Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:36

Аскаровдун иши кайра тергелет


Азимжан Аскаров.
Азимжан Аскаров.

Бишкектин Октябрь райондук соту абактагы укук коргоочу Азимжан Аскаровдун адвокаты Валерьян Вахидовдун арызын канааттандырды.

Сот чечимине ылайык, Башкы прокуратурадагы Аскаров боюнча тергөө тобу ишин кайра башташы керек. Азимжан Аскаров айыпталып жаткан иштеги жабырлануучулар сот чечимине нааразы.

2010-жылкы июнь коогалаңында башаламандык уюштурган, милиционерди өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун ишин кайра тергөөнү “Бир дүйнө –Кыргызстан” кыймылы өтүнүп, мурда Башкы прокуратурага кайрылган. Аталган кыймылдын арызынын негизинде укук коргоочунун ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра тергөөчү топ түзүлгөн. Быйыл февраль айында Башкы прокурордун орун басары Людмила Усманова тергөөнү токтотуу тууралуу токтом чыгарган эле. Азимжан Аскаровдун адвокаты аталган токтомду жокко чыгаруу өтүнүчү менен Октябрь райондук сотуна кайрылып, сот бүгүнкү чечими менен адвокаттын өтүнүчүн канааттандырды.

“Бир дүйнө - Кыргызстан” кыймылынын жетекчиси Төлөйкан Исмаилова Азимжан Аскаровдун иши кайрадан иликтенсе, акыйкаттык болот деген ишенимде:
Азимжан Аскаровго каршы өткөн акция. 29-ноябрь, 2011-жыл.
Азимжан Аскаровго каршы өткөн акция. 29-ноябрь, 2011-жыл.
- Бул чечим акыйкаттыкка, адилеттүү Кыргызстанга жол ачат. Эгерде кайра изилдеп-иликтенүүчү иш улуттук стратегия боюнча иштесе, анда келечекте мыйзамдуулук, адилеттик Кыргызстанда орнойт.

Укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылы 13-июнда Базар-Коргондо улут аралык чатакка жана Базар-Коргон РИИБдө иштеген милиционер Мыктыбек Сулаймановду өлтүрүүгө катышы бар деп айыпталып, Базар-Коргон райондук соту тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган. Ошол коогада киши колдуу болгон Мыктыбек Сулаймановдун жубайы Чынара Бечелова Октябрь райондук сотунун бүгүнкү чечимине нааразы экендигин билдирип, бийлик Аскаровду эптеп актоого бара жатат деген пикирин “Азаттыкка” билдирди:

- Жогорку Соттун чечими кайра башынан каралбайт, даттанууга жатпайт деген мыйзам кайда анда? Мамлекет эмне анчалык эле Аскаровго жан тартып жатканы түшүнүксүз. Жаңы жагдайлар болсо, алар эмне үчүн облустук сотто, Жогорку Сотто айтылган жок? Эми төрт жыл өткөндөн кийин ушул жаңы жагдайлар кайдан келип чыгат?

Чынара Бечелованын айтуусунда жабырлануучулар соттун бүгүнкү чечимин жокко чыгаруу үчүн кескин аракеттерге барууга даяр.

Укук коргоочулар Азимжан Аскаров 2010-жылы 15-сентябрда камакка алынгандан кийин кыйноого кабылып, анын күнөөсүн далилдеген көрсөтмөлөр кыйноо жолу менен алынган деп белгилеп келишкен. Бирок Жогорку Сот Аскаровго карата кыйноо фактылары катталбаганын билдирген.

Кыргызстандын акыйкатчысы Бакыт Аманбаев Октябрь райондук сотунун чечимине кийлигише албасын айтты:
Бакыт Аманбаев.
Бакыт Аманбаев.
- Кыргызстанда сот бийлиги - көз карандысыз бийлик. Соттун чечими акыркы чечим. Мен акыйкатчы катары соттун чечимине кийлигишүүгө акым жок.

Укук коргоочу Азимжан Аскаров 2011-жылы 20-декабрда Жогорку Сот тарабынан өмүр бою абакта калтырылгандан бери бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар анын ишин кайра тергөөнү талап кылып келет.

2010-жылкы июнь коогасына быйыл төрт жыл болот. Бул аралыкта коогалаңды уюштурууга, анда башаламандык кылып, адам өлтүрүүгө катышы бар деген айып менен ондогон кишилер соттолду. Бирок ошол кандуу окуянын чыгып кетүүсүнө, карапайым эки элдин бири-биринин канын төгүүсүнө тиешеси, күнөөсү бар делип бир да мамлекеттик кызматкер жоопко тартылбаганы өкүнүчтүү деген пикирин медиа-эксперт Максуда Айтиева “Азаттыкка” билдирди:

- Улут аралык жаңжал чыгып, өлкөдө өтө кооптуу кырдаал түзүлдү. Ал үчүн бийликте жоопкерчиликтүү адамдар бар да. Мына ошол адамдар июнь коогасы үчүн эч кандай жоопкерчиликке тартылган жок.

2010-жылдын 10-июнунун кечинде Ош шаарында кыргыз-өзбек улуттарынын ортосунда тутанган жаңжал улут аралык чоң чатакка айланып, 13-июнда Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон райондоруна чейин жайылган. Бир жумага созулган жаңжалда эки тараптан 400дөн ашык адам мерт кетип, ондогон адамдар дарексиз жоголгон.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG