Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Акаевге Берлинде жумуртка ыргытышты


Аскар Акаев Германиядагы жолугушууда сүйлөп жаткан учуру. Солдо кызы Бермет Акаева, оңдо жубайы Майрам Акаева. 9-декабрь, 2017-жыл.
Аскар Акаев Германиядагы жолугушууда сүйлөп жаткан учуру. Солдо кызы Бермет Акаева, оңдо жубайы Майрам Акаева. 9-декабрь, 2017-жыл.

9-декабрда мурдагы президент Аскар Акаевдин Берлиндеги мейманканалардын биринде кыргызстандыктар менен өтө турган жолугушуусу үзгүлтүккө учурады. Иш-чарага келгендердин бири көчөдө ага жумуртка ыргытты.

Кыргызстандын Германиядагы элчилиги "мурдагы президент Аскар Акаевдин мекендештери менен жолугушуусуна жолтоо болду" деген дооматка комментарий бере элек.

Берлинде Аскар Акаев менен мекендештердин жолугушуусун Германиядагы кыргыздардын "KyrgyzClub-Germany" тобу уюштурган жана алар "бул иш-чарада эч кандай саясий кызыкчылык, чакырык жок" деп алдын ала белгилешкен. Уюштуруучулар мурдагы президентти мактап-актап же сындабай, ортодо турушарын, болгону бардык каалоочуларга Аскар Акаевге суроосу болсо, жооп алууга мүмкүнчүлүк түзүп жатышканын билдиришкен.

Программа боюнча суроо-жооп форматындагы жолугушуу үч саатка созулмак. Аскар Акаев анда "XXI кылымдагы илим, техника жана технология" деген темада баяндама жасамак.

Иш-чаранын уюштургандардын бири Бакыт Көбөгөнов жолугушууну​"Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу онлайн көрсөтүп жатты. Анда ал жолугушууну өткөрүүгө элчилик жолтоо болгонун айтты:

- Жолугушуу өтө турган биринчи жай биздин элчиликтин өтүнүчү менен болбой калды. Болгону биз көчөдө, үшүп тургубуз келген жок. Биз ушуну менен экинчи жолу эшикте турабыз. Чогулганга, сүйлөшкөнгө аракет кылып жатабыз. Тилекке каршы, баары үзгүлтүккө учурап жатат. Бирок кандайдыр бир жолун табабыз деп ишенем. Балким чай үстүндө маектешебиз. Мына бул жерде - бизден алысыраак жерде элчиликтин дагы кызматкерлери карап турат.

Видеодон Аскар Акаев жубайы Майрам Акаева, кызы Бермет Акаева болуп ондон ашык кыргызстандыктар менен көчөдө жолукканын, аларды келе жаткан жаңы жылы менен кыскача куттуктаганын көрүүгө болот:

- Жаңы 2018-жыл жакындап калды. Силердин баарыңарга ийгилик, жакшылыктарды каалайм. Баарыңардын үй-бүлөңөрдө бакыт, береке болсун. Биздин мекенибиз Кыргызстанда бийлик алмашканына, жаңы бийлик келгенине кубанычтамын. Жаңы бийликти адамдар жаңы үмүт менен байланыштырат. Кыргызстанда да оң жылыштар болсун. Кыргызстандыктардын жашоосу оңолсун.

​Аскар Акаев каалоо-тилегин айтып кетүүгө камынганда чогулгандардын бирөө ага суроо бергенге аракет кылган, бирок жооп бербей кетип бара жатканда жумуртка менен уруп калган. Видеодон ал бейтааныш жаран менен Акаевдин кызы Бермет Акаева айтышып, Акаеванын сумкасы менен бир-эки жолу чаап калганын да көрүүгө болот.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана Германиядагы элчилик "жолугушууга тоскоолдук жасалды" деген доомат боюнча азырынча комментарий бере элек. Окуя ушул тушта социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат жана анда жумуртка урган кишини колдогондор да, сындагандар да арбын.

Аскар Акаевдин тушунда оппозицияда жүргөн коомдук-саясий ишмер Топчубек Тургуналиевдин пикиринде, Акаев Берлинде туш болгон мамилеге татыктуу:

Топчубек Тургуналиев. 29-октябрь, 2011-жыл.
Топчубек Тургуналиев. 29-октябрь, 2011-жыл.

- Аскар Акаев Кыргызстандын тарыхында алтын тамгалар менен жазылып кала турган мүмкүнчүлүгү бар эле. Бирок ал Кыргызстанды тоноп, сызга отургузуп кетти. Акаев "күнөөлүүмүн, эгер мүмкүн болсо барып элимден тизелеп кечирим сурайт элем" деп бир дагы жолу айткан жок. Эгер келе турган болсо аны самолеттен түшөр замат түз эле түрмөгө отургузуш керек. Ал деген соттолгон да. Германияда иштеп жүргөн балдар абдан туура кылышыптыр.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Равшан Жээнбеков кызматынан кеткен президенттерди алардын тушунда унчукпай жүргөн, кызматта турган адамдардын көбүрөөк, жамандап, каралап жатканын сынга алды: ​

Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

- Ошол эле Акаевди, Бакиевди, Отунбаеваны жамандап жаткандар алар кызматта турганда так көз караштарын айтып, кайсы бир акцияларды өткөргөнгө, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу пикирин айтканга жараган эмес. Алар кеткенден кийин бардыгы эле патриот болуп калып жатат. Азырынча алар Атамбаевге айта алышпайт, анткени андан коркушат. Атамбаев бийликтен толук кеткенден кийин ага да ошондой мамиле кыла башташат. Биз кемчиликтерди бийликте турганда айтышыбыз керек. Ошондо гана мамлекет оңолот. Бийликтен кеткенден кийин айткандын кандай пайдасы бар?

Аскар Акаев 2005-жылы март ыңкылабында бийликтен кулагандан бери четте жүрөт жана өзүн ушул кезге чейин мекендештеринен оолак кармап келген. Соңку күндөрү социалдык тармактарда Москвада ал мекендештеринин иш-чараларына катышканы тууралуу маалыматтар чыккан. Ушундан улам "Акаев Кыргызстанга кайтып келүүнүн жолдорун издеп жатат" деген өңдүү пикирлер да айтыла баштаган.

Аскар Акаев президент катары Кыргызстанды 1991-2005-жылдары башкарган. 2005-жылдын 24-мартында элдик төңкөрүштө бийликтен кулатылган жана Орусияга качкан. Андан бери үй-бүлөсү менен Москвада жашайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG