Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:49

Өкмөттүн ишине баа жана сын


Иллюстрация
Иллюстрация

17-апрелде Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы өкмөттүн өткөн жылдагы ишмердиги боюнча отчетун кабыл алып, аны канааттандырарлык деп баалады.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков кызматка келгенде бекитилген “Ишеним жана биримдик” программасынын өткөн жылга белгиленген планы 90% ишке ашканын билдирди.

Өкмөт өткөн жылы экономикада ири өсүшкө өбөлгө түзгөн кандай программаларды ишке ашырды? Эмне үчүн энергетика жана транспорт тармагында алдыга коюлган пландар сынга алынууда? Эмне үчүн инвестициялык программа аткарылган жок?

“Азаттык” радиосу кезектеги “Арай көз чарай” талкуусунда мына ушул маселеге сереп салды.

Талкууга Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Улан Примов жана “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов катышты.

“Азаттык”: Улан мырза, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн 2016-жылдагы планы 90% аткарылды, дээрлик бардык тармакта экономикалык өсүш байкалды деп билдирди. Экономикада ири өсүшкө өбөлгө түзгөн кандай программаларды ишке ашырды?

Өнүктүрүү фондунун күмөн санаткан дымагы

Өнүктүрүү фондунун күмөн санаткан дымагы

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду жаңы стратегиясын жарыялады. Ага ылайык, фонд эсебиндеги Орусия өкмөтү бөлгөн каражаттарды насыя катары таратуудан башка инвестицияларды тартууну максат кылууда. Дарегине бир катар сын айтылып келген фонддун мындай жаңычылдыгынан күмөн санагандар арбын.

Улан Примов: Ооба, парламенттеги башкаруучу коалиция өкмөттүн отчетун жактырды. Себеби, 2016-жылы ички дүң продукциянын өсүш көлөмү 3.8% деп белгиленген чек аткарылды. Өкмөт айлык акы, пенсия сыяктуу корголгон беренелер боюнча социалдык милдеттерди аткарды.

Андан тышкары ЕАЭБга кирүү боюнча алдыга коюлган интеграциялык милдеттерди ишке ашырды. Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду аркылуу 600дөн ашык долбоор жактырылып, 200 миллион доллар менен каржыланды. Энергетика жана транспорт тармагында толук көз карандысыздыкка жетиштик. Алдыда турган мындан башка милдеттерди аткаруу үчүн өкмөт туруктуу иштеши зарыл.

“Азаттык”: Сайдулла мырза, Кыргызстандын ички дүң продукциясынын өсүшү 2016-жылы 3,8 процентти түздү, бул Евразия экономикалык аймагына кирген мамлекеттердин ичинен эң жогорку көрсөткүч деп бааланууда. “Ата Мекен” фракциясынын буга баасы кандай? Экономикалык эң жакшы өсүш кайсы тармакта болду жана анын натыйжасы элдин турмушуна жакшы таасирин тийгизе баштады деп эсептейсизби?

Сайдулла Нышанов: Мен Улан мырзанын Кыргыз-орус фондунун иши боюнча айткан оюна кошула албайм. Анткени бул фонд бардык каалоочуларды каржылаган жери жок. Коомчулукта бул фонд жалаң гана колунда барларды каржылаган фонд болуп калды деген көз караш пайда болду.

Анткен менен өкмөт бир-эки тармакта жылыш жасай албаса да өсүшкө багыт алды. Мисалы, айыл чарбасында лабораториялардын, ветеринардык кызматтын мүмкүнчүлүгүн эки эсеге жакшыртты. Бөлүнгөн бюджеттин көлөмү мурун 300 миллион сом болсо, азыр 700 миллион сомго жетти.

Мамлекет тарабынан алдын ала дарылап, камсыздаган сегиз оору бар. Бул маселе акыркы 25 жылдын ичинде биринчи жолу чечилип, мал толук эмдөөдөн өткөрүлүп жатат.

Кемчилик кредит берүү тармагында болуп жатат. Азыр 9 пайыздык кредит жок. Күрөөсү жок берилген кредиттин көлөмүн жок дегенде 100 миң сомго көтөрүп берүүнү элдин баары суранып жатат. Карапайым элге жеңилдетилген кредит жетпейт. Айыл чарбасында өсүш болду деп айтуу мүмкүн эмес. Кыргызстанга башка жактан арзаныраак жашылча-жемиштер келип жатты. Буга чейин мындай болгон эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG