-экономикалык чыңалуудан улам бийлик күчтөнүп, адам укуктарынын сакталышы артка кетип жатканы белгиленген. Омбудсмен институту бул тыянакка кошулабы?

Оторбаев: Уюмдун баяндамасын карап чыктым. Кыргызстан боюнча бөлүгүндө Атамбаевдин президенттик мөөнөтү 2017-жылы аягына чыгары жазылыптыр. Бирок мамлекет башчы Конституцияга өзгөртүү киргизүү менен өз бийлигин сактап, премьер-министр болуп келгени жатат деген өңүттө баяндалыптыр. Мен андай көзү ачыктык кыла албайм.

Биринчиден, Алмазбек Атамбаев бийликтен кеткенден соң кийинки мөөнөткө шайлануу, премьер-министр да, спикер да болуу дымагы жоктугун бир канча жолу айткан. Мен бул сөзүнө ишенем.

Экинчиден, Атамбаевдин кайра бийликке келишине эл да жол бербейт. Биздин калк эки жолу төңкөрүш жасагандыктан, бийликти көзөмөлгө алууну билет.

Жалпысынан алганда, “Фридом хаус” уюму Кыргызстанды “жарым-жартылай эркин өлкө” деп атаган экен. Мен буга кошулам. Анткени, Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө, ошол Кошмо Штаттардын өзүндө да эркиндиктер, укуктар чектелди. Бийликке келген Дональд Трамптын кадамдарын көрүп жатасыңар, “мусулман мамлекеттердин жарандарын Америкага киргизбейм” деген буйрукка кол коюп жатат. Мурунку президент Барак Обаманын медицинаны реформалоо программасын артка кайтарып, миллиондогон адамдын саламаттыкты сактоо багытындагы укуктарын чектеди.

Экинчиден, Атамбаевдин кайра бийликке келишине эл да жол бербейт. Биздин калк эки жолу төңкөрүш жасагандыктан, бийликти көзөмөлгө алууну билет.

Европада деле абал дурус эмес. Британиянын Евробиримдиктен чыгышы да көптөгөн качкындардын аталган өлкөдөн баш калка алуу мүмкүнчүлүгүн жок кылды. Бозгундар Британиянын шаарларына кире албай калды.

Ошондуктан, АКШ алапайын таппай, Европа жүдөп жатканда Кыргызстандагы адам укуктары жөнүндө айтуу татаал маселе.

“Азаттык”: “Фридом хаус” уюму деле жүздөн ашуун өлкөгө байкоо салып, дүйнөдө жарандык эркиндик коркунучта экенин белгилеп жатат. Кайрадан Кыргызстан тууралуу сөз кыла турган болсок, Конституцияны өзгөртүп, эл аралык уюмдардын Кыргызстандын ички ишине кийлигишүүсүнө чектөө коюу жаатындагы кадам да жарандык коомдун сынына кабылды. Жаңы Баш мыйзам адам укуктарын бузууга шарт түзөт деген ойлор айтылган. Сиз бул жагдайга кандай пикирдесиз?

Оторбаев: Конституцияны өзгөртүү жаатындагы пикиримди кезинде айткам. Аны азыр кайталап отуруунун кажети жок. Бирок адам укуктары боюнча баалуулуктар сакталганын белгилеп өтөйүн. Баш мыйзамда 114 берене болсо, анын 44ү адам укуктарына байланыштуу.

Эл аралык уюмдардын көрсөтмөсү менен соттук чечимдерди кайра карап өлкө дүйнө жүзүндө бир эле Кыргызстан экен (БУУнун Адам укуктары комитетинин сунушу менен укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши кайра каралган - ред.).

Ашыкча либералдашкан мамлекеттердин катарындабыз. Менимче, мамлекеттин эгемендигине доо кетирбөө, көз карандысыздыгын сактоо максатында кадамдар жасалды деп ойлойм. Ошол эле учурда сот тармагындагы жемкорлукту жоюп, судьялардын эркиндигин камсыздашыбыз керек. Бизге өткөн жылы кайрылган 15 миң кишинин көбү соттордун чечимдерине нааразы. Андыктан, сот реформасын алдыга жылдырып, укук коргоо уюмдарындагы абалды оңдоп, коррупцияны жоймоюнча адам укуктарынын оңолушу тууралуу сөз кылуу эрте.

“Азаттык”: “Фридом хаус” уюму мурунку баяндамаларында деле Кыргызстанда сөз эркиндиги дурус эместигин белгилеп келген. Быйыл да ушундай баа берилип жатат. Өлкөдөгү сөз эркиндигинин сакталышына силер кандай байкоо жүргүзүп жатасыңар?

Оторбаев: Мурдагы мезгилдерге караганда дурус эле. Бирок терс көрүнүштөр бар. Айрыкча, Фейсбук сыяктуу социалдык тармактарда айтылган пикирлерге байланыштуу адамды суракка алуу, иликтөө жүргүзүү туура эмес. Бул абал жакшылыкка алып барбайт, тынчсызданууга негиз бар.

Жалпысынан алганда, гезит-журнал, телерадиолорду жаап салган учурларды көрө элекмин. “Сентябрь” сыяктуу жаңы телеканалдар пайда болду.

“Азаттык”: Ошол эле учурда жалпыга маалымдоо каражаттарына бөлүп мамиле жасаган учурлар болуп жатпайбы. Мисалы, сиз айткан “Сентябрь” каналынын журналисти жана башка айрым басылмалардын кабарчылары президенттин өткөн жыл аягындагы басма сөз жыйынына киргизилбеди.

Оторбаев: Бул жагдай басма сөз кызматынын жоопкерчилигинде. Кезинде ага баа берилди. Телеканалдар өз позициясы менен ишин улантууда. Жаңы каналдар ачылууда.

“Азаттык”: Демек, сөз эркиндигине байланышуу айтылган сындар орундуу эмеспи?

Оторбаев: Ушул сыяктуу окуялар болбогон өлкөнү көргөн жокмун. Бул абал Кыргызстанга гана мүнөздүү эмес. Мисалы, АКШнын президенти Дональд Трамп алгачкы маалымат жыйынында CNN каналынын журналистине суроо бергизбей койбодубу. Мен дүйнөлүк абалды айтып жатам, Кыргызстан деле өзгөчөлөнүп кеткен жок.

“Фридом хаус” уюмунун баяндамасы тууралуу бул жерден окуңуз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG