Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:22

Адистер Кыргызстандын жабык жайларында шектүү жана айыпкерлердин өз жанын кыйган фактыларын азайтуу үчүн анын себептери менен күрөшүүнү сунушташат.

Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүндө мейманканага өрт койгон деген шек менен кармалган адам өз жанын кыйды. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын 9-январдагы маалыматына ылайык, ал бут кийиминин боосуна асынып алган. Факты боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат.

Жабык жайларда өз жанын кыйган окуя биринчи жолу катталып жаткан жок. Былтыр Чүйдөгү №31 түзөтүү колониясындагы айыпкер да жанын кыйган. Ушул маселеде укук коргоочу Абдуназар Маматисламов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Жабык жайларда өз жанын кыйган окуялардын катталып жатканынан улам Кыргызстандагы органдарда шектүүлөрдү же айыпкерлерди кармоо эрежелери чабал деп айтууга негиз барбы?

Маматисламов: Албетте, негиз бар. Cебеби, жарандар өз каалоосу менен абакка, убактылуу кармоочу жайга барып отуруп алган жок да. Алар кармалган учурдан тарта коопсуздугу үчүн мамлекет жооп бериши керек. Башкача айтканда, күч органдарынын кызматкерлери тикелей жооптуу. Жабык жайда адамдын оюна ар нерсе келет, андыктан киши өзүн асып алуусуна эч кандай шарт болбошу керек.

Колго түшкөн адамды Убактылуу кармоочу жайга киргизип жатканда бут кийиминин боосун, шымынын курун жана башка ушул сыяктуу буюмдарын милиционерлер алып коюуга тийиш. Эреже ошондой. Убактылуу кармоочу жайдагы кишилердин баары кылмышкер эмес. Күнөөлөрү далилдене элек болгондуктан, айыбы жоктор намыстанып ар кандай жаман ойлорго барышы ыктымал.

“Азаттык”: Камакта отургандарды көзөмөлдөп отурган кызматкердин кандай милдет жана жоопкерчилиги бар?

Маматисламов: Бул жаатта күч органдарынын өзүнүн ички эрежелери бар. Жооптуу кызматкер кайсыл камерадагы шектүүнүн же айыпкердин абалы кандай экенине байкоо салып турууга милдеттүү. Ал тургай кимдин оюнда эмне бар экенин билгенге аракет кылса, мындай кейиштүү окуялар болбойт.

“Азаттык”: Жети-Өгүздөгү милиция бөлүмүндө шектүү бут кийиминин боосуна асынып алганы иликтенип жатат. 2016-жылы Чүйдөгү №31 түзөтүү колониясында бир айыпкер футболкасына муунуп жанын кыйган эле. Ушундай окуяларды болтурбоонун, коопсуздукту күчөтүүнүн кандай жолдорун сунуштай аласыз?

Маматисламов: Мындай окуялардын көбү адилетсиздиктен келип чыгат. Камактагылардын арасында жөн жерден отурганы бар же болбосо жасаган кылмышына жараша эмес, оор жаза алып калган болушу ыктымал. Адам жөн жерден жанын кыйбайт да. Орган кызматкерлери шектүүнү кармаганда анын мойнуна башка да кылмыштарды илгенге аракет кылган учурларды көрүп жүрбөйбүзбү. Күнөөсүз экенин далилдегенге алсыз.

Адамдардын психикалык абалы ар түрдүү. Кээ бирлер зордук менен күнөөнү мойнуна алып, “эми элдин көзүн кантип карайм?” деп ойлонуп, жанынан кечиши мүмкүн. Айрымдар кылмыш жасаганы чын болсо да, камалып калганына намыстанып өлүмгө бет алат.

“Азаттык”: Демек, мында орган кызматкерлеринин гана эмес, жабык жайларда психологдордун иши маанилүү. Кыргызстанда жабык жайларда психологдор иштейби?

Маматисламов: Убактылуу кармоочу жайларда жок, бирок жаза өтөөчү мекемелерде бар. Шектүүлөр менен иштеген милиционерлер, тергөөчүлөр, оперлер өзү да психолог болушу керек. Анткени, алар ар кандай адамдар менен иштейт.

“Азаттык”: Жабык жайлардагы камераларга видеокөзөмөл орнотуу маселени чечиши мүмкүнбү?

Маматисламов: Азыр абактардагы коридордо видеокамералар бар. Бөлмөлөргө орнотуп чыгуу жагын билбейм. Аны эртеден кечке ким тиктеп отурмак эле. Ошентсе да бул ыкма абалды бир аз жеңилдетиши мүмкүн. Бирок мындай жагдайлардын кесепети менен эмес, себептери менен күрөшүү оң натыйжа берет. Андыктан шектүү же айыпкерди жанынан кечүүгө негиз берип жаткан себептерди билгенге аракет кылсак жакшы болмок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG