Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:41

Молдалиев: Саудия менен Дубай компаниялары атаандашууда


Кыргыз зыяратчылары. 2013-жыл.
Кыргыз зыяратчылары. 2013-жыл.

Быйылкы ажылык зыяратка барчуларды ташый турган авиакомпанияга байланыштуу маселе чыкты.

Сауд Арабия Кыргызстан жазында атайын ачык сынак аркылуу тандап алган Fly Dubai компаниясына уруксат бербей өзүнүн Flynas авиакомпаниясын сунуштап жатат. Анын билетинин баасы да 300 долларга кымбат болууда. Бир ай калганда ажылык зыяраттын тегерегинде мындай маселенин чыгуу себеби эмнеде? Ушул жана башка суроолорго Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиев жооп берди.

“Азаттык”: Орозбек мырза, Сауд Арабия аз убакыт калганда авиакомпанияны алмаштырууну сунуштап жатат. Эмнеге мындай жагдай түзүлдү, Кыргызстан авиакомпанияны жазында эле тандап алган эле. Бул маселени эрте караштырса болот беле?

Орозбек Молдалиев: Бул маселени эртерээк эле караштырса болмок. Тендерге ошол Flynas компаниясы катышса болмок. Ал компания документтерин жибергенин айтып жатат. Бирок ал тендердик комиссияга келип түшпөптүр. Бул жерде дагы маселе чыгат. Эгер FlyDubai компаниясынан биздин муфтият баш тарта турган болсо, анда кайра тендер жарыялашы керек. Бул биздин ички мыйзамыбызга дагы туура келбейт. Элчилик дагы Flynas компаниясын ажыларды ташыганга уруксат алсын деп жатат. Компания болсо өзү каттамда бар экенин айтып, ошол жадыбал менен учарын айтып жатат. Ушул талаштан улам биздин ажыларга кыйынчылык жаралды.

“Азаттык”: Азыр билет баасы 300 доллар кымбатташы мүмкүндүгү айтылууда. Ошол эле учурда муфтий баштаган топ Сауд Арабияга барып, билеттин баасын арзандатуу боюнча өз сунуштарыбызды айтабыз деп жатат. Сауд Арабия кыргызстандыктардын өтүнүчүн аткарабы?

Орозбек Молдалиев: Бул жерден биздин муфтият менен Flynas компаниясы сүйлөшкөндө алардын баасы 300 долларга кымбат болуп жатат. Аларды алгандан кийин дагы келишимге кол коймоюнча, дагы башка шарттарды чыгарбайт деген кепилдик жок. Ошондуктан бул маселени жеринде чечип, Ажылык министрлиги, жарандык авиация жана өкмөттүк уюмдар аркылуу сүйлөшүүгө биздин муфтий баштаган топ учуп кетип баратат.

“Азаттык”: Ажылык зыярат бул ыйык парз эмеспи. Ушул максатта бара жаткан адамдарга тоскоолдуктарды жаратуунун өзү эмнени түшүндүрөт? Моралдык жактан алганда буга кандай баа берсе болот?

Орозбек Молдалиев: Бул жерден биз Сауд Арабиянын позициясына кичине нааразы болдук. Муну элчиликке дагы айттык. Тендер жарыялана электе эле мурдараак айтып койбойт же тендерге катышпай, андан кийин бир тараптуу бир эле өздөрүнүн компанияcы ташысын деп койсо болмок. Бизде ажыларды ташый турган компаниянын жоктугун алар жакшы билишет. Тендерге катышпай туруп, бир эле компанияны таңуулаган жери дагы шектүү болуп жатат да. Биздин компаниялардын арасынан тандап алгыла дебей, бир эле Flynas компаниясын сунуштап жатышат. Маселени жеринде чечпесе, элчилик өз алдынча чече албайт экен.

“Азаттык”: Мунун артында коммерциялык кызыкчылыктар жатышы мүмкүн деп айтсак болобу?

Орозбек Молдалиев: Албетте, коммерциялык кызыкчылыктар туруп жатат. Бул Дубай менен Саудиянын компанияларынын ортосундагы атаандаштык болуп жатат.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG