Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Боорукер адамдар


Айт намаз, Бишкек
Айт намаз, Бишкек

2015-жылы британиялык Charities Aid Foundation фонду Кыргызстанды берешен, кайрымдуу өлкөлөрдүн катарына киргизген.

Фонддун изилдөөсүнө ылайык, калктын 57 пайызы акчалай садака берсе, 53 пайызы бейтааныш адамдарга жардам берген, ал эми көпчүлүк кыргызстандыктар акысыз жардам берүүгө даяр экенин билдиришкен. "Азаттык+" бул жолу кайрымдуулук, берешендик жөнүндө айтып берет.

Ар кандай тагдырга туш болуп интернатта тарбияланып жаткан миңдеген балдар башкалардын көңүлүнө, мээримине муктаж. Мындай балдарды боорукер адамдар көңүлдөн чыгарышпайт. Ар майрам сайын барып, бөбөктөрдү белектерге маарытат. Мына ушундай иш-чараларды өткөрүп жүргөн фонддордун бирин Игорь Беляев жетектейт. Ал ата-энесиз калган балдардын жашоосун жакшы түшүнөт. Себеби, өзү да убагында балдар үйүндө тарбияланган.

Беляевдин фонду быйыл өлкөдөгү ондогон балдар үйлөрүнөн беш жүзгө чукул каалоо-тилек жазылган каттарды чогулткан. Ал каттардагы балдардын кыялдарын орундатууга жөнөкөй адамдар кол сунууда. Азырынча жарымына белек камдалып калды.

Интернет барактарына, социалдык тармактарга көз жүгүртсөң жакырларга, ооруп кыйналгандарга жардам берүүгө чакырган акция, иш-чаралар ондоп саналат. Аларга жардам берүүгө кол сунган боорукер адамдар четтен табылып, улам кубанычтуу окуяларга күбө болуп келебиз.

Кайрымдуулук иштерин ар кандай фонддор, уюмдар ишке ашырат. Бирок ушу күндө ал фонддордун так санын эч ким билбейт. Ар кандай эсептөөлөрдө беш жүздөн ашык деп айтылып жүрөт. Аларды тескеп, көзөмөлдөй турган мамлекеттик орган жок. Мындан улам айрым учурда кайрымдуулукка чогулган каражаттар майнапсыз жумшалып калат. Ал эми мамлекет жардамга муктаждардын базасын түзүп, кайрымдуулук фонддорун бирге иштешүүгө чакырат.

Ишкерлерден түзүлгөн "Ротари клуб" жана Uplift-Aufwind уюму жардамга муктаж, бирок аракетчил, жашоосун оңдоого тырышкан үй-бүлөлөрдү тандап мал сатып беришет. Учурда аталган уюм 70тен ашык үй-бүлөгө саан уй алып берди, алдыда дагы далай үй-бүлөгө кубаныч тартуулайбыз деп турушат.

Балыкчыда гемодиализ аппараты бар бейтапкананын курулуш иштери аяктап калды. Бул курулушка 8 миллион сом каражат кеткен. Толук бүткөндөн кийин өкмөттүн балансына өткөрүлүп берилет. Мындай эл керегине жараган оорукананын болгон чыгымын жеке ишкер Мирлан Исагалиев көтөргөн. Исагалиев кайрымдуулукту модага айлантып, кайрымдуу адамдардын катарын калыңдатуунун самайт. Бул жеке ишкердин биринчи жана акыркы кайрымдуулук иши эмес.

Боорукер адамдар
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:29:15 0:00

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG