Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:56

Герман: Күчтүү жарандык коом - мезгил талабы


“Фридом хаус” уюмунун вице-президенти Роберт Герман Кыргызстанда жүрөт. Дүйнөдө адам укуктарынын, сөз эркиндигинин сакталышына көз салган уюмдун Кыргызстанга карата баалары кандай? Кыргызстан бул маселелерде алдыга жылдыбы? Мына ушул суроолордун тегерегинде Роберт Герман “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Роберт мырза, сиз жетекчилеринин бири болгон “Фридом хаус” Кыргызстанда адам укуктарынын сакталышына, сөз эркиндигинин азыркы абалына кандай баа берет?

Роберт Герман: Бул менин Кыргызстанга үчүнчү сапарым. Биринчи жолу 1990-жылдары, экинчи жолу беш жыл мурун келгем. Эми үчүнчү жолу келип отурам.

Ар бир келген сайын Кыргызстанда чоң саясий өзгөрүүлөрдү байкап жатам. Кыргызстанда демократия бара-бара кулач жайып баратканы байкалат. Демократияны куруудагы кыйынчылыктарды да көрүп жатам. Бирок бул басып өтө турган жолдор, баскычтар. Кыргызстандагы жарандар, активисттер менен жолугушканда, алар менен демократия, сөз эркиндиги боюнча пикир алмашууда канааттануу алдым.

“Азаттык”: Анда эмне үчүн “Фридом хаус” Кыргызстанды өткөн жылдары 155-орунга коюп, толук эркин эмес мамлекет катары баалап жатат. Кыргызстанда эркин гезиттер, интернет сайттар тоскоолдуксуз иштеп, чыгып жатат. Эмнеге Кыргызстан төмөн баага татыды?

Герман: “Фридом хаус” дүйнө жүзү боюнча адам укуктарынын сакталышы, демократия жана сөз эркиндигинин абалы боюнча иш жүргүзөт. Кыргызстанга келгенде да булардын баарын эсепке алабыз. Эл аралык өкмөттүк эмес уюм катары ушулардын баарын камтыйбыз.

Акыркы кезде Кыргызстанда саясий жана сөз эркиндиги кысымга кабылбагандыгы байкалат. Мисалы, интернетте, талкууларда адамдар курч пикирлерин, сындарын коркпой эле айтышат. Бул жагынан жылыштар бар.

Мындан сырткары журналисттердин кесипкөйлүгүнө да көңүл бурабыз. Мисалы, журналисттер эл аралык стандартка ылайык иштейби? Журналисттик иликтөө, объективдүүлүктө эл аралык стандарттын сакталышын да эсепке алабыз.

“Азаттык”: Бул эми журналисттердин кесиптик даярдыгына байланыштуу маселе болуп жатпайбы?

Герман: Кесиптик даярдыктын начарлыгы журналисттердин маалыматты берүүсүнө абдан таасир этет. Ушул жагынан алганда силерде аксоо күчтүү.

“Азаттык”: Кыргызстан эркин өлкөлөрдүн катарына кириш үчүн журналисттердин кесипкөйлүгүн көтөрүү жетиштүүбү же башка дагы чаралар керекпи?

Герман: Кесипкөйлүктөн сырткары маалыматтын Кыргызстан калкына бирдей, тегиз тарашына да байланыштуу. Кыргызстанда маалымат каражаттары өздөрүнүн позициясын кармап, маалыматты өздөрү каалагандай берет. Мисалы, түштүк жакта өзбектер көп. Ал жакта тескерисинче, өзбек тилиндеги маалымат каражаттары азайып баратат.

Массалык маалымат каражаттарынын эркиндигинин эң маанилүү жана негизги критерийи журналисттер куугунтукка алынбаш керек, басымга кабылбаш керек, өзүн-өзүн чектөө (самоцензура) жок болуш керек.

Күчтүү жарандык коом кыялы

“Азаттык: Сиздердин уюм Кыргызстанда кыйноолор дагы эле орун алып жатканына көңүл буруп келет. Бул көрүнүштөн арылуу үчүн эмне жетишпейт? Мыйзамбы? Же жалпы күч структуралары эски көнүмүштөн арыла албай келатабы?

Герман: Бул мына ушул маселелердин комбинациясынан келип чыккан нерсе. Менталитетке да байланыштуу маселе бар. Аны өзгөртүү үчүн массалык маалымат каражаттары, жарандар аябай көңүл буруш керек. Терс көрүнүштөрдү көтөрүп куугунтукка алынгандар, кыйноого салынгандар болсо, аларды коомго алып чыгып, өкмөткө жеткириш керек. Бул жерде коом жана массалык маалымат каражаттары биргелешип иштеши маанилүү.

Демократиялык коомдун критерийлеринин бири - күчтүү жарандык коом. Ар бир жаран өзүнүн укуктарын билип, анын сакталышын талап кыла билиши керек. Ушундай аракет болгондо гана сот системасында, адам укуктары бузула турган системаларда абалды оңдоого болот. Маалымат каражаттары мындай терс көрүнүштөрдү токтоосуз чагылдырышы керек.

“Азаттык”: Азимжан Аскаров боюнча кыргыз соттору чечимин чыгарды. Сиздер анын күнөөсү толук далилденген жок, ошондуктан эркиндик алууга тийиш деп эсептейсиздерби?

Герман: Биз өткөн жумада эле Аскаров менен абакта жолугушуп келдик. Бул жерде кеп күнөөлүү же күнөөсү жок дегенде эмес, маселе ага байланыштуу сот жараянынын эл аралык стандартка, мыйзамдарга ылайык болбогонунда болуп жатат. Аскаровго байланыштуу сот ачык, айкын, эл аралык стандартка ылайык болуш керек. Бул иш боюнча сот учурунда да, ага чейин да мыйзам бузуулар болгон. Сотко чейин кыйноолор, мыйзамга туура келбеген иштер көп болгон. Сот жүрүп жатканда да мыйзамдар сакталбаганын билебиз.

"Аброй түшкөн жок"

“Азаттык”:
Кыргызстанда төрт депутаттын камакта жатканы боюнча “Фридом хаус” уюмунун кабары барбы?

Герман: Бул иш боюнча комментарий бере албайм. Анткени маалыматым аз. Бирок бардык демократиялык коомдо оппозициялык ойлор айтылса, кадамдар жасалса, аларга толеранттуу мамиле болуш керек. Оппозиция өзүнүн оюн билдирүүгө акылуу. Ал укук бийликти мыйзамсыз жол менен алууга, мыйзамсыз аракеттерге чакырууга тарабайт. Демократиялык коомдун көрсөткүчтөрүнүн бири - ар кандай ойлордун кеңири айтылышында.

“Азаттык”: Кыргызстан эгемен болгон биринчи жылдары “Фридом хаус”, ЕККУ жана башка эл аралык уюмдардын аброю абдан жогору эле. Азыркы кезде бул уюмдар менен эсептешпей калгандай. Буга эмне себеп болду?

Герман: Мен бул жерге кыска эле мөөнөткө келип жүрөм. Ошондуктан терең жана кенен талдап көрүүгө мүмкүнчүлүгүм аз. Бирок бул жерде көп жылдан бери иштеп жүргөн эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн айтымына караганда, “Фридом хаус”, ЕККУнун пикирлери, билдирүүлөрүнүн дагы эле салмагы бар жана алар эске алынат.

Демократия жана адам укуктарын коргоодо биздин негизги милдетибиз кыйноолор, адам укуктарын бузууларды коомго алып чыгып, өкмөткө, чечим кабыл ала турган кишилерге жеткиришибиз керек. Кыйноого кабылган, укугу бузулган кишилердин үнүн элге, өкмөткө жеткирүүгө аракет жасайбыз.

Көп жылдан бери бул жактагы кырдаалды байкап келатабыз. Саясий жактан аябай көп өзгөрүүлөр болуп жатат. Адам укуктарын сактоодо жакшы өзгөрүүлөр бар. Ошолор үчүн күрөшкөн адамдарды колдоп, өзүбүздүн аз болсо да салымыбызды кошконго сыймыктанабыз. Бул багытта дагы да иштөөгө даярбыз.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG