Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:34

Авиакырсык: маркумдар менен коштошуу


Акыркы маалыматтар боюнча авиакырсыкта 38 адам набыт болду.
Акыркы маалыматтар боюнча авиакырсыкта 38 адам набыт болду.

16-январдагы учак кырсыгында каза болгондор бүгүн жерге бериле баштады.

Соңку маалыматтарга караганда, учак кыйрагандан кийин сөөгү табылган 34 адамдын тек-жайы аныкталды. Алардын сөөгүн Бишкек, Чүйдөн тышкары, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарына жакындары алып кетишти.

Алты көр каздырып...

​Дача айылындагы учак биринчи урунган үй маркум Санжар Осмоновдуку эле. Ал өзү, кош бойлуу жубайы жана үч баласы каза болду. Маркумдун бир тууган агасы Муратбек Токтосунов алардын сөөгүн өлүкканадан алып, бүгүн жайына берди.

​Башына каран түн түшүп, бир учурда алты көрдү каздырып жаткан Токтосунов дагы эле бул каргашага ишене албай, эс-мас абалда турганын айтат.

- Башка пенденин башына салбасын, кырсык айтып келбейт экен. Балдардын башына ушундай иш түштү. Үч баласы бар эле инимдин. Келиним кош бойлуу эле. Учак биринчи эле ушулардын үйүнө түшкөн экен. Күйүп калышыптыр. Бүгүн эртең менен өлүкканадан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин унаасы менен сөөктөрдү үйгө алып келип беришти.

Каза тапкан үй-бүлөгө Сокулук районуна караштуу Манас айылынын мүрзөсүнөн жер берилген.

Бул учак кырсыгынан каза тапкан дагы бир үй-бүлөнүн көрү казылып, алардын сөөгү эртең жерге берилет экен. Ызгаардуу суукта маркумдарга жай казып жаткан балдардын кээ бирин Акын-жазуучулар коомдук фондунун мүчөсү, акын Бурулкан Карагулова Фейсбук аркылуу чогултуп келгенин айтты:

- Биз кечээ ойлондук эмне иш кылып, жардам берсек деп. Анан Өзгөчө кырдаалдар министрлигине чалып, эмне жардам керек дедик. Ал жактан Идирис деген бала “Эже, бизге баары жетет. Миң киши иштеп жатабыз. Болгону көр казганга киши жетпей жатат. 25 жигит жетет го" деди. Мен аларды Фейсбук аркылуу чогултуп, ар кимиси өз унаасы менен келди. Жер катуу экен, казуу мүмкүн эмес экен. Күрөк менен болчудай эмес. Анан айыл өкмөтү жардам берип, экскаватор келип үстүн жумшартып берип, анан балдар казып киришти. Суук болгону үчүн эл өзү эле сураштырып, тамак-аш алып келип берип жатат.

Чоң ата менен небере...

Кырсыктын курмандыгы болгон дагы бир үй-бүлө бүгүн Бишкектин Достук кичирайонунда акыркы сапарга узады. Уул-келинин эки кызы менен кошо колдон учурган чоң ата Шерали Сатыбалдиев кырсыктан аман калган небереси, 1-класстагы Жакшылык менен калды. Өзү батирде турган карыя балдарынын сөөгүн бир тууган агасынын үйүнөн чыгарды.

- Уулум Уларбек 90-жылкы, келиним Акмарал 1991-жылкы. Эки неберем, Сабина, Аида, бири беште, бири экиде эле, ушул... Жакшылык ич кийимчен калыптыр. Кошуналар кийинткен экен. Неберемди бүгүн ооруканадан чыгарып келдим. Сүйлөшө албай койдук. Бир күн мурда меникинде болуп, уулум жумуштан кайтып келе жатып балдарын мектепке барат деп алып кеткен. Уулум 195-маршрутканы айдачу. Келиним балдар менен үйдө эле.

Жакшылык жалгыз калды...
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:59 0:00

​Маркумдарды соңку сапарга узатуу боюнча жапа чеккендерге жергиликтүү бийликтер тарабынан жардам берилери айтылган эле. Шералы Сатыбалдиевдин жээни Икрам Матибалиев азырынча алардын алын деле сураган киши боло электигин, сөөк узатуу зыйнатын коңшу-колоң, урук-туугандын жардамы менен өздөрү уюштурганын айтты.

- Шерали уулу Уланбектин үйүнүн пайдубалы да калган эмес. Эч нерсе жок. Буларга жергиликтүү бийликтен да, өкмөттөн деле жардам боло элек. Азыр Шералынын да үйү жок, батирде турат. Ошондуктан бир тууганын үйүнөн төрт өлүктү чыгардык. Элден айланса болот. Рахмат, эл өзү акча чогултуп, жардам берип жатат. Коңшу, туугандар менен өлүктү узатып жатабыз. Оор абалда турабыз. Өлгөн келин Акмарал кызын кучактап, ошол жерде калган, көзүнө бир нерсе тийген. Уланбектин да сөөгү бүтүн, кулагынан кан агып калган. Эч жери сынгандай эмес. Тумчугуп эле мерт болгон го. Бирок үйү толугу менен жок болгон.

Жакындарын акыркы сапарга узатып жаткандар.
Жакындарын акыркы сапарга узатып жаткандар.

Соңку маалыматтарга караганда, учак кыйрагандан кийин сөөгү табылган 34 адамдын тек-жайы аныкталды.

Алардын ичинен тогузунун сөөгү Бишкекте, он бири Чүйдө, бешөө Нарында, алтоо Ош облусунда, үчөө Жалал-Абадда бүгүн-эртең жерге берилет.

Өкмөттүн убадасы

Өкмөттүн басма сөз кызматы маркумдарды соңку сапарга узатууга жергиликтүү бийлик кол кабыш кыларын билдирүүдө. Мындан тышкары бир жолку материалдык жардам берилери айтылууда. Бирок ушул тапта ал маркумдардын жакындарынын колуна тийе элек. Өкмөттүн басма сөз катчысы Чыңгыз Эсенгулов:

- Президенттен материалдык жардам 100 миң сом, өкмөттөн 70 миң сом каралды. Бул каражатты биздин губернаторлор же инcпекторлор бир беришет. Бүгүн эсеп ачылганына караганда бүгүнтөн тарта берилет го. Жаназадан кийин үй-бүлөсүнө көңүл айтып барган учурда берилет бул акча.

16-январда "Манас" аба бекетинин жанындагы Дача айылына «Боинг 747-400» учагы кулап, акыркы расмий маалыматтар боюнча 38 адам набыт болду. Алардын төртөө түркиялык учактын экипаж мүчөлөрү, калгандар жайкын тургундар. Алардын ичинен 13ү балдар.

Маркумдардын тизмеси
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:17 0:00

Кырсыкка байланыштуу муфтият набыт болгондорду эскерүү боюнча буйрук чыгарды. Ага ылайык, 20-январь күнкү жума намаз учурунда апаатта көз жумгандарга атап куран окулат. Андан тышкары, өлкө аймагында жума намаз окула турган 1221 мечитте жардам кутучулары орнотулат.​

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG