Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:21

Үшүккө чалынгандар көбөйдү


Быйылкы катуу суукта буту-колун үшүккө алдыргандар ооруканага көп түшүп жатат. Суукка тоңуп өлгөндөрдүн саны да жылдагыдан көп болууда. Алардын көпчүлүгү үй-жайсыз, көчөдө калгандар.

Кыш мезгилинде сууктан жабыркагандар жылда эле катталат. Бирок быйылкы катуу суук үшүккө кабылгандардын, мерт болуп калгандардын да санын көбөйттү. Айрыкча көчөдө калгандар көп жабыркап жатат.

Кыш башталгандан бери Бишкек шаардык Травматология, илим изилдөө борборунун күйүк бөлүмүнө үй-жайсыз 35 киши кайрылса, анын он үчүнүн өмүрүн догдурлар сактай албай калышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган бөлүмдүн башчысы Кандөөлөт Сарбанова айтып берди:

- Ошол үй-жайсыз 35 кишинин тогузу азыр бул жерде жатат. Булардын бешөөнүн бутунун манжаларын кестик. Анткени 4-даражадагы жарат болуп кетиптир. Бүгүнкү күнгө чейин көчөдө калгандардын ичинен 13ү каза тапты.

Ушул тапта бул ооруканада эки бутун бирдей суукка алдырып жиберген 38 жаштагы Бахтияр жатат. Ичкиликтин айынан ал кычыраган суукта узак убакыт эшикте жатып калган. Анын айынан үшүп кеткен манжаларын таманы менен кошуп кесүүгө туура келиптир.

- Бутумдан эки жолу операция болдум, эми үчүнчү операция жасаганы жатышат. Биринчи кар түшкөндө көчөдө мас болуп, 6-7 саат уктап калыптырмын. Бутум катуу ооруганынан тез жардам чакырып, бул жерге келдим. Бутумдун эки манжасын жана таманымды кесишти.

Дарыгердин айтымында, үй-жайсыздардын көпчүлүгү ичкиликтин күүсү менен жүрө берип, ооруканага дарты өтүшүп кеткенде кайрылып жатышат:

- Ооруканага бир үй-жайсыз адам түштү, манжалары өзүнөн-өзү үзүлүп, муундарынан ажырай баштаптыр. Аны эки күн даярдап, операцияга алып кирип, тазаладык.

Дагы бир бейтап Анна Чернова от жагылбаган батирде жатып, эки бутун үшүккө алдырыптыр. Өзү менен чогуу жашаган күйөөсү үшүктүн айынан бир нече күн мурда ооруканада мерт болуптур:

- 4-декабрда эки бутумду үшүккө алдырып алдым. 3 сутка жылытылбаган үйдө калганбыз. Анан батирдин кожоюну тез жардам чакырып, бизди ооруканага жеткиришти. Жолдошум тоңуп калыптыр, ооруканага келгенден кийин каза болду. Азыр мага операция жасай элек. Дарыгерлер бутума операция жасап, манжаларымды кесээрин айтышты.

Ушундай жагдайга кирептер болбош үчүн адам өзүн-өзү сакташы керек экендигин адистер эскертип жатышат.

Кыргыз метеорология борбору декабр айынын этегинен январ айынын биринчи жарымына чейин 22-25 градуска чейин суук болорун болжолдоп жатат. Бул тууралуу Борбордун метеорология көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Магбубар Касымова “Азаттыкка” билдирди.

Ал эми дарыгер Кандөөлөт Сарбанова жарандарга мындай кеңешин берди:

- Эгерде бут кийим, үстүнө кийген кийимдери ным болсо, же бут кийим тар болсо, тез үшүк алат. Ошондой эле адам ачка болсо жана башка оорулары болсо тез үшүк алат. Азыр айрыкча суук убакта ар бир адам көчөгө көп чыкпай, өзүн-өзү карап, сакташ керек.

"Азаттыктын" тасмасы: Ичики-и-й... Үшүп атабыз

Ушул күндөрү Кыргызстанда өзгөчө суук аба ырайы өкүм сүрүүдө. Мындай учурда шаардын четинде орун алган жаңы конуштардын тургундары жылынуунун ар амалын издешүүдө. JAk/AlA

Ичики-и-й... Үшүп атабыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:25 0:00
XS
SM
MD
LG