Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:24

Финполго табышмактуу Таиров келди


Бакир Таиров
Бакир Таиров

Кыргызстанда жаңы өкмөт бир катар кадрдык жүрүштөрдү жасады. Мурдагы өкмөт кызматтан кетирген айрым жетекчилер кайра дайындалып жатат.

Эл арасында "Финансы полициясы" деген аталыш менен белгилүү Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын башчылыгына Бакир Таиров өткөн аптанын соңунда дайындалды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин дагы бир буйругуна ылайык, Эмил Жамгырчиев жаңы жетекчинин орун басары болуп келди.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматын он күндөй башкарган Болот Сүйүмбаев боюнча талкуулар бүтө электе маанилүү органга бул эки адамдын дайындалышы дароо коомчулуктун көңүлүн бурду.

Сүйүмбаевдин дипломунун чоо-жайы такталды

Сүйүмбаевдин дипломунун чоо-жайы такталды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын жетекчиси Болот Сүйүмбаев иштен бошотулду.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү адамдарынын бири катары таанымал Сүйүмбаев өткөн айда УКМКнын жетекчисинин орун басарлыгынан кеткен. Бирок көп узабай аны ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын башчылыгына дайындаган. Бул кадам президент Сооронбай Жээнбеков менен ошол учурдагы өкмөт башчынын ортосундагы саясий тирешти күчөтүп, Исаковдун премьерликтен кетишинин расмий себеби катары айтылган. Эми бул кызматка Бакир Таиров дайындалып отурат.

Күч органдары боюнча вице-премьер Жеңиш Разаков Таировдун системаны билгени жана тажрыйбасы эске алынганын "Азаттыкка" билдирди:

- Өндүрүштө турган кылмыш иштери абдан көп, 2000ге жакын. Ошолорду аягына чыгарып, натыйжалуу иштөө тапшырылды. Бул кызматтын негизги милдети - коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү. Ошол тармак боюнча тапшырма берилди. Ал эми жетекчинин тажрыйбасы эске алынып дайындалды.

Өкмөт тараткан маалымат боюнча, Бакир Таиров 52 жашта. Эмгек жолун милицияда баштап, ички иштер органдарында эмгектенген. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматына 2006-жылы келип, 2008-жылдан бери бул кызматтын Түштүк аймактары боюнча башкармалыгын жетектеген.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2010-жылдагы апрель ыңкылабынан соң кызматтан бошотулуп, кайрадан ички иштер органдарына өткөн. Мурдагы бийлик учурунда Финансы полициясына эмгектенгени боюнча Таировдун дарегине нааразы болгондор бар. Алардын бири - апрель ыңкылабынан соң Финансы полициясын жетектеген "Жашылдар" партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев:

- Мен Таировду 2010-жылы ыңкылаптан соң дароо бошотком. Анткени ал мурдагы жетекчи Муйбиллаевдин жакын адамдарынын бири болгон. "Бакиевдердин жакыны" деген маалымат бар болчу. Ошондуктан аны кызматтан кетиргем. Эми болсо жаңы кызматка дайындалыптыр. Сегиз жыл ичинде ал оңолгон го, анда? Бирок аны мен айта албайм. Мен президент менен премьер кадр тандоого өтө кылдаттык менен мамиле кылса деп айтаар элем. Анткени ар бир кадрдык дайындоо үчүн алар кийин жоопкерчилик тартышат.

Азыркы бийлик коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү өзүнүн эң негизги милдети экенин айтууда. Ошондуктан бул иште маанилүү деп эсептелген Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын жетекчилигине келген кадрга өзгөчө көңүл бурулуп жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев бул чөйрөгө системаны билген адамдын келишин оң жагынан баалайт. Бирок ал бул кызматтын жоопкерчилиги өзгөчө жогору экенин белгилейт:

Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

- Биринчиден, Таиров бул тармакта жаңы киши эмес. Ал Финансы полициясынан сырткары ИИМдин системасында уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш, аларды каржылоо булактарына бөгөт коюу боюнча бир топ мезгил иштеген. Ошондуктан тажрыйбалуу адам катары мурдагы жетекчилердин кемчилигин кайталабашы керек. Өзунүн кемчиликтеринен да сабак алганы оң. Экинчиден, коррупция менен күрөш жана көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу жаатында ишти күчөтүү зарыл.

Апта соңунда премьер-министр Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын жетекчисинен башка өкмөт аппаратындагы айрым бөлүм башчыларды да алмаштырды. Маселен, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков иштен алган уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Эмил Буcурманкулов кайрадан өз кызматына келди. Мурдагы кызмат орундарына кайра келип жаткан жооптуу кызматкерлер өкмөттө эле эмес, жетекчиси алмашкан дээрлик бардык министрликтерде кездешип жаткан чагы.

Саясий эксперт Эмил Жораев учурда кадрлар боюнча кабыл алынган чечимдер саясий негизде болуп жатат деген пикирде:

- Мындай саясий кадамдга барууга мурдагы жана азыркы президенттин ортосундагы мамиле негиз болуп жатат. Бардык кадрдык дайындоолор кайсы бир экономикалык, реформалык программалардын негизинде жүргөн жок. Бардыгы саясий негизде болуп жатат. Ошондуктан муну так түшүнүп, ошого жараша эмне болоорун күтүп жана баа бериш керек.

Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов болсо азыркы бийлик кадрлардын тажрыйбасы менен катар аларды дайындоонун ачык-айкындыгына маани бериши керек деп эсептейт:

- Мен бардык министрликтер боюнча айта албасам да, УКМКга, ИИМге жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматына тажрыйбалуу адамдар дайындалды. Башкача айтканда, бөлөк-бөтөн жерде иштебеген кадрлар келди. Бул кайсы бир өзгөрүү болот деген үмүттү пайда кылды. Бирок көңүл бурчу бир жагдай бар. Коомчулук "алар эмнени өзгөртөт, кандай жыйынтыкка жетишет" деп күтүп жатат. Бул боюнча ачык-айкын маалымат берилип, бардык суроолорго алар жооп бериши керек.

Кыргызстанда Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган жаңы өкмөт өткөн аптада ишке киришти. Ага чейинки Сапар Исаков жетектеген өкмөттү 19-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары ишеним көрсөтпөө аркылуу кызматтан кетирген эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG