Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:21

Зилалиев: Мамлекет инвесторго кепилдик бериш керек


Кумтөр кени.
Кумтөр кени.

Ысык-Көлдө "Тоо кен тармагына кызыкдар тараптардын кызматташуусун жолго салуу жана чыр-чатактарды азайтуу" деген аталыштагы эки күндүк улуттук конференция өтүүдө.

Өкмөт, тоо-кен компаниялары жана кен чыккан аймактагы жергиликтүү тургундар маңдай-тескей отуруп, бул тармакта биргелешип иштешүүнүн жолдорун, ачык-айкындуулукту камсыз кылууну жана өз ара ишенимди жаратууну талкуулашты.

Тоо-кендеги учурдагы абал тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Дүйшөнбек Зилалиев жооп берди.

“Азаттык”: Көл жээгинде өтүп жаткан конференциянын негизги жыйынтыктары кандай болууда?

Дүйшөнбек Зилалиев: Негизги жыйынтыктарды биз бүгүн, күндүн экинчи жарымында чыгарабыз. Бирок алгачкы жыйынтыгы тууралуу айтсам, башкы максатка жеттик деп айта алам. Баары эле ушундай ойдо калды деп ойлойм.

Кечээ баары каалагандай сүйлөштү, пикирлерин айтышты. Конференциянын максаты – Баткенден тарта Нарынга чейин компаниялардын өкүлдөрү, жетекчилери, активисттери, каршы чыккан тургундардын баары келип, пикир алмашуу болду. Азыркы кырдаалдан кантип чыгабыз, кендерди иштетебизби, же жокпу, кандай шартта иштетиш керек деп талкууладык. Буга байланыштуу сунуштар түштү. Биз ошол сунуштарды резолюцияга кошуп, бүгүн кандайдыр бир жыйынтыкка келебиз.

Эң негизги философия – мамлекет диалогго даяр. Мамлекеттин өз механизмдери, сүйлөшүү үчүн аянтчасы бар. Биз ушуну жолду жаппастан, техниканы өрттөбөй, инвесторлорду сабабай, мунаса табуу жолу менен тил табышуу керек.

“Азаттык”: Өкмөт, жергиликтүү бийликтер бардык жоопкерчиликти инвесторлорго жүктөп койду деген канчалык орундуу? Деги эле инвесторлорго кандай кепилдиктерди камсыздай аласыздар?

Дүйшөнбек Зилалиев: Ушундай ой-пикир айтылды. Бирок ал туура эмес. Инвесторлордун үстүнө баарын жүктөп койгон туура эмес. Бул жерде сөзсүз түрдө мамлекет инвесторлорго кепилдик бериш керек. Мен Мамгеологиянын жетекчиси катары буга жооп берем. Кечээ айттым, буга түздөн-түз жооптуу – жергиликтүү бийлик да, Мамгеология да, өкмөт да жардам бериш керек.

“Азаттык”: Кен казуу тармагында коррупция кеңири жайылгандыктан элдин бийликке ишеними өтө төмөн экени, андыктан чыр-чатактар башаламандыктарга чейин жетип жатканы белгилүү. Сиз жетектеген тармакта ачык-айкын система курууга болот деп ишендире аласызбы?

Дүйшөнбек Зилалиев: Мен буга кепилдик берем. Коомчулукка маалым, эл билет, ишке чыккан биринчи күнү эле эң негизги максат ушул болчу. Өзүңүздөргө белгилүү, мага чейин Мамгеологияда кандай гана жаңжалдар болуп келди. Ошондуктан адегенде ушундай абалдан чыгуу үчүн эмне кылыш керек деп анализдегенде эң негизги жол – лицензиялоо процессинде ачыктык, айкындуулук деп чечтик.

Жаңжалдын баары ушул лицензияга байланыштуу чыгып жатат. Ушунун баарын ачык кылдык. Бүгүнкү күндө лицензия процессинде 3-4 журналист баарын байкап отурушат. Онлайн режимде көп киши баткан залда каалагандар лицензия кантип берилип, чечимдер кантип кабыл алынып жатканын көрүп турат. Каалаган адам ушул жыйындарга катышып, пикирин айта алат.

“Азаттык”: Ушул тапта кен казуу тармагын иштетүүгө 1200дөй лицензия берилип, анын 700дөйү иш процессинде экен. Кыргызстандын кендерин иштетүүгө кызыкдар болгон компаниялар дагы көбөйөт деп күтсөк болобу?

Дүйшөнбек Зилалиев: Сөзсүз. Бул бир гана Мамгеологияга гана эмес, мамлекеттеги абалга да көз каранды. Ишкерлер тынч, туруктуу жерге келишет. Мамлекет тынч болбосо, албетте кооптонуулар да көп болот. Ошондуктан биз бардык шарттарды түзүп, инвесторлорду чакырып жатабыз.

XS
SM
MD
LG