Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:47

Тургуналиев: Гавелдин өмүрү дүйнөгө өрнөк


Топчубек Тургуналиев
Топчубек Тургуналиев

18-декабрда дүйнө салган Чехиянын туңгуч президенти Вацлав Гавелдин бейнеси жана ишмердүүлүгү тууралуу саясий ишмер Топчубек Туйгуналиев ой бөлүштү.

- Чех эли үчүн, деги эле дүйнө эли үчүн Вацлав Гавел деген ким? Анын ишмердүүлүгүнө сиз кандай баа бересиз?

Вацлав Гавел
Вацлав Гавел
- Азабы-тозогу, демократиясы-диктатурасы, шылуундугу-тазалыгы аралаш бул дүйнөнү өзгөрткөн улуу адамдардын бири болгон. Атактуу Вацлав Гавел 70-жылдардан баштап адегенде демократия үчүн хартиянын автору болгон.

Андан кийин 80-жылдарда жарандык жыйын түзүп, Чехословакияны дүйнөлүк социализмден алып чыгып, өз алдынча мамлекет кылуу үчүн күрөшкөн улуу революционер болгон деп атайм.

- 90-жылдардын башында СССРге кирген өлкөлөрдө демократияны колдогондордун агымы башталган. Вацлав Гавелдин коммунисттик доорго каршы күрөшү коңшу СССРдин курамында жашап келген өлкөлөргө, өзгөчө Кыргызстанга кандай таасир берген?

- Албетте, Вацлав Гавел дүйнөлүк атактуу күрөшчүл адамдардын бири болгон соң, ал Советтер Союзу кыйраганда Балтика өлкөлөрүнө, андан кийин Кыргызстанга өзгөчө таасир берген адам. Ал “Париж жазы” аттуу атактуу майрамда, эки жүз миңге чукул адам топтолуп турган чакта, советтик танктар менен аларды бастырганга каршы эбегейсиз чечкиндүү күрөшкөн.

Мамлекеттик бийликти тазалоо, люстрация деген кыймылын баштаган адам. Ал кыймылы кийин Венгрияга, Польшага, Советтер Союзу кыйрагандан кийин башка мамлекеттерге да таркап жатат. Кыргызстанда былтыртан баштап, люстрация боюнча мыйзамдын долбоорун даярдап бердим эле. Тилекке каршы, ушул күнгө чейин ал кабыл алына элек. Муну дагы Вацлав Гавелдин түздөн-түз таасири деп эсептейм.

- Дүйнө коомчулугу Гавелдин 80-жылдардын акырында коммунистик режимдин кулашына жана кансыз согуш доорунда бөлүнүп-жарылган Европанын кайра биригүүсүнө кошкон салымын өзгөчө баалап келет. Ошентсе да эмне үчүн Чехословакияны бир бүтүн өлкө катары сактап кала алган жок? Анткени өлкө бөлүнгөндөн кийин кызматын тапшырбады беле.

- Биринчиден революциянын тынчтык жолун көздөгөн улуу адам. Чехословакиянын курамында Чехия мурдатан эле өнүгүп өскөн жагы болгон. Коммунисттик доордо өзгөчө Словакия тарапка мамлекеттик бюджет аз бөлүнүп, ал тараптан кадрларды даярдоого да көп көңүл бурулган эмес.

Ошондуктан бул Гавелдин кемчилиги эмес. Словактар тынчтык жолу менен Чехословакиянын курамынан чыгабыз дегенде, бир ок атылган эмес. Бир жерде мушташ болгон эмес. Чехословакиянын тынчтык жолу менен бөлүнүшүнө мүмкүнчүлүк түзгөн Гавел - дүйнө үчүн үлгү.

XS
SM
MD
LG