Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:44

Эл деген чоң эттенбейт


Кыргызстандын аткаминерлери дене-боюна карайбы, дене тарбиясы менен машыгуу үлгүсүн көрсөтөбү? Мамлекет жетекчилеринин, чиновниктердин жаштарды спортко тартууда ролу кандай?

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухамедов өз өлкөсүндө велоспортту өнүктүрүү үчүн өзү баш болуп, мамлекеттик кызматкерлерди төш кылып, шаар аралай велосипед тепти. Коомчулукта бул курсактуу чиновниктердин арыкташына жакшы жөрөлгө экени айтыла баштады. Буга чейин Орусиянын Пенза облусунун губернатору чиновниктерге арыктагыла деп буйрук берген эле.

"Арай көз чарай" талкуусуна коомдук жана мамлекеттик ишмер Кемелбек Ашыралиев, Дене тарбия жана спорт агенттигинин мурдагы төрагасы, Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун жетекчиси Алмаз Касенов катышты.

“Азаттык”: Кыргызда мурда тамаша-чыны аралаш чоң курсакты “авторитет” деп коюшчу, азырчы?

Кемелбек Ашыралиев: Илгери ошондой айтылчу, курсагы чоң болсо келбеттүү экен дешчү. Мындай караганда адамдын келбеттүүлүгү курсагынан билинбейт.

Сурамжылоодо “акылдуу эле болсо болду, курсагы чыга берсин” деп жатышпайбы. Акылдуу адам эч качан курсагын чыгарбайт. Эгер акылдуу киши жетекчи болсо ал дене боюн, жүргөн-турганын, кийингенин, сүйлөп, элге мамиле кылышты билет, үлгү да болот. Ошону акылдуу, төрт жагынан төп келген деп койсо болот.

Алмаз Касенов: Албетте чиновниктер өздөрүн карап жүрүшү керек. Алар кызматтагы кишилер, эл алдында жүрөт. Эл аларды дайыма сындайт. Эгер ал ишин да мыкты жасап, өзүн сындуу, тыкан, шайдоот алып жүрсө элге да жагат. Акылдуу болуп, бирок курсагы чыгып, басалбай отурса элди кантип башкарат?

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:

please wait

No media source currently available

0:00 0:12:05 0:00
Түз линк


please wait

No media source currently available

0:00 0:11:51 0:00
Түз линк


“Азаттык”: Мамлекет жетекчилеринин, чиновниктердин жаштарды спортко тартууда ролу кандай? Мисалы, акыркы кезде жаштар арасында популярдуу болуп жаткан велоспортту, ат спортун пропагандалап, өзү үлгү көрсөтсө болобу?

Алмаз Касенов: Албетте кээ бир жетекчилер үлгү болуп, өзү да тыкан жүрөт. Кээ бири чындыгында өзүнө көңүл бурбайт. Президент же премьер-министр тарабынан токтом чыгып, же буйрук берилиши керек. Ар бир министрликтин, администрациянын жобосуна "жетекчи өз жамаатынын ден соолугуна жоопкерчиликтүү" деген өзгөртүү киргизиш керек.

Кемелбек Ашыралиев: Этиң толуп, курсак байлай баштагандан кийин адам ыкшоо болот. Уйкусу келип, кыймылдагысы келбей, отуруп эле калат. Курсак канчалык чоңойгон сайын май тамакты көп талап кыла баштайт.

Жетекчи бардык жагынан үлгү болушу керек. Анын бала-бакырасы, аялы баш болуп үлгү болушу керек. Мисалы, Владимир Путинди алалы, анын айлана-чөйрөсүндө бир дагы толук кишини көрбөйсүң. Айтпаса да, буйрук бербесе да өзү үлгү болуп жатпайбы.

Мисалы, бизде дарыгерлер тамеки чекпе, арак ичпе дешет. Бирок өздөрү өлгөнчө арак ичип, тамеки тартат. Арыктагыла дейт, бирок костюмуна батпай турат. Ошондуктан канча айтса да өзү үлгү болбосо, башкага да жукпайт.

XS
SM
MD
LG