Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Чет жерден качкын макамын сурагандар көбөйдү


Азербайжандагы качкындар лагеринин тургундары - 08.04.2014
Азербайжандагы качкындар лагеринин тургундары - 08.04.2014

2013-жылы 476 кыргызстандык чет өлкөдөн качкын макамын сурап кайрылган. Бул маалымат БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссариатынын жаңы баяндамасында көрсөтүлгөн.

АКШ жана Канададан качкын макамын сурап арыз берген кыргыз жарандарынын саны 2013-жылы 418 адамды түздү. Ал эми Польшадан 53, Лихтенштейнден 5 кыргызстандык качкын макамын сурап кайрылган. Бул тууралуу БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссариатынын дүйнөлүк жаңы баяндамасында айтылат. Коомдук ишмер Эдил Байсаловдун пикиринде, качкын макамын алуу үчүн Кыргызстандагы саясий же башка абалды жүйө келтирип даттана турган жагдайлар жок эмес.

- Кыргызстанда адилеттүү сот жок. Алар саясий заказ менен чечим кабыл алат деп Бакиевдин үй-бүлөсүнүн жана анын тегерегиндеги 100-200 адам 2010-жылдан кийин көчүп кетпеди беле. Мындан тышкары, 2010-жылдагы кандуу окуялардан кийин “Кыргызстанда башка улуттагы жарандарга каршы куугунтук, зордук-зомбулук бар” деп дүйнөлүк прессада көп жазылган. Каалайбызбы, каалабайбызбы, качкын макамын сурап кайрылгандар даттанып, айта турган объективдүү себептер Кыргызстанда жок эмес.
Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов өзү да 2007-жылы Бакиев мезгилинде саясий куугунтуктун курмандыгы болуп, чет өлкөдөн башпаанек суроого мажбур болгон. Ал Кыргызстанга 2010-жылы Апрель окуясынан кийин гана кайтып келген. 2010-жылга чейин ондогон журналисттер, саясатчылар жана жарандык активисттер чет өлкөдөн башпаанек суроого аргасыз болгон. Бирок эксперттер жана укук коргоочулар азыр ал кездегидей Кыргызстанда саясий куугунтук жок экенин белгилөөдө.

Ал эми “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдирасулова баяндамадагы сандар боюнча буларга токтолду:

- 2013-жылы Кыргызстандан 476 адам чыгып кете тургандай оор окуя болгон жок. БУУнун Адам укуктары боюнча комитети бар. Кыргызстан ошого он жылдан бери отчёт тапшыра элек болчу. Аны ар төрт жылда тапшыруу керек эле. Бул ошол эки отчёттун аралыгындагы сан болушу мүмкүн.

Качкындарбы же мигранттарбы?

Ошол эле кезде качкын макамын АКШ, Канадага жана Батыш мамлекеттерине иштегени барган эмгек мигранттары түрдүү шылтоолор менен пайдаланып жаткандыктан, анын саны жогору болууда деген пикирлер бар. Коомдук ишмер Эдил Байсалов экономикалык кызыкчылыктардан улам ар кандай шылтоо ойлоп таап, өнүккөн мамлекеттерде качкын болуп калууну каалагандар көп экенин айтты:

- Жарандарыбыз кандайдыр бир себебин таап, ошол жакта калып калалы дешет. Же убактылуу болсо да иштеп алалы деген кыргыз, өзбек жана орус улутундагы Кыргызстандын жарандары бар. Андай ондогон адамдарды мен өзүм да көргөм.

Өнүккөн мамлекеттерде качкын макамын сурагандарга жана алгандарга бир катар жеңилдик жана жардам берилет. Мурдагы акыйкатчы жана укук коргоочу Турсунбек Акун качкын макамын жакшы турмуш үчүн пайдалангандар буга чейин да болуп келгенин эске салды:
Турсунбек Акун.
Турсунбек Акун.
- 2000-жылдардын башында Акаевдин маалында “Ар-Намыс” партиясындабыз, куугунтукталып жатабыз” деп ондогон адамдар качкын макамын алышкан. Ошондо бул бизнес өңдүү болуп кеткен.

Ошол эле кезде “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдирасулова качкын макамын алуу оңой-олтоң иш эмес экенин, ар бир эле арыз берген адамдын өтүнүчү канааттандырылбасын айтты:

- Качкын макамын жөн эле берип койбойт. Аны иликтейт, сурайт, өтө кылдат кесипкөй адистер текшерет. Чындап эле ал өз өлкөсүндө куугунтукка кабылып жатабы деп катуу карайт.

Салыштыруу үчүн айта кетсек, БУУнун баяндамасында 2013-жылы кошуна Казакстандан 98, ал эми Өзбекстандан 520 адам качкын макамын сурап кайрылган. Турсунбек Акун Өзбекстан жана Казакстанга караганда эркин жана демократиялуу деп эсептелген Кыргызстандан 479 адам качкын макамын сурады деген маалымат өлкөнүн аброюн түшүрөт деп эсептейт.

- Өзбекстан менен Казакстан бири-бирине окшош эле саясий режимде. Казакстан анча-мынча демократиялуу, бирок чын-чынына келгенде экөө тең авторитардык-диктатордук режимдер. Бизде кандай болгон күндө да жакшы. Бакиев учурундагыдай буйрук менен адам өлтүрүү токтогон.

Аталган баяндамада 2013-жылы жарандары эң көп качкын макамын сурап кайрылган мамлекет деп Сирия таанылган. Буга чейин Ооганстан башкы сапта туруп келсе, ал үчүнчү орунга жылган. Ал эми экинчи орунду Орусия ээлеген. Дүйнө боюнча качкындар негизинен дүйнөнүн өнүккөн алдыңкы кырк өлкөсүнөн качкын макамын сурашкан.

XS
SM
MD
LG