Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:45

Матраимов: Маалымат коопсуздугу түйшөлтүүдө


Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети 13-июнда Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү жактырды.

Мыйзам долбооруна ылайык, медианы негиздөө укугуна мамлекеттик органдар, саясий партиялар жана башка укуктук жактар, Кыргызстандын жарандары гана акылуу.

Ошону менен катар чет жактан каржыланган жалпыга маалымдоо каражаттарынын бир жылдык каржылануусундагы сырттан келүүчү капиталдын көлөмү 20% ашпоосу керек деген норма киргизүү сунушталууда.

Талкуу учурунда айрым депутаттар мындай талаптар сөз эркиндигине залакасын тийгизиши ыктымал деген пикирин айтып, каршы чыгышканы менен мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды.

Мыйзам долбоорун сунуштаган депутаттардын бири Искендер Матраимов “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Сиздер сунуштап жаткан мыйзам долбоорунун маңызы сөз эркиндигин ооздуктоо катары сыпатталып жатат. Кандай олуттуу себеп болду бул мыйзамды жазууга?

Матраимов: Биринчиден, Массалык маалымдоо каражаттары жөнүндөгү мыйзам эгемендиктин алгачкы жылдарында кабыл алынган. Мыйзамга маалымат мейкиндигинде коопсуздукту жөнгө салуу жаатындагы зарыл ченемдер, сөз жана маалымат таратуудагы эл аралык ченемдер киргизилбей калган. Анын бир мисалы катары айтайын, чет элден каржыланып жаткан медиа уюмдар үчүн чектөөлөр жок. Мамлекеттин коопсуздугун, эгемендигин коргоо жаатында чектөөлөр болушу керек. Бул тажрыйба башка мамлекеттерде колдонулат. Казакстанды алсак, жалпыга маалымдоо каражаттарынын бир жылдык каржылануусундагы сырттан келүүчү капиталдын көлөмү 20% ашпайт. АКШда жарандар телерадиоканалдардын 25% ашпаган үлүшүн көзөмөлдөй алышат.

“Азаттык”: Демек, башка мамлекеттердин мисалында мыйзамды толуктап жаткан турбайсыздарбы. Ал арада эксперттер жана активисттер бул мыйзамды конкреттүү түрдө "Азаттык" радиосу менен "Мир" телеканалына каршы жазылган долбоор катары сыпаттап жатышат. Буга сиз демилгечи катары кандай комментарий бересиз?

Матраимов: Сөз эркиндиги керек. Бирок мамлекеттин коопсуздугу да корголушу зарыл. Социалдык тармактардагы пикирлерди биз да окуп жатабыз. Көп адам колдоп жатат бизди. Бүгүнкү күндө экстремизм жана терроризм күчөп жатат. Биздин өлкөдө башка мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеген массалык маалымат каражаттары жамгырдан кийинки козу карындай көбөйдү.

“Азаттык”: Сиз айтып жаткан экстремизм жана терроризмди жайылтууга салым кошуп жаткан конкреттүү медиа уюмдар тууралуу сиздерде далилдер барбы?

Матраимов: Далил издеп, аны кармап чыгарып жаткан жокпуз биз. Биз алдын алуу максатында Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү сунуштап жатабыз. Мисалы, мыйзамдын үчүнчү жана бешинчи беренесинде жогорудагыдай маселе каралган. Бирок кыска болгондуктан, биз ага толуктоолорду гана киргизип коёбуз. 13-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети мыйзам долбоордун концепциясын кабыл алды. Эми экинчи окууда каралат, ага чейин дагы сунуштар болот. Алар да каралат.

“Азаттык”: Сиздер кооптонуп жаткан массалык маалымат каражаттары өлкөдөгү акыйкатсыздыктарды ачыкка чыгарып, элдин укугун тепсегендер менен күрөштө маанилүү роль ойноп жатканы да белгилүү. Ошондуктан сиздер чочулап жаткан "коркунуч" ушул эмеспи? Бул журналисттерге басым көрсөтүү, сөз эркиндигин кысмакка алуу болбойбу?

Матраимов: Жок, мындан трагедия жасоонун кажети жок. Биздин сөз эркиндигине тоскоолдук кылуу, кысмакка алуу максатыбыз жок. Болгону медианы каржылоодогу үлүшү тууралуу эле толуктоо бар.

“Азаттык”: 13-июндагы парламенттеги аталган комитеттин күн тартибинде бул маселе киргизилген эмес экен. Кокустан эле күн тартибине киргизип, концепцияны кабыл алуунун артында саясий кызыкчылыктар турган болушу мүмкүн деген да божомолдор жаралып жатат. Эмне мынча шашылыш киргизилди күн тартибине?

Матраимов: Шашылышты мен байкаган жокмун. Мен чакырылдым. Барып, баяндама бердим. Шашылыш киргизиштиби же башкабы, анысын билбейм.

“Азаттык”: Демилгечи депутаттар катары сиз, Кожобек Рыспаев, Тиллаев жана башка эл өкүлдөрү аталып жатат. Негизги демилгечи ким?

Матраимов: Демилгечилер арасында сиз айткандай, Кожобек Рыспаев, мен, Таабалды Тиллаев жана Жыргалбек Турсункулов барбыз. Бул демилге депутаттык топко таандык.

XS
SM
MD
LG